Ислам дини » Намаз » Отургучта намаз




Отургучта намаз


Суроо: Бир нече мечиттерде отургучтар, табуреткалар коюлган. Буларга отуруп намаз окугандар: «Динде жеңилдик бар болгондугу, кыйынчылык жок болгондугу үчүн отургучта отуруп намаз окуп жатабыз», - дешүүдө. Бул туурабы?

ЖООП

Туура эмес. Динде кыйынчылык жок деген сөз «Силерге кыйын болгон ибадаттарды орундабагыла же бул ибадаттарды каалаганыңардай кылып өзгөрткүлө» дегендикке жатпайт. Албетте, динибиз уруксат берген нерселерди пайдаланууга болот. Мечитке чейин келген адам жерге да отура алат. Сажда кыла албаса буттарын кыбылага узатып има (аз ийилүү) менен намазын окуйт. Же отургучта отуруп буттарын башка бир отургучтун үстүнө койсо болот.

Дин китептеринде мындай делет:

«Өйдө тура албаган адам же жабыркаган, башы айланган адам парздарды да сажда кылган жерде отуруп окуйт. Руку үчүн ийилет. Сажда үчүн башын жерге коет. Дубалга, жөлөккө, адамга таянып бираз өйдө тура алган адам өйдө турган абалда такбир алуусу жана ошончолук өйдө туруп окуусу парз. Сажда үчүн жерге ийиле албаган оорулуу адам 25 сантиметрден бийик болбогон катуу бир нерсенин үстүнө сажда кылат. Маңдайында жарасы бар адам бир гана мурду менен, ал эми мурдунда жарасы бар адам бир гана маңдайы менен сажда кылат. Экөөндө тең оору жарасы бар адам, башын жерге же ушундай катуу нерсеге кое албаган адам өйдө тура алса дагы жерге отуруп има менен окуйт. Б.а., руку үчүн бираз ийилет. Сажда үчүн рукудан да көбүрөөк ийилет. Сажда үчүн өзү же башка бири жерден бир нерсе көтөрүп, жүзүн мунун үстүнөө койуусу – тахриман макрух. »

Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» бир оорулууну зыярат кылды. Бул кишинин колу менен жаздыкты көтөрүп, анын үстүнө сажда кылгандыгын көргөндө жаздыкты алды. Оорулуу адам отунду көтөрүп мунун үстүнө сажда кылды. Отунду да алды да: «Күчүң жетсе жерге сажда кыл! Жерге ийиле албасаң жүзүңө бир нерсени көтөрүп мунун үстүнө сажда кылба! Има кылып жана саждада рукудан да көбүрөөк ийил!» - деп буюрду. (Фатхул-кадир, Меракыл фалах, Халеби, Мажмаул-анхур)

Бир мүчөсүндөгү оорудан улам ылайыктап отура албаган адам каалаганындай отурат. Отура алуу үчүн буттарын кыбылага карата узата алат. Бир жерин жаздыкка же башка бир нерсеге жөлөйт. Же бирөө аны кармап жыгылуусуна кедерги болот. Бийик бир нерсенин үстүнө отуруп, има менен окуусу жаиз эмес.

[Отургучта отуруп окуган адамдын намазы кабыл болбойт. Себеби, отургучта отуруу үчүн зарылчылык жок. Отургучта отура алган адам жерде да отура алат же жерде отура алган адамдын жерде отуруп окуусу керек. Намаздан кийин жерден өйдө тура албаган адам, отургучтан болсо жеңил турган оорулуу адамды жерден бирөө тургузат. Же кыбылага караган бир керебетте буттарын салаңдатпастан отуруп окуйт. Намаздан кийин буттарын керебеттин бир жагына салаңдатып, отургучтан турган сыяктуу турат.]

Бир нерсеге таянып же бирөөнүн кармоосу менен да жерде отура албаган оорулуу адам чалкалап жатып окуйт. Буттарын кыбылага узатат. Башынын астына жаздык коет. Жүзү кыбыланы карайт. Же кыбылага карата оң же сол жагына жатат. Руку жана саждаларды башын ийип орундайт. Минтип дагы ийе албаган, акылы ордунда болгон бир оорулуу адам бир күндөн көп намазын окуй албаса эч биринин казасын окубайт. Самавий бир себеп менен, б.а., өз колунда болбостон, мисалы, оору менен же эсин жоготкон же сажда, рекет сандарын унута турганчалык эсин жоготуп, бештен артык намазын окуй албаган адам да ушундай. Алкогол ичимдиктерди же дары ичип, ушундайча эсин жоготкон адамдын окубаган намаздарынын саны бир канча күндүк болсо да бардыгынын казаларын окуусу керек.

Оорулуунун керебетте же отургучта буттарын салаңдатып отуруп, има менен окуусу жаиз эмес. Оорулуу адам жерде же узундугу кыбылага караган бир ачылып-жыйналчу дивандын үстүндө кыбылага каршы отуруп окуйт. Жерге отурганда тура албаса отургучка, кресло же керебет үстүнө отурат, буттарын болсо бир табуретка же кичине журнал столуна (же ушул сыяктуу нерсеге) коюп има менен окуйт. Шал болуп, отургучунан түшүп кайра отура албаган адам болсо мүмкүн болсо буттарын табуреткага коет же бирөөнө койдурат. Буга да дарамети жок болсо зарылдыктан улам өз отургучунда окуусу жаиз болот.

Суроо: Буттарын бүгө албаган оорулуулар отургучта отуруп намаз окуй алышпайт. Бул оорулуу отуруп-туралбаса же шал болсо эмне болот? Коляскасында отуруп окуй албайбы?

ЖООП

Буттарын бүгө албаган оорулуу адам төшөгүнүн ичинде, буттарын кыбылага созуп има менен окуй алат. Диванда же керебетте ушунтип отуруп окуйт. Креслого отурса буттарын табуреткага же башка бир креслого коюп окуй алат. Буларды да орундай албаган оорулуу адам жатып, има менен окуйт.

Коляскада отурган шал адам жанында жардамчысы болбосо буттарын каршысындагы табуреткага кое албагандыгы үчүн буттарын салаңдатып да окуусу жаиз болот.

Сүрөттүү түшүндүрмөнү мына бул шилтеме аркылуу ачып окуй аласыз: http://islamdini.kg/srttr-menen-namaz/1132-oturguchta-namaz-srttg-tshndrm.html


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш