Ислам дини » Намаз » Сүннөт менен фарздын арасында сүйлөө




Сүннөт менен фарздын арасында сүйлөө


Суроо: Сүннөт менен фарздын же фарз менен сүннөттүн арасында сүйлөө, саламдашуу, дуба кылуу, таспих тартуу, Куран окуу бидатпы?

Багымдат намазынын сүннөтүн үйүндө окуп келген адам мечитте таспихин алып, калима-и тавхид же салават-и шарифа окуса же сүйлөсө эмне болот?

Жооп

Меракыл-фалах китебинин Тахтави хашийасынын котормосу болгон Нимат-и Ислам китебинин "Нафил Намаздары” бөлүмүндө мындай деп айтылат:

"Фарз менен сүннөт же сүннөт менен фарздын арасында сүйлөө сүннөттү жокко чыгарбайт. Бирок, сүннөттүн сообун азайтат. Эсах (эң туура) болгон кавилде болсо сүннөттү кайра окуу керек. Ар түрлүү дуба дагы сүйлөө сыяктуу.”

Жогоруда айтылгандар Дурр-ул-мухтар китебинде дагы бар. Эсах болгон кавил сүннөт кабыл болбойт, мурдагы сүннөттү кайра окуу керек. Бул маселе Дурр-ул-мухтар китебинин арапча түп нускасынын 457-чи, айрым басылмаларында 711-чи бетинде жазылган.

Ибни Абидин хазреттери Дурр-ул-мухтар китебиндеги ал маселенин түшүндүрмөсүндө ар түрлүү окуулар дагы бул өкүмгө жатат деп билдирди.

Андай болсо сүннөт менен фарздын арасында дуба, сүрө же үч Ихлас окубаш керек. Айрыкча, муну көнүмүш адат кылып алуу бидат болуп саналат. Ибадаттарга кошумча кылуу динди өзгөртүү болот. Хадиси шарифте: "Ибадаттарды биз сыяктуу кылбагандар бизден эмес”, - деп билдирилди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кандай кылган болсо, мазхабыбыз муну кандай билдирген болсо ошондой ибадат кылынат. "Муну дагы кылалы, аны дагы кошумча кылалы” деп айтуу динде реформа жасагандык болот. Эч качан жаиз болбойт. Сүннөт менен фарздын арасында бир нерсе окуунун сүннөттү жокко чыгара тургандыгы Бахр-ур-раик китебинде да жазылган.

Багымдат намазын үйүндө окуп келген адам мечитке келгенде сүйлөбөйт, үнүн чыгарып бир нерсе окубайт. Эриндерин кыймылдатпай ичинен калима-и тавхид окуса болот же тафаккур кылат. Эгер каза намазы бар болсо каза намазын окуйт. Курани карим окулуп жаткан болсо тыңдап отурат.

Мечитте сүннөттү окуп, фарзды күтүп жатканда сырттан кирип келген адамдын саламына жооп берүү да сүннөт менен фарздын арасында бир нерсе окуу же сүйлөө сыяктуу сүннөттүн сообун жок кылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш