Суроо: Намаз окуп жатканда рукундарда каерди кароо керек?
ЖООП
Кыямда жана кавмада сажда кыла турчу жерди, рукуда
буттардын учун, жалсада жана ташаххудда тизелерди, саждада мурдунун эки жагын,
салам берип жатканда далынын учтарын кароо керек. Булар мустахаб. Билдирилген
жерлерди карабаган болсо намаз макрух болбойт, мустахаб сообунан куру калабыз.
Мустахабды таштап коюу макрух эмес хилаф-ы авла болот. Б.а., мустахабды
кылбаган адам сообунан куру калат. Намазда көздөрдү жумуу – танзихан макрух.
Бирок, көңүл дыкатым чачырабасын деп жумуу макрух болбойт. Саждада көздөрдү жумбаш
керек.
Кыйам: Тике туруу.
Кавма: Рукудан турганда тике туруу.
Жалса: Эки сажда ортосунда отуруу.