Ислам дини » Намаз » Жума намазы кантип окулат




Жума намазы кантип окулат


Суроо: Жума намазы канча рекет жана кантип окулат?

ЖООП

Жума күнү 16 рекет намаз окулат. [Булардын эки рекети парз. Бешим намазынан дагы кубаттуу парз.] Булар ирети менен мындай:

1- Алгач Жуманын төрт рекеттик алгачкы сүннөтү окулат. Бул сүннөт бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат. Кийин мечит ичинде экинчи азан жана хутба окулат. Хутба окулгандан кийин камат окулуп жамаат менен Жума намазынын эки рекеттик парзы окулат.

2- Жума намазынын парзы окулгандан кийин төрт рекеттик соңку сүннөтү окулат. Бул сүннөт бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат.

3- Мындан кийин «Убагына үлгүрүп окуй албаган акыркы бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылып, бешим намазынын парзы сыяктуу зухр-и ахир делген бир намаз окулат.

4- Кийин багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет бешимдин сүннөтү окулат. Мындан кийин Аятал курси жана таспихтер окулуп, дуба кылынат.

Жума намазын окууда

Суроо: Жума намазынын сүннөттөрүн окуп жатканда казасын окууга кантип ниет кылынат?

ЖООП

Жуманын алгачкы сүннөтүн окуп жатканда «Жуманын алгачкы сүннөтүн жана алгачкы казага калган бешим [асыр же куптан] намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат. Жуманын парзынан кийин 10 рекет намаз окулат. Мунун алгачкы төрт рекетин окуп жатканда «Жуманын акыркы сүннөтүн жана алгачкы казага калган бешим [асыр же куптан] намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат. Экинчи төрт рекетин окуп жатканда «Маалына үлгүрүп окуй албай калган акыркы бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат жана парз сыяктуу окулат. Бул зухр-и ахир намазы деп аталат, муну сөзсүз окуу керек. Жума намазы кабыл болбосо бул намаз ал күндүн бешим намазынын ордуна өтөт. Кийин дагы эки рекет окулат, буга дагы «Убакыттын акыркы сүннөтүн жана алгачкы казага калган багымдат намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш