Ислам дини » Намаз » Жамаат менен намаз - 1




Жамаат менен намаз - 1


Суроо: Тахажжуд намазын окуп жатамын. Бирок, багымдат намазына мечитке бара албай жатамын. Мунун зыяны барбы?

ЖООП

Хазрети Омар багымдат намазында мечитте Сулайман аттуу бир жаш жигитти көрбөгөн кезде кайда экенин сурады. "Ал түндөрү көбүнесе уктабайт. Тахажжуд жана ушуга окшош напил ибадаттар менен алек болот. Балким азыр уктап жаткан болсо керек”, - деп айтышты. Хазрети Омар: "Эгер түнү бою уктап, багымдат намазын жамаат менен окуганда, андан да жакшыраак болмок”, - деди. (Имам Малик)

Жамаат менен намаз окуу Суннат-и худа, башкача айтканда, Исламдын шиары (символу, белгиси) болгон маанилүү сүннөт. Жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан 25 же 27 эсе жакшыраак. Жамаат менен окулган намаздын маанилүүлүгү тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин бир нечеси төмөндөгүчө:

"Беш маал намазды жамаат менен окуган адам Сырат көпүрөсүн чагылгандай өтөт.” (Табарани)

"Кимде-ким кырк күн багымдат намазынын алгачкы такбирине жетишсе ага эки күбөлүк жазылат: Тозоктон кутулуу күбөлүгү менен мунафыктыктан узак болуу күбөлүгү.” (Абушшейх)

"Алгачкы такбирге жетише тургандай абалда кырк күн жамаат менен намаз окуган адамга Бейиш важип болот.” (Абу Яъла)

"Жамаат менен намаз окуу үчүн күткөн адам тынбай намазда болгондой сооп алат.” (Бухари)

"Үйү мечиттен алыс болгон адамдын (ар бир кадамына сооп бериле тургандыктан) сообу көбүрөөк болот.” (Бухари)

"Пайгамбарлардын сүннөтүн (маани бербестен) таштап койгон адам капыр болот.” (Абу Давуд)

"Жамааттын бир бөлүгү дуба кылса, башкалары омин десе, ал дуба кабыл болот.” (Хаким)

"Имам намазды окуп бүтүп, бетин жамаатка каратканга чейин аны менен бирге болгондор түнү бою ибадат кылгандай сооп алышат.” (Тирмизи)

"Намаздарын жамаат менен окугандарды Аллаху таала сүйөт.” (Табарани)

"Эң баалуу жерлер - мечиттер. Мечит элинин эң жакшысы - биринчи кирип аягында чыккан адам. Жамаатка биринчи келген адам алгач мусулман болгон адам сыяктуу барктуу.” (И. Рафии)

"Азанды угуп туруп жамаатка барбоо эки жүздүүлүктүн белгиси.” (Имад-ул-Ислам)

Куптан менен багымдат намазын жамаат менен окубоо - эки жүздүүлүктүн белгиси. Калп айтуу эки жүздүүлүктүн белгиси болгондой, жамаатка барбоо дагы эки жүздүүлүктүн белгиси. Бул жамаатка барбаган адам эки жүздүү дегендик эмес. Өзүндө эки жүздүүлүктүн белгилеринен бир белги бар дегендик. Берген сөзүнө турбоо да - эки жүздүүлүктүн белгиси. Сөзүнө турбаганга эки жүздүү деп айтылбайт. Бирок, эки жүздүүлүктүн белгилеринен бирөөсүн кылган болот. Бул маселеде хадиси шарифтердин маанилери төмөндөгүчө:

"Куптан менен багымдатты жамаат менен окуу - бизди эки жүздүүлүктөн бөлүп турган белги. Эки жүздүүлөр куптан менен багымдат намазын окуй алышпайт.”(Байхаки)

"Куптан менен багымдат намазын жамаат менен окуу эки жүздүүлөргө өтө оор сезилет. Эгер мындагы сооп-сыйлыктарды билишкенде сүйрөлүп болсо дагы жамаатка келишмек. Намазга келбегендердин үйлөрүн өрттөгүм келди.” (Бухари)

"Куптанды жамаат менен окуган адам түндүн жартысын, багымдатты да жамаат менен окуган адам түндү толук ибадат менен өткөргөндөй болот.”(Муслим)

"Куптанды жамаат менен окуган адам Кадыр түнүнөн  үлүш алган болот.”(Табарани)

Фыкых китептеринде жамаатка барбоону мубах кылган үзүрлүү себептер бар. Ошондой себеби жок болуп жамаатка барбоо жаиз эмес. Булар өздөрүндө эки жүздүүлүктүн белгиси бар болгон адамдар. Мындай адамдардан болуп калуудан сактанууга тийишпиз!

Эки жүздүү – мусулман көрүнгөн капыр дегендик.

Кандайдыр бир үзүрлүү себеби болуп мечитке барбаган адамга суизан кылбоо керек!

Жамаат менен окулган намаздын маанилүүлүгү

Суроо: Мечитте жалгыз окулган намаздын сообу үйдө жамаат менен окулган намаздын сообунан көбүрөөкпү?

ЖООП

"Жок. Үйдө да жамаат менен окулса мечитте жалгыз окулган намаздын сообунан көбүрөөк.

"Бухари” китебинде билдирилген хадиси шарифте жамаат менен окулган намаздын сообу жалгыз окулган намаздан 25 жана башка риваятта 27 эсе көп экендиги билдирилүүдө. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан сооптуураак. Эки киши менен окулган намаз да бир киши менен окулган намаздан сооптуураак. Жамаат канча көп болсо сообу да ошончо көп болот.” (Тирмизи)

Мечитте окулган намаздын болсо бөлөк сообу бар. Тактап айтканда, мечитте намаз окуу үйдө окугандан сооптуураак. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Үйдө окулган намазга бир сооп, көчөдөгү мечитте жыйырма беш сооп, Жума намазы окулган чоң мечитте беш жүз сооп, Масжид-и Аксада беш миң сооп, Мединадагы бул мечитимде элүү миң сооп, Масжид-и Харамда (Каабада) жүз миң сооп бар.” (Ибни Мажа)

Үйдө дагы жамаат менен окулса жалгыз окугандан 27 эсе көп сооп алынат. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан 27 эсе жакшыраак.” (Бухари)

Жамаатка барбоо

Суроо: Мечитке (жамаатка) барбоо үчүн эмнелер үзүрлүү себеп болот?

ЖООП

Үзүрлүү себепсиз жамаатка барбоо жаиз эмес. Анткени, кээ бир аалымдар жамаатка барууну важип дешкен. 

Төмөндөгүлөр жамаатка барбоого үзүрлүү себеп болот:

1 – Жамгыр, баткак, катуу ысык жана суук, түнү катуу шамал, абдан караңгы болуу сыяктуу аба ырайына байланыштуу тоскоолдуктар.

2 – Шал, кары жана башка себептер менен баса албаган адам, бир буту кесилген жана сокур адам. (Булардын жардамчылары же унаалары бар болсо да баруулары керек эмес.)

3 – Өмүрүнө жана мал-мүлкүнө кол салышы мүмкүн болгон душмандын коркунучу.

4 – Даараты кыйнап турган адам.

5 – Токтоосуз кыймылда болгон жолоочу.

6 – Оорусунун күчөп кетүүсүнөн же созулуп кетүүсүнөн корккон оорулуу.

7 – Ордуна карай турууга эч ким жок болгон санитар кызматчы.

8 – Сейрек болуучу фыкых сабагын өткөрүп ийүү коркунучу.

9 – Дасторкон даяр кезде сүйгөн тамагын же суусундугун колдон чыгарып ийүүнү каалабаган адам.

10 – Имамдын бидатчы экенин жана даараттын, гусулдун, намаздын шарттарын орундабаганын билген адам.

Жамаат менен окулган намаздын сообу жалгыз окулган намаздын сообунан өтө көп. Жамааттын мындай чоң пазилети имамдын намазы сахих болгон учурда гана ишке ашат. 

Илгери Ислам дини өтө кубаттуу болуп турган убакыттарда имамдарга жана ар бир мусулманга хусни зан кылынчу. Бирок, азыр мусулманмын дегендердин жана имам болгусу келгендердин кээ бирлеринин динден, ыймандан бейкабар жахил экендиктери сөздөрүнөн, ал-абалынан жана иштеринен белгилүү болууда. 

Андай болсо бүгүн Ахли сүннөт акыйдасына каршы экендиги белгилүү болбогон жана гусулун, дааратын жана намазын туура орундай алган жана арам иштерден сактанган имамды таанып ага уйуу керек. Болбосо жамаат сообу эмес намазыбыз да колдон чыгат. Фасык имамдын артында окулган намаз Маликиде сахих эмес. (Халеби)

Багымдатты жамаат менен окуу

Суроо: Там Илмихал китебинде "Тахтави” китебинен накыл кылынып жазылат:

"Багымдат намазынын сүннөтү өтө пазилетүү. Бирок, муну дагы окубаган адам үчүн эч бир жаза билдирилген эмес. Ал эми, багымдат намазын жамаат менен окубастан жалгыз окуган адамдын Тозокко кете тургандыгы билдирилди.”

Бул жерде жамааттын маанилүүлүгүбү же багымдат намазын жамаат менен окуунун маанилүүлүгү билдирилүүдөбү?

ЖООП

Бул жерде жамааттын да, багымдат намазын жамаат менен окуунун маанилүүлүгү да билдирилип жатат. Ошол сүйлөмдүн уландысында жамааттын маанилүүлүгү баса белгиленүүдө. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Жамаатты таштап үйдө намаз окуган адам сүннөттү таштаган жана адашкан болот.” (Муслим)

(Эч кандай себепсиз жамаатка барбоонун адашуучулук экендиги билдирилүүдө.)

"Азанды укса да жамаатка барбоо адамдын күнөөкөрлүгү жана бактысыздыгына жетиштүү.” (Табарани) (Бул жердеги бактысыздык Тозоктук деген мааниде.)

"Түнү каим, күндүз саим болгон адам жамаатка келбесе Тозокко барат.” (Тирмизи)

(Түндөрү ибадат кылып, күндүздөрү болсо орозо кармаган адамдын дагы себепсиз жамаатка барбаса Тозоко бара тургандыгы билдирилүүдө.)

"Беш маал намазды жамаат менен окуган адам Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай өтөт.” (Табарани)

(Жамааттын маанилүүлүгү билдирилип жатат.)

Куптанды жамаат менен окуу бешим, аср жана шамды жамаат менен окуудан маанилүүрөөк. Багымдатты жамаат менен окуу болсо баарынан тең маанилүүрөөк. Хадиси шарифте билдирилет:

"Багымдатты жамаат менен окуу куптандан эки эсе пазилеттүү.” (Ибни Хузайма)

"Сүйрөлүп келип болсо дагы куптан менен багымдатты жамаат менен окуу үчүн баргыла!” (Табарани)

"Багымдат намазын жамаат менен окуган адам Аллаху тааланын коргоосунда.” (Ибни Мажа)

"Оорулуулар, жаш балдар жана аялдар болбогондо багымдат намазы үчүн үзүрлүү себепсиз жамаатка келбегендердин үйлөрүн өрттөмөкмүн.” (И.Ахмед, Ибни Мажа)

Акыркы хадиси шариф багымдат намазы үчүн мечитке баруунун маанилүүлүгүн билдирүүдө. Үйдү өрттөө сөзү образдуу сөз жана маселенин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Болбосо үйдү өртөө керектигин билдирбейт.

Кандайдыр бир үзүрлүү себеби жок адам беш маалды тең жамаат менен окууга аракет кылууга тийиш.

Мечитте намаз окуу

Суроо: Үйүм мечитке алыс. Намазды үйдө окусам зыяны жокпу?

ЖООП

Жамаат менен намаз окуу жалгыз окугандан 25 же 27 эсе көбүрөөк сооп. Айрыкча, мечитке баруунун пазилети өтө чоң. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Мечитке барып келген адам Аллахтын жолунда казатта.” (Табарани)

"Аллаху таала эң көп жактырган жерлер мечиттер.” (Муслим)

"Мечиттер - Аллахтын үйү. Мечитке барууну уланткан адамдын жан тынчтыгына жетүүсүнө жана Сыраттан өтүп Бейишке кирүүсүнө Аллаху таала кепил.” (Байхаки)

"Гусулду мыкты алып мечитке кирген адам Аллахтын коногу болот. Аллаху таала да коногуна белек тартуулайт.” (Байхаки)

"Аллаху таала бир жамаатка ырайым кылганда (жаман) бирөөнү кечирбөөдөн хайа кылат (тартынат).” (Абушшейх)

"Мечитке кирген адам ошол убакыттан баштап намазда болуп эсептелет. Башкасына кыйынчылык туудурмайынча жана даараты бузумайынча периштелер ага "Аллахым, буга ырайым кыла көр жана тообосун кабыл кыла көр!” деп дуба кылышат.” (Ибни Аби Шейбе)

"Жамаат - биримдик жанаа ырайым, бөлүнүү болсо - азап.” (Хадика)

"Шаарда, айылда, бир жерде үч киши бирге болгон кезде намазды жамаат менен окушпаса аларга шайтан башчы болот. Андай болсо жамаат болгула!”(Насаи)

"Жамааттан бир карыш бөлүнгөн адам Ислам алкасын мойнунда чыгарган болот.” (Абу Давуд)

"Эки киши бир кишиден, үч киши эки кишиден жакшыраак. Андай болсо биримдикте болгула!” (И.Асакир)

"Сапарда үч киши болгондо бирөөңөрдү башчы кылып шайлагыла!” (Табарани)

"Бир коомду сүйгөн адам алардын арасында тирилет.” (Хадика)

Жамаат менен намаз окуу - "Суннати худа”. Башкача айтканда, Исламдын символу болгон сүннөт. Үзүрлүү себепсиз таштоо жаиз эмес. Хадиси шарифте: "Жамаат менен намаз окуу - суннати худа. Жамаатка келбеген эки жүздүү,” жана "Жамаатты таштаган адам төрт китепте тең каргышталган”, - деп билдирилген. (Хидая, Имад-ул-Ислам)

Үйдө окулган намаз

Суроо: Үйү мечитке жакын болгон адамдын кээ бир сүннөттөрдү үйдө окуусу орундуубу?

ЖООП

Жолдо сүйлөшүлбөй турган болсо үйдө окуу жакшыраак. Анткени, хадиси шарифте айтылат:

"Үйүңөрдү мазарга айлантпагыла, үйдө да намаз окугула!” (Бухари)

Үйдө жамаат менен окуу

Суроо: Бир адам кандайдыр бир себеп менен кээде мечитке бара албаса үйүндө жамаат кылып намаз окуса, жамаат сообунан куру калабы?

ЖООП

Кандайдыр бир себеп менен мечитке бара албаган адам эгер үйүндө жамаат менен окуса, жамаат собунан куру калбайт. Үзүрлүү себепсиз мечитке барбай үйүндө жамаатсыз, башкача айтканда, жалгыз окуса, жамаат сообунан, жада калса, намаздын сообунан да куру калат. Ислам Ахлагы китебиндеги бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Үзүрлүү себепсиз үйүндө (жалгыз) намаз окуган адамдын карызы төлөнөт, намаздын сообу кемтик болот.”

Бирок, мечиттеги имамдын акыйдасы туура болбосо, бидатчы же фасык болсо албетте үйдө окуу керек. Жамааттын сообун алам деп отуруп намаздан да куру калбоо керек.

Сүннөттү баштоо

Суроо: Жамаат менен намаз окулуп жаткан учурда сүннөт намазын окуп баштоо макрухпу?

ЖООП

Ооба, тахриман макрух.

Багымдат намазынын сүннөтүн окубаган адам сүннөттү окуса, бирок, жамаат менен намазда отурууну өткөрүп жибере тургандыгын түшүнсө сүннөттү окубайт, дароо имамга уйат. Жамаатка экинчи рекетте жетише тургандыгына көзү жетсе, сүннөттү мечиттин сыртында же коридордо дароо окуп алат. Коридор жок болсо мечиттин ичинде тиректин артында окуйт. Мындай жер жок болсо сүннөттү окубайт. Анткени, жамаат намазы окулуп жатканда напил намаз окуу макрух. Макрух иш кылбоо үчүн сүннөт ташталат.

Важип болбогон жерлер

Суроо: Жамааттын имамга уйуусу важип болбогон жерлер барбы?

ЖООП

"Мавкуфат” китебинде айтылат:

Төрт нерсени имам кылса, жамаат кылбайт. Булар:

1 – Имам экиден артык сажда кылса жамаат кылбайт.

2 – Имам Айт намазынын такбирини бир рекетте үчтөн артык кылса жамаат кылбайт.

3 – Имам жаназа намазында төрттөн артык такбир кыла турган болсо жамаат кылбайт.

4 – Имам бешинчи рекетке турса жамаат турбайт. Имам менен бирге салам беришет.

Дагы ошол фыкых китебинде айтылат:

Он нерсени имам кылбаса жамаат кылат. Булар:

1 – Имам ифтитах такбириде колун өйдө көтөрбөсө да жамаат көтөрөт.

2 – Имам Субаханака окубаса жамаат окуйт. "Окубайт” деген аалымдар да бар.

3 – Имам рукуга ийилип жатканда такбир айтпаса жамаат айтат.

4 – Имам рукуда таспих окубаса да жамаат окуйт.

5 – Имам сажда кылып, өйдө туруп жатканда такбир айтпай турган болсо жамаат айтат.

6 – Имам саждаларда таспих окубай турган болсо да жамаат окуйт.

7 – Имам "самиаллаху...” дебесе да жамаат "Раббана лакал хамд” деп айтат.

8 – Имам аттахиййатуну окубаса жамаат окуйт.

9 – Имам намаздын аягында салам бербестен чыгып кетсе жамаат салам берип чыгат.

10 – Курман Айтта 23 парздан кийин имам салам берээри менен такбир окубаса да жамаат окуйт.

Бул маселе тууралуу башка фыкых китептеринде да жазылган. (Халаби, Хиндиййа)

Бешинчи рекет

Суроо: Имам төртүнчү рекетте отуруп, Аттахиййатуну окугандан кийин бешинчи рекетке турган болсо жамаат эмне кылат?

ЖООП

Жамаат отуруп имамды күтөт. Имам жаңылганын түшүнүп отурса жана сажда-и сахв кылбастан дароо салам берсе жамаат да салам берет. Имам руку жана саждага барса жамаат имамды күтпөстөн салам берет. Эгерде имам төртүнчү рекетте отурбастан туруп кеткен болсо, жаңылганын эстебестен саждага барса намаз фасид болот (бузулат). Жамааттын отуруусунун жана салам берүүсүнүн пайдасы жок.

Имамга бир киши уйса

Суроо: Имамга бир киши уйса, ал дагы буттарында остеохондроз болгондуктан тизелерин бүгө албаса имам менен жанаша турганда буттары имамдын буттарынын алдында болууда. Мындай намаз сахих болобу?

ЖООП

Буттарынын имадын буттарынан өтүп кетип намазга тоскоолдук кылуусу дени сак кишилер үчүн айтылган. Оорулуу болуп, тизелерин бүгө албаган, ошондуктан сажда кыла албай има (ишарат) менен намаз окуган адамдын имамдын буттарынын алдында болуусунун зыяны жок. Мындай адамдын башы имамдын башынын алдында болбошу керек.

Такбирлерди айтпоо

Суроо: Намаздын ичинде рукуга, саждага барып жатканда жана саждадан кыямга туруп жатканда такбирлерди имамдын үнүн чыгарып айтуусу важиппи? Унутуп калса, сажда-и сахв кылууга тийишпи?

ЖООП

Имамдын интикал такбирлерин үнүн чыгарып айтуусу важип эмес, сүннөт. Унута турган болсо сажда-и сахв керек болбойт. Имам бул такбирлерди айтып жатканда жамааттын да Аллаху акбар деп айтуусу сүннөт. (Халеби)

Алдыңкы саптагылардын пазилети

Суроо: Намазда алдыңкы сапта тургандардын пазилетинин көбүрөөк экендиги билдирилди. Арка саптагылар пазилетсизби?

ЖООП

Хадиси шарифте да билдирилгендей намазда алдыңкы сапта туруу пазилети көбүрөөк болгонго насип болот. Башка бир хадиси шарифте да сооп жагынан пазилети көбүрөөк болгонго алгач салам берүү насип боло тургандыгы билдирилген. Кийинирээк салам бергендин же акыркы саптагылардын пазилетсиз экендиги эмес, азыраак сооп ала тургандыгы түшүнүлүүдө.

Бир адам дайым алдыңкы сапта туруп жаткан болсо, дайым башкалардан мурдараак салам берип жаткан болсо анын пазилеттүүрөөк экендиги белгилүү болот.

Имамдын итикадынан күмөндөнүү

Суроо: Имамдын абалынан күмөндөнгөн адамдын аны менен бирге окуган бешим намазын кайра окубастан, акыркы сүннөттү окуп жатканда "Окуу мойнума парз болгон бешим намазын окууга” деп ниет кылып, төрт рекет намаз окуусу орундуубу?

ЖООП

Имамдын дааратынан же итикадынан күмөндөнгөн адам же намазынын тууралыгынан күмөндөнгөн адам "Убагында окуй албаган акыркы бешим намазынын парзын окууга” деп ниет кылып, төрт рекеттик намаз окууга тийиш! Эгер имам менен бирге окуган намаз сахих же кабыл кылынган болсо ал окуганы каза болот. Имам менен окуган намазы сахих болбосо, ал окуганы бешим намазынын парзы болот. Бирок, ниет кылып жатканда "Окуу мойнума парз болгон” деп айтпоо керек! Себеби, бешим намазы түшкү убакытта окулганда парз орундалган болсо да, дароо окуу парз эмес. Асрга төрт рекет намаз окуганчалык убакыт калганда гана орундоо парз болот. Эгер "Окуу мойнума парз болгон акыркы бешим намазын окууга” деп ниет кылына турган болсо бир күн мурдагы бешимдин парзы окулган болот. Аны да бир күн мурда окугандыктан бул окуган намазы напил болот. Ошондуктан, "Убагында окуй албаган акыркы .... намазын окууга” деп ниет кылуу керек!

Ийинге сажда кылуу

Суроо: Мечитте жамаат менен намаз окуп жатканда жер тар болгондуктан алдыдагы адамдын бутунун үстүнө же далысына сажда кылуу сахих болобу?

ЖООП

Ооба.

Намаз окугандардын алдынан өтүү

Суроо: Алдыңкы саптагы бош жерге өтүү үчүн намаз окугандардын алдынан өтүү күнөө эмеспи?

ЖООП

Биринчи сапта бош жер болуп, экинчи сапта жок болсо, экинчини жарып өтүп, биринчи сапка барылат. Алдыңкы сапка өтүү үчүн намаз окугандардын алдынан өтүү күнөө эмес.

Имамдын мурду канап кетсе

Суроо: Имам менен намаз окуп жатканда анын мурду канап кетти. Даараты бузулгандыгы үчүн намаздан чыгып кетти. Мен намазымды аягына чейин окуп бүтүрдүм. Намазым сахих болдубу?

ЖООП

Ооба. Жамаат бирден көп болгондо, имамдын бирөөнү өкүл кылып калтыруусу керек болмок. (Радд-ул-мухтар)

Шам намазын кечиктирүү

Суроо: Шам намазын жамаат менен окуй алуу үчүн жарым саат кечиктирүүнүн зыяны жокпу?

ЖООП

Шам намазын убагынын башында окуу сүннөт. Үзүрлүү себепсиз жылдыздар көбөйгөнгө чейин кечиктирүү арам. Жамаат менен окуу сүннөт. Сүннөттү орундоо үчүн намазды арам убакытка калтыруу жаиз эмес. Ооруу, сапарда болуу сыяктуу үзүрлүү себептерге байланыштуу жылдыздар көбөйгөнгө чейин кечиктирилиши мүмкүн. Жамаат үчүн кечиктирилбейт. Жамаат үчүн 15-20 мүнөттөн артык кечиктирбөө керек!

Орун алмаштыруу

Суроо: Парз намаздан кийин сүннөттү окуу үчүн орун алмаштырылабы?

ЖООП

Жамаат менен намаз окулуп бүткөн соң саптарды бузуу мустаха,. Сырттан кирип келген бир адамдын жамаат намазы окулбай жатканын билүүсү үчүн саптарды бузуу жакшы болот. Хадиси шарифте айтылат:

"Парз намаз окулуп бүткөн соң напил намаз окумакчы болгон адам кичине алдыга же артка, кичине оңго же солго жылсын!” (Рамуз)

Имамдын акыркы сүннөттү парзды окуган жерде окуусу макрух. Кичине оңдо же солдо окуйт. Чакан мечиттерде же жамаат көп болуп, саптарды бузуу мүмкүнчүлүгү жок болгон жерлерде жамаат турган жеринде турат. Турган жеринде кичине кыймылдап койсо жетиштүү болот. Жанындагыны өзүнүн ордуна тартуу, анын ордуна өзү өтүү, ошентип жанындагы мусулмандын тынчын алуу туура эмес. Саптарды бузуу шарт эмес. Ошондуктан, жанында турган мусулмандын тынчын алуу такыр жаиз болбойт.

Өйдө туруу

Суроо: Имамга экинчи же үчүнчү рекетте жетишкен адам имам салам бере электе өйдө туруп, намазды толукташы керекпи?

ЖООП

Имам салам бергенден кийин өйдө турат.

Субаханака окуу

Суроо: Жамаат менен намаз окулуп жатканда Субаханаканы окуп бүтүрө электе имам үнүн чыгарып окуй баштайт. Окуганды токтотуп, имамды угуу керекпи?

ЖООП

Субаханаканы окуу сүннөт, имамды угуу важип. Имам үнүн чыгарып окуп жатканда жамаатка жетишкен адам Субаханаканы окубайт. Имам дем алуу үчүн окууну токтоткон жерлерде Субаханаканын калган бөлүгүн окуп толуктоого болот! (Халеби)

Мурда салам берүү

Суроо: Жамаат менен намазда салли барик окуп бүтүп салам бердим, анан имам да салам берди. Намазым сахих болдубу (өттүбү)?

ЖООП

Макрух болуп сахих болду. Имамга уюу важип.

Таяммум кылган имам

Суроо: Даарат алган адамдын тайаммум кылган имамга уюусу жаизби?

ЖООП

Жаиз. Бинттин үстүнө масх тарткан имамга уюусу да жаиз. (Радд-ул-мухтар)

Отуруп окуган адамга уюу

Суроо: Намазды өйдө туруп окуган адам отуруп окуган адамга уя алабы?

ЖООП

Өйдө туруп намаз окуган адамдын отурган жеринде сажда кыла алган адамга уюусу жаиз. Өйдө туруп намаз окуган адам има (ишарат) менен намаз окуган адамга уя албайт. (Хиндиййа)

Муким катары намаз

Суроо: Түшкү маал сафарилер менен уктап калыптырмын. Аср маалында жамаат менен бешим намазынын казасын окуп жатканда үйдүн ээси катары мен имам болдум. Сафари болгон ошол кишилердин муким болгондугум үчүн мага уюп окуган намаздары сахих болдубу?

ЖООП

Сахих болгон жок. Анткени, ал намазды сиз муким болгондугуңуз үчүн 4 рекет кылып, сафарилер болсо 2 рекет кылып казасын окушуңар керек эле. Сафарилердин алгачкы отурушу парз, муким болгон имамдын алгачкы отурушу важип. Парз намазды окуган адам напил же важип намаз окуган имамга уя албагандай, бир рүкүндү парз кылып орундай турган адам да аны напил же важип кылып орундай турган адамга уя албайт. (Радд-ул-мухтар)

Сафари имам

Суроо: Түшкү маал сафари болгон досум менен уктап калыптырбыз. Аср убагында бешим намазынын казасын жамаат болуп окуп жатканыбызда сафари болгон досум имам болуп, асрды бизге төрт рекет кылып окутту. Муким болгондугум үчүн сафари болгон ошол имамга уюп окуган намазым сахих болдубу?

ЖООП

Сахих болгон жок. Себеби, сафаринин окуткан акыркы эки рекет намазы напил болот. Сиз парзды окуп жаткан болсоңуз парз окуп жаткан адам напил окуп жаткан адамга уя албайт. (Радд-ул-мухтар)

Сафари болгон имам үчүнчү рекетке өйдө турганда сиз андан бөлүнүп, өзүңүз эки рекет дагы окуганыңызда намазыңыз өтмөк.

Колдорду көтөрүп жатканда такбир

Суроо: Кээ бир имамдар намазды баштап жатып, Аллаху акбар деп колдорун кулактарына көтөрүп жатышат. Ошентип, намаз башталган болууда. Анан намаз башталгандыктан колдорун намаздын ичинде киндиктин астына байлашууда. Эки колдун бир убакта кыймылы намазды буза тургандыктан, алардын да намаздары бузулуп жаткан жокпу? Мындан башка витрдин үчүнчү рекетинде колдорду ылдый түшүрбөстөн такбир алуу керек эмеспи?

ЖООП

Колдор кулактан алынып жатканда Аллаху акбар деп айтып баштап, киндиктин астына байланып жатканда бүтүрүлөт. Сиз айткандай кылынганда да намаз бузулган болбойт. Тактап айтканда, колдорду кулактарга көтөрүп жатканда же колдорду кулактарга көтөргөндө да такбир айтыла турган болсо намаз бузулган болбойт. Бирок, эң ылайыктуу болгону биз билдиргендей кылуу.

Витр намазында дагы такбир намазды баштап жатканда алынган такбир сыяктуу. Колдор ылдый ташталбастан дароо өйдө көтөрүлөт. Колдор ылдый ташталса да намаз бузулган болбойт. Бирок, ылдый таштабастан көтөрүү керек.

Эки рекет сүннөт

Суроо: Жамаатка жетише алуу үчүн кээде асрдын сүннөтүн эки рекет кылып окуса болобу?

ЖООП

Жамаат баштаган болсо эки рекет да окулбайт. Жамаат менен намаз окуу сүннөтү башка сүннөттөрдөн 27 эсе абзел. Бул жагынан жамаатка жетишүү үчүн асрдын сүннөтүн эки рекет кылып окуса болот. Расулуллах алейхиссаламдын асрдын сүннөтүн эки рекет кылып окуганы да көрүлгөн. "Расулуллах асрдын парзынан мурда кээде эки рекет намаз окучу” деген риваят бар. (Абу Давуд) 

Раббана...ны окубоо

Суроо: Жамаатка же ифтитах такбирине жетишүү үчүн Раббана...ны окубоо жаизби?

ЖООП

Ооба. 

Ифтитах такбирине жетишүү

Суроо: Ифтихах такбирине качан жетишкен болуп эсептелет?

ЖООП

Фатиха бүткөнгө чейин имамга уйган адам ифтихах такбирине жетишкен болуп эсептелет.  

Акыркы ташаххуд

Суроо: Мечитке кирсем жамаат акыркы ташаххудда отурган экен. Ифтихах такбирин алып отуруп жатканымда имам салам бере баштады. Жамаатка жетиштимби?  

ЖООП

Имам салам бере электе ифтихах такбирин алдыңыз. Ошондуктан, жамаатка жетишкен болдуңуз.

Эсинен танган адам менен алектенүү

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатып талмасы кармап калган же эсинен танган адам менен алектенүү үчүн намазды бузууга болобу?

ЖООП

Ооба.

Алдыңкы саптагы бош орун

Суроо: Намазга туруп жатканда кээде алдыңкы саптарда бир кишилик бош орундар болуп калат. Жаныбызда турган карыяга бош орунга өтүп алуусун ишарат кылуу жаизби?

ЖООП

Жаиз. Өзүнүн өтүүсү жакшы болот. Исар – муктаж болгон бир нерсени өзү колдонбостон муктаж болгон дин боордошуна берүү. Адамга зарыл болгон нерселерде исар кылынат. Курбат жана ибадаттарда исар кылынбайт. Мисалы, даарат ала тургандай эле суусу болгон адам же аврат жерлерин жаба тургандай эле кийими болгон адам буларды муктаж болгон адамга бербейт, өзү колдонот. Намазда алдыңкы саптагы ордун башка бирөөгө бербейт. Намаз убакты киргенде дааратсыз адамдын даарат суусун башка бирөөгө берүүсү жаиз эмес. (Ашбах)

Аллаху таала жактырган нерселер таъат деп аталат. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн таъат кылуу курбат деп аталат.   

Имамдын үнүн чыгарып окуусу

Суроо: Бир канча киши багымдат намазына тура албай, күн чыккандан бир саат кийин багымдаттын парзын жамаат болуп окушса, имам үнүн чыгарып окууга тийишпи?

ЖООП

Ооба, окууга тийиш. (Хиндиййа)

Михрапта окутуу

Суроо: Мечитте михраптан башка жерлерде жамаат болуп намаз окуу жаизби?

ЖООП

"Саадат-ы Абадиййа" китебинде: "Мечиттерде биринчи жамааттын имамы михрапта окутпаса макрух болот”, - деп билдирилүүдө. Кийинки жамааттар гана михраптан башка жерлерде окуулары керек. "Эгер кийинки жамааттын имамы михрапта турса, азан жана комат окулбаса, макрух болбойт”, - деп айткан аалымдар да бар. Этияттуулук менен кийинки жамааттар михрапта окубашы керек!

Бул өкүмдөр белгилүү бир жамаатты жана белгилүү бир имамы болгон мечиттер үчүн. Жолдордо, эс алуу жайларында  жана жумуш орундарындагы бир канча маал эле намаз окулган мечиттер андай эмес.

Жолдордогу белгилүү бир имамы болбогон мечиттерде азан жана комат окуп, михрапта же мечиттин башка жеринде жамаат болуп окууга болот. (Халеби)

Мечитке чуркап баруу

Суроо: Мечитке чуркап барса туура болобу?

ЖООП

Жамаатка үлгүрө албай турган болсо да мечитке чуркап баруу макрух. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Намазга чуркап барбагыла”, - деп буюрган.(Бухари)

Мечитте орун ажыратып коюу

Суроо: Мечитте өзү үчүн белгилүү бир орун ажыратып коюу туурабы?

ЖООП

Мечитте өзү үчүн орун ажыратып коюу макрух. Бирок, сыртка чыгып жатканда эч ким отурбасын деп, ордуна пиджагын коюп кетсе, кайтып келип ошол орунга кайра отура алат. Коомдук жерлерде, паркта, кемеде, автобустарда да ушундай.  

Бул жердин артыгын эки киши кааласа, кайсы бирине бере турган болсо ошол отурат. Экөө тең каалабастан бул артыкча жерге бирөөсү отура турган болсо андан алып экинчисине бере албайт. Бирок, бул жерди анын буйругу менен ал үчүн ажыратып койдум, өзүм үчүн ажыраткан жокмун деп ант бере турган болсо тургуза алат. Коомдук жерлерде алгач отурган адам баарына зыяндуу болгон болсо тургузулушу мүмкүн.

Кем окула турган болсо

Суроо: 4 рекеттик бир намазды бир киши унутуп калып 3 рекет окуса жана 4 рекет окуганын билбесе жана намаз бүткөндөн кийин аны көргөн башка бирөөнүн анын 3 рекет окуганын айтуусу керекпи?

ЖООП

Айткан адам салих киши болсо ошол намазды кайра окуу керек.

Өйдө турганды унутуу

Суроо: 4 рекеттик бир намазда экинчи рекетте өйдө турууну унутуп, эки тарапка тең салам бердик. Өйдө туруп улантып, сахв саждасы кылуу намазды куткарабы?

ЖООП

Ооба, куткарат.

Имамдын намазы

Суроо: Имамдын намазы сахих болбосо (өтпөсө) мындан жамаат жоопкер болобу?

ЖООП

Жоопкер болбойт.

                Акырын үн менен Куран окуу

Суроо: Мечитте намаз окуп жаткандардын жанында Куран окууга болобу?

ЖООП

Акырын үн менен окууга болот.

Аттахыятуну шашпай окуу

Суроо: Жамаатка кеч калган киши жамаат 4-рекетте отурган кезде аттахыятуну окугандан кийин салам берилгенге чейин бир нерсе окуйбу?

ЖООП

Аттахыятуну шашпай окуйт. Тез окуп бүтүрсө анда калима-и шахадатты кайталап окуп турат.

Макрух убакытта намаз

Суроо: Шам намазынын азанына 10 мүнөт калганда, башкача айтканда, макрух убакытта бир нече киши аср намазын жамаат болуп окуй алышабы? Окуй турган болушса жамааттын сообу алынабы?

ЖООП

Ооба, окуй алышат жана жамааттын сообуна ээ болушат.

Парздан мурда

Суроо: Парздан мурда 3 Ихлас окуу бидатпы?

ЖООП

Ооба, 3 Ихлас окуу бидат.

Салатан түнжина

Суроо: Салатан түнжинаны саламдан кийин окуу бидатпы?

ЖООП

Ооба, бидат. Намаздан кийин "Аятал күрси” окулат. Анан тасбихтер окулат. Андан кийин дуба кылынат. Дуба кылып жатканда Салатан түнжинаны окуунун зыяны жок. Аятал күрси окула турган жерде Салатан түнжинаны окуу сүннөттү өзгөртүү болот. Башкача айтканда, бидат болот.

Карахат убакыты

Суроо: Карахат убакыттарда дагы намазды жамаат болуп окуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Сүннөттү үйдө окуу

Суроо: Парзды мечитте жамаат менен окуу үчүн багымдат намазынын сүннөтүн үйдөп окуп чыгуудабыз. Мечитке келгенде имам Курани каримди окуп бүтүп "Ал фатиха” деп айтууда. Фатиханы окушубуз керекпи?

ЖООП

Сүннөттү окугандар окуй алышпайт. Сүннөттү окубагандар окуса болот.

Аттахыяту бүтө электе өйдө туруу

Суроо: Биз аттахыятуну окуп бүтүрө электе имам өйдө турса, биз дагы өйдө турушубуз керекпи?

ЖООП

Аттахыятуну бүтүрүп, анан турушубуз керек.

Жаңылыш ниетти угуп калуу

Суроо: Бешим намазын жамаат болуп окуп жатканда имамдын жаңылыштык менен куптан намазына деп ниет кылганын угуп калдым. Намаздан кийин сен куптанга ниет кылдың деп айттым. Жок, мен бешимге ниет кылдым деди. Намазыбыз сахих болдубу (өттүбү)?

ЖООП

Тил менен ниеттин мааниси жок. Жүрөгүндө бешимге ниет кылган болсо, намаз сахих болот.

Намаздан кийин

Суроо: Беш маал намаздан кийин "Астагфируллах...” сөзүн азанчыбы, имамбы же жамаат айтышы керекпи?

ЖООП

Ар бири өзүнчө айтышы керек.

Аттахыяту бүтө электе өйдө туруу

Суроо: Биз аттахыятуну окуп бүтүрө электе имам өйдө турса, биз дагы өйдө турушубуз керекпи?

ЖООП

Аттахыятуну бүтүрүп, анан турушубуз керек.

Жамаатка кечигип үлгүрүү

Суроо: Жамаатка кечигип үлгүргөн адам "Субаханака”ны окушу керекпи? Эгер окушу керек болсо, качан окуйт?

ЖООП

"Субаханака”ны окуу сүннөт. Имам ичинен окуп жаткан болсо, баштан окуш керек. Имам үнүн чыгарып окуп жаткан болсо, анда окулбайт.

Үнүн бийик чыгарып "Омин” деп айтуу

Суроо: Үнүн бийик чыгарып "Омин” деп айтуу туурабы?

ЖООП

Фатихадан кийин имам жана жамаат үнсүз "омин” деп айтат. Имам Фатиханы окуп бүтүргөндө жамааттын жана имамдын үнүн бийик чыгарып "омин” деп айтуусу макрух. Үнүн чыгарбастан акырын айтуу керек.

Имам менен дуба кылуу

Суроо: Жамаат имам менен дуба кылып жатканда имамдын дубасына "омин” деп айтуу керекпи? Же жамаат өзүнчө дуба кылышы керекпи?

ЖООП

Экөө тең кылынат. Имамдын дубасына да "омин” деп, өзүнчө да дуба кылынат. Кээ бир кишилер дайым өздөрү дуба кылып жатышат, имамдын дубасына "омин” деп айтпай жатышат. Кээ бир кишилер болсо дайым "омин” деп айтышууда. Өздөрү болсо дуба кылбай жатышат. Экөө тең кылынышы керек.    

Башка жамаат

Суроо: Асырды окуп бүтүп, тасбихтерди окуп жатканда же шам намазынын парзын окуп бүтүп, анан сүннөтүн окууга турганда мечитте башка жамаат чогулууда. Мен парзды окудум. Аларга кошулуп кайра окушум керекпи? Же болбосо дароо мечиттен чыгып кетишим керекпи?

ЖООП

Парзды жалгыз окуган болсоңуз дароо чыгып кетишиңиз керек. Жамаат менен окуган болсоңуз, чыгып кетүү керек эмес.

Парзды күтүп жатканда

Суроо: Сүннөттү окуп бүтүп, парз үчүн жамаатты күтүп жатканда калима-и таухид окуп отурса болобу?

ЖООП

Эч нерсе окулбайт.

Далыбызга колун тийгизүү

Суроо: Намазга кийин келген адамдын далыбызга колун тийгизүүсүн күтүп турушубуз керекпи? Күтүп турбай эле анын жамаатка кошула турганын түшүнүп, өзүбүз артка жылсак болобу?

ЖООП

Ооба, ылайык болгону анын далыбызга колун тийгизүүсүн күтпөө. Анын сөзү менен артка жыла турган болсок намаз бузулат. Өзүбүздүн каалообуз менен жылсак, ошондо намазыбыз бузулбайт.  

Арадагы такбирлер

Суроо: Имам менен чоогу арадагы такбирлерди биз дагы айтышыбыз керекпи?

ЖООП

Ооба, айтышыбыз керек.

Тартип ээсинин казасы

Суроо: Тартип ээсимин. Багымдат намазына тура албай калдым. Казасын окуганды да унутуп калыптырмын. Ошол күнү шам намазына имам болдум. Куптан намазын окугандан кийин багымдаттын казасын окубаганым эсиме түштү. Эмне кылышым керек? Шам намазын мени менен окуган жамааттын намазы кабыл болдубу?

ЖООП

Жамааттын намазы сахих болду. Аларга билдирүү керек эмес. Сиз багымдат намазынын казасын окууга тийишсиз. Себеби, окуган жоксуз. Тартип ээси экениңизди унутуп, окуган башка намаздарыңызды каза кылууңуз керек эмес. Анткени, унутуу үзүр болот.

Үстүндө жазуусу бар футболка

Суроо: Үстүндө жазуу, сүрөт, фотосүрөт бар болгон футболка менен намаз окууга болобу?

ЖООП

Макрух болот.

Далы жагында жазуу

Суроо: Кээде далы жагында жазуусу бар кийимдер болуп калат. Анын зыяны жокпу?

ЖООП

Артындагы жазууну жамаат окуй турган болсо намаз макрух болот. Себеби, кандайдыр бир жазууну карап түшүнүү бузбайт, бирок, түшүнгөн кезде макрух болот.

Телефон чалып калса

Суроо: Жамаат менен окуп жатканда тынбай чалып жаткан чөнтөк телефонун намазды бузуп өчүрүү жаизби?

ЖООП

Намазды бузуу арам болот. Намазды бузбастан, аз кыймыл менен өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болсо өчүрүү керек. [Намаздан мурда алдын ала чара көрүү керек. Же өчүрүү керек же болбосо үнүн кыскартуу керек.]

Намазда уктоо

Суроо: Имамга уйган адам намазда өйдө турганда же отурганда уктап калса намазы же даараты бузулабы?

ЖООП

Намазда уктоо дааратты да, намазды да бузбайт.

 

Жаш бала менен намаз

Суроо: Он жашка толгон бир балам бар. Аны менен жамаат болуп намаз окусам болобу?

ЖООП

Жаш бала менен да жамаат болот жана жамаат сообу алынат.

Парзга үлгүрбөй калуу

Суроо: Мечитке келген адам асыр же куптан намазынын сүннөтүнүн башталганын көрсө, эгерде ал дагы окуп баштай турган болсо, бирок, парздын алгачкы рекетине жетишпей кала турганын түшүнсө эмне кылат?

ЖООП

Ошол рекетке жетишпей турган болсо, башкача айтканда, биз сүннөттү окуп жатканда парз окула тургандыктан макрух болот. Ошондуктан, сүннөттү төрт эмес эки рекет кылып окуу керек. Эки рекет кылып окуганда да жетишпей турганын түшүнсө, күтүп турат, намазды баштабай турат.

Жамаат башталса

Суроо: Бешим намазынын парзын жалгыз окудум. Окуп бүткөнүмөн кийин жанымда парзды жамаат болуп окуп башташты. Аларга кошулушум керекпи? Кошулушум керек болсо кантип ниет кыламын?

ЖООП

Жамаат болгондо жамаатка кошулуш керек. "Аллахтын ыраазычылыгы үчүн намаз окууга, уйдум имамга” деп ниет кылсаңыз жетиштүү болот. Бешим менен куптандын парзын гана ушинтип жамаат менен окуй аласыз. Башкаларын окуй албайсыз. Себеби, багымдаттын жана асырдын парзынан кийин напил намаз окулбайт. Шамда болсо үч рекеттик напил намаз болбойт. Бир гана бешим жана куптан намазы окулат.  

Үнсүз салам берүү

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатканда имам намазды бүтүргөндө үнсүз салам бере турган болсо эмне кылуу керек?

ЖООП

Башкалар да салам берип, намаздан чыгышат.

Бут кийимдердин орду

Суроо: Мечитте бут кийимдерди кайда койсо туура болот? Арткабы же алдыгабы?

ЖООП

Уурдалуу коркунучу менен намаз окууда хушуга тоскоол боло тургандыгы үчүн бут кийимдерди артка койгон макрух. Алдыга же оңго койгон да сүннөткө кайчы. Сол жакка коюу сүннөт. Уурдалуу коркунучу жок болсо, башкача айтканда, хушуга тоскоол болбосо артка коюунун да зыяны жок.

Намаз окуп жатканда

Суроо: Мечитте намаз окуп жатканда жаныбыздан өтүп жаткан адам тийип кетпесин деп, кичине капталга жылсак намаз бузулбайбы?

ЖООП

Өз каалообуз менен жылганыбыз үчүн намаз бузулбайт.

 

Такыясыз имам

Суроо: Такыясыз намаз окуткан имамдын артында намаз окулабы?

ЖООП

Окулбайт. Окула турган болсо макрух болот. Такыяга маани бербей жаткан болсо андан да жаман. Акыйдасы туура эмес болушу мүмкүн. Атайылап сүннөттү сактабаган имамдарга уйбаш керек.

Итикафка ниет кылуу

Суроо: Мечитке кирип баратканда эмне себептен "итикафка ниет кылдым” деп айтылууда?

ЖООП

Итикафка ниет кылынганда ал жерде жатуу, жеп-ичүү жана ушул сыяктуу башка нерселер жаиз (уруксат) болот. Итикафка ниет кылынбай турган болсо андай нерселер жасалбайт.

Жамаатка кошулуу

Суроо: Мечитте намаздын парызын жалгыз же жамаат менен окуган адам мечитке келген башка бир топ жамаат болсо ошол жамаатка кошулушу шартпы? Бул маселеге байланыштуу өкүм кандай?

ЖООП

Жамаат намаз окуп жатканда жалгыз намаз окуу же отуруп дуба кылуу, зикир чалуу макрух болот. Же жамаатка кошулуу керек же сыртка чыгып кетүү керек. Бирок, итикафка ниет кылынган болсо мечитте калууга болот. Асыр, багымдат же шамды окугандан кийин кайра жамаатка кошулууга болбойт. Же сыртка чыгуу керек же болбосо итикафка ниет кылуу керек.

Азанчылардын жерлери

Суроо: Кээ бир мечиттерде азанчылардын орду бийик болууда. Ошол жерден имамга уйууга болобу?

ЖООП

Бийик жерде туруунун зыяны жок. Бирок, жалгыз турулса  тахриман макрух болот. Эки же андан көп киши болсо куткарат.

Мечитке баруунун маанилүүлүгү

Суроо: Мечитке бара албай жатамын. Эмне сунуштайсыз?

ЖООП

Мечитке барууну колдон чыгарып албоо керек. Хадиси шарифте айтылат:

"Ар намаз убагында мечитке барган адам же Аллахтын жолунда пайдалана турган бир акырет досту табат же жакшы бир илимге же хидаятын арттыра турган же адашуудан коргой турган бир сөзгө же болбосо Аллахтын ырайымына жетет.” (Табарани)

Аузу бисмиллах

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатканда субаханаканы окугандан кийин аузу бисмиллах айтылабы?

ЖООП

Жок, айтылбайт.

Окугандан кийин

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатканда имам салам берип эле ордунан туруп, Аллахумма антассаламуну өйдө туруп же башка жерде окуй алабы?

ЖООП

Жамаат менен да, жалгыз окуганда да Аллахумма антассаламуну окуп бүтүп анан туруш керек.

3 сажда

Суроо: Имамдан мурда башты саждадан көтөрүү 3 сажда болуп эсептелеби?

ЖООП

Жок

Имамдын атын ниетте айтуу

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатып "уйдум Алиге” деди. Имамдын аты Вали экен. Намазым сахих болобу?

ЖООП

Сахих болбойт. Ошондуктан, имамдын атын айтпоо керек. Бир гана "уйдум имамга” деп айтуу керек.

Экинчи сап

Суроо: Экинчи сап дагы имамдын артынан башталабы?

ЖООП

Ооба.

Алдыңкы саптагы бош орун

Суроо: Алдыңкы сапта бош орун болуп туруп артта жалгыз имамга уйууга болобу?

ЖООП

Макрух болот.

Таспихти тарпай туруп дуба кылуу

Суроо: Имам дуба кыла баштаганда таспихти тартпаган адам дагы дубага кошулушу керекпи?

ЖООП

Таспихти тартып бүтүп дубага кошулса жакшыраак болот. Эгер иши бар болсо таспихти тарпай эле дуба кылса да жаиз болот. Жада калса, таспих тартпай жана дуба кылбай кетсе да жаиз. 

Куптанды окуган адам

Суроо: Куптанды жана витрди да окуп бүткөн адам куптандын парзын окуп жаткан адамга кошулабы?

ЖООП

Напил катары окуса жакшы болот.

Имамдын жанында туруу

Суроо: Имам менен бир киши намаз окуп жатканда бирөө келип имамдын артына же солуна же оңундагы кишинин жанына турса макрух болобу?

ЖООП

Макрух болбойт.

Масбукка уйуу

Суроо: Масбукка уйуу жаизби?

ЖООП

Жок. Масбук имам боло албайт.

Сырттан кирип келген адамдын саламы

Суроо: Мечитте сүннөттү окуп, парзды күтүп жатканда сырттан кирип келген адамдын саламына жооп берүү сүннөт менен парздын арасында бир нерсе окуу сыяктуу болобу?

ЖООП

Ооба. Убакыт тар болсо тафаккур кылуу же ичинен зикир чалып туруу керек. Убакыт кенен болсо каза намаз окуп туруу керек.

Бир кишилик бош орун

Суроо: Жамаат менен намазда эң оң жакта турган адамдын солунда турган кишинин даараты бузулуп чыгып кетсе, бир кишилик орун калууда. Оңдогу да капталга бир кадам жылып, бош орунду толтурса намаз бузулабы?

ЖООП

Бузулбайт.

Жамаатка уйуу

Суроо: Парз намазды жалгыз окуп жаткан адамдын жанында багымдат же шамдын парзы жамаат менен окулуп баштаса ал киши намазды бузуп, имамга уйса болобу?

ЖООП

Ооба, дароо оң жагына салам берип, жамаатка кошулат. Бир гана шам жана багымдат намазында биринчи рекетте сажда кылгандан кийин да намазды бузуп, жамаатка кошулат. Бирок, экинчи рекеттин саждасын кылган болсо, жамаатка кошулбастан намазын аягына чейин бүтүрөт. Башка намаздарда андай эмес.

Төрт рекеттик парздарда биринчи рекеттин саждасын кылбаган болсо дароо оң жагына салам берип, жамаатка кошулат. Биринчи рекеттин саждасын кылган болсо, эки рекет кылып окуп, анан салам берет. Үчүнчү рекеттин саждасын кылбаган болсо өйдө турган абалда бир тарапка салам берип бузат жана жамаатка кошулат. Үчүнчү рекеттин саждасын кылган болсо төрт рекетти толуктайт.

Үнсүз окуу

Суроо: Шам намазын окуп жаткан адамга уйдум. Үнүн чыгарып окуу керек экенин билбегендиктен үнсүз окуду. Менин намазым сахих болдубу?

ЖООП

Ооба, сиздики сахих болот. Анын дагы билбөөсү үзүр болот. Эгер атайылап үнсүз окуганда важипти таштаган болуп эсептелмек.

Имамдын саламы

Суроо: Имам салам бере элек деп ойлоп имамга уйдум. Бир киши мени көрүптүр, саламдан кийин уйдуң деп айтты. Ага ишенип, намазды кайра окушум керекпи?

ЖООП

Ооба.

Жамааттын алдынан өтүү

Суроо: Бөлмөдө имамдын артында бир сап батат. Кийин келгендердин жамааттын алдынан өтүп, имамдын оң жана сол жагына туруулары жаизби? Арткы сап толот деген ой менен имамдын оң жана сол жагында туруу жаизби?  

ЖООП

Экөө тең жаиз.

Коомат окулуп жатканда

Суроо: Комат окулуп жатканда имам өйдө турган болсо жамаат дагы өйдө турушу керекпи?

ЖООП

Өйдө туруу зарыл эмес. Бирок, өйдө туруу жаиз.  

Коомат окулуп жатканда

Суроо: Комат окулуп жатканда мечитке киргенде отуруу керекпи?

ЖООП

Коомат окулуп жатканда мечитке кирип келген адам имам михрабга баруу үчүн өйдө турбаган болсо отурат.

Имам отурганда өйдө туруп күтүү макрух болот. (Н. Ислам)

Далыга сажда кылуу

Суроо: Далыга сажда кылгандын далысына сажда кылуу жаизби?

ЖООП

Экинчи кишинин саждасы сахих эмес.

Аль-Фатиха деп айтылганда

Суроо: Имам Аль-Фатиха деп айтканда салават окуу дагы жакшы болобу?

ЖООП

Ооба.

Имамдын катасы

Суроо: Имам биринчи отурушту унутту. Эскерттик. Бирок, намазды сажда-и сахв кылбастан бүтүрдү. Намазды кайра окуусу важип беле?

ЖООП

Важип эмес эле. Анткени, имамдын сажда-и сахв кылбоого уруксаты бар.

Маликиде салам берүү

Суроо: Имам сажда-и сахв үчүн салам бергенде, Малики мазхабын таклид кылган (туураган) адам сажда-и сахв экенин билбестен салам берсе намаз бузулабы?

ЖООП

 Жок.

Салам бербей туруп кетүү

Суроо: Имам акыркы рекетте салли барикти окугандан кийин саламды унутуп, ордунан туруп кетсе жамаат өзүнчө салам береби?

ЖООП

Ооба.

Акыркы ташаххуд

Суроо: Имамга акыркы ташаххудда уйган адам намазды кантип окуйт?

ЖООП

Жалгыз окуган адам сыяктуу окуйт.

Ашыр окуу

Суроо: Ар намаздан кийин михрабийе, ашыр окуу жаизби?

ЖООП

Ооба.

Михрабийеден кийин

Суроо: Михрабийеден кийин узун салавати шарифа окуу жаизби?

ЖООП

Кээде окуп туруу жаиз. Сүннөт имиш деген пикирди пайда кылбоо үчүн дайым окуубоо керек.

Имамдын ичинен окуусу

Суроо: Имам үнүн чыгарып окуу керек болгон жерде Фатиханын жартысын ичинен окуса, ичинен окуу керек болгон жерде үнүн чыгарып окуса сажда-и сахв керек болобу?

ЖООП

Ооба. Бирок, жамаат менен сажда-и сахв кылбоо жаиз.

Таспихтерди окуу

Суроо: Жамааттан бир киши иши бар болсо таспихтерди жана дубаны күтүп отурбастан эле сыртка чыкса. сыртта же барган жеринде окуусу жаиз болобу?

ЖООП

Ооба.

Тар шым

Суроо: Тар шым кийгенде жамааттан кетүү керекпи?

ЖООП

Жамааттан кетпөө керек.

Имам окуган такбир

Суроо: Имам жаназа намазында үч такбирди окуду. Жамааттан төрт такбир окугандар болду. Булардын намазы сахих болдубу?

ЖООП

Ооба.

Мечит толсо

Суроо: Мечит толо эле. Имамдын акыркы ташаххудда отурганын түшүндүм. Бирөөнүн алды тарабына отурдум. Күнөө болобу?

ЖООП

Зарылдык бар болгондуктан жаиз.

Жамааттын өйдө туруусу

Суроо: Имам төртүнчү рекетке турганды унутуп отурса жамаат өйдө турабы?

ЖООП

Алдыңкы саптагы жамааттан бирөө "субханаллах” деп эскертсе жакшы болот.

Эки намазды жам кылып (кошуп) окуу

Суроо: Эки намазды жам кылып окуган кезде жанымда асырды жамаат болуп окуп башталса бешимди окуп бүтүп, анан аларга кошулсам жаиз болобу?

ЖООП

Ооба.

Имамды укпай калуу

Суроо: Имамдын такбирин уккан жокпуз. Имам рукудан туруп жатканда биз рукуга ийилдик. Саждада имамга жеттик. Намазыбыз сахих болдубу?

ЖООП

Ооба.

Карахат убакытта асыр

Суроо: Карахат убактында асырды дагы жамаат менен окуу керекпи?

ЖООП

Ооба.

Түн ортосунда куптан

Суроо: Куптан түн ортосуна калып кетсе жамаат менен окуган жакшыраакпы?

ЖООП

Ооба.

Субаханаканы окуп жатканда

Суроо: Биз Субаханаканы окуп жатканда имам үнүн чыгарып окуп баштоодо. Имам дем алган учурда калган бөлүгүн толуктоо ылайыктуубу?

ЖООП

Ооба.

Карахат убактында асыр

Суроо: Карахат убактында асырды дагы жамаат менен окуу керекпи?

ЖООП

Ооба.

Саламды созуу

Суроо: Имам оңго салам берип жатканда "Лах” бөлүгүн созуп окууда. Жамаат кыскача салам берүүдө. Имамдан мурда салам берилген болуп калбайбы?

ЖООП

Жок, намаздары сахих.

Имамга уйууга ниет

Суроо: Үйүндөн чыгып жатканда имамга уйууга ниет кылган адам жолдо бирөө менен сүйлөшүп калса, кайра ниет кылууга тийишпи?

ЖООП

Ооба.

Бешинчи рекетке туруп кетүү

Суроо: Имам жаңылып, бешинчи рекетче туруп кетсе, ошол учурда бирөө келип, ага уйса намазы сахих болобу?

ЖООП

Жок, сахих болбойт. Себеби, парз окуй турган адамдын напил намаз окуган адамга уйуусу жаиз эмес.

Окулбаган рекет

Суроо: Имам ташаххуддан кийин бешинчи рекетке туруп кетти. Алтынчы рекетти дагы окуп, анан салам берди. Экинчи рекетте имамга уйдум эле. Имам бешинчи рекетке турганда, ага уйбастан, окубаган биринчи рекетимди жалгыз окудум. Сахих болобу?

ЖООП

Ооба.

Хашр сүрөсүн окуу

Суроо: Хашр сүрөсүнүн акыркы аяттарын имам окуса, жамаат дагы окуган болуп эсептелеби?

ЖООП

Ооба. Анткени, өзүнүн окуусу сүннөт, угуу болсо парз. Сүннөттүн сообу парздын жанында деңизден бир тамчы деле эмес.

Имамдын намазы бузулса

Суроо: Имамда намазды буза турган бир нерсе бар экенин түшүнгөн адам эмне кылууга тийиш?

ЖООП

Ал намазды кайра окуйт. Аны имам намазда эстесе же намаз окуп жатканда намазды буза турган бир нерсе болсо, муну дароо жамаатка билдирет. Намаздан кийин түшүнсө, ошол жамаатта окуган кишилерден эстегендерине айтып, кабар жиберип билдирет. Кабарды алган адам кайра окуйт. Ала албаган кечирилет. Бир кавл боюнча да имамдын жамаатка кабар берүүсү керек эмес.   

Намазда кадам басуу

Суроо: Жамаат менен намаз окуп жатканда алдымдагы саптан бири же жанымдагы киши чыгып кетсе, намаздын ичинде ордуна бир кадам басып өтө аламынбы?

ЖООП

Өтүү керек эмес. Өтүлсө да зыяны жок. Башкача айтканда, алдындагы жана жанындагы орунга да өтүүгө болот.

Имам менен ортодогу аралык

Суроо: Имам менен жамааттын ортосунда 15-16 сантиметрдик бир жол өтүүдө. Жолдун артында калган жамааттын намазы сахих болобу? Жол сыртта, жамаат мечиттин сыртында.

ЖООП

Мечиттин ичи менен сырты бөлөкчө. "Фатава-и Хиндиййа” китебинде айтылат: "Имамга уйууга кедерги болгон себептердин бирөөсү – имам менен жамааттын ортосунда кайык өтө турганчалык дарыя же унаа өтө турганчалык жол же чөлдө окуп жатканда ортодо эки саптык боштук болуусу. Мечиттердин ичинде чоң боштуктун артында имамга уйуу жаиз.” Демек, сыртта болгондуктан ошончолук боштук бар болсо, имамга уйуу жаиз болбой жатат.   

Колдорду байлоо

Суроо: Жамаат отурганда имамга уймакчы болгонубузда колдорубузду байлап жамаатка кошулабызбы?

ЖООП

Колдорду байлоо керек эмес.

Аял киши менен намаз

Суроо: Мен намаз окуп жаткан учурда жубайым же энем же чоочун бир аял менин алдымда намаз окуса намазым болобу?

ЖООП

Сизден тогуз кадам алыстыкта болушса намазыңыз сахих болот.

Имамдын уктоосу

Суроо: Акыркы ташаххудда салли барикти окугандан кийин имам уктап калса же көп убакыт өтүп кеткени үчүн уктап калды деп ойлонсо, жамаатын салам берип, намаздан чыгуусу жаизби?

ЖООП

Ооба.

Намазда эки ниет

Суроо: Бешим, асыр жана куптан намазынын алгачкы сүннөттөрүн окуп жатканда  даараттан кийин окулчу сүбха намазына же тахыййат-ул-масжид намазына дагы ниет кылынса болобу?

ЖООП

Ооба, ниет кылынса жакшы болот. Жада калса, бир сапарга чыгыла турган болсо же сапардан жаңы кайтылган болсо, ниет сообун да алуу үчүн тахыййат-ул-мензил намазына да ниет кылынса болот. Мисалы, "Бүгүнкү бешимдин алгачкы сүннөтүнө, казага калган бешим намазынын эң алгачкы парзына, тахыййат-ул-масжид, тахыййат-ул-мензил жана сүбха намазын окууга” деп ниет кылынат.

Муким катары окуу

Суроо: Анкарага баруу максатында үйдөн чыктым, 10 км алыстыктагы офисиме бардым. Дагы деле Стамбулда болгонум үчүн өзүмдү сафари катары сезбедим. Имам болуп, муким жамаатка бешим намазын окуттум. Менин жана жамааттын намазы сахих болдубу?

ЖООП

Сиздики макрух болуп сахих болду. Жамааттыкы болсо такыр сахих болгон жок. Анткени, парз намаз окугандардын напил намаз окуганга уйуусу жаиз эмес. Сиздин акыркы эки рекетиңиз напил болгондуктан жамааттын намазы сахих болгон жок.  

Теспини ыргытуу

Суроо: Мечитте тесписи жок болгон адамга теспи ыргытуу адепке кайчыбы?

ЖООП

Ооба.

Үйдө жамаат

Суроо: Үйүндө намазын окуган адамдын жанына бир канча киши келип, асыр же шам намазын жамаат менен окуса, анын үйүнөн чыгып туруусу керекпи?

ЖООП

Жок.

Имамдын ордуна өтүү

Суроо: Имамдын даараты бузула турган болсо, анын ордуна өткөн адам кайсы жеринен баштап окуйт?

ЖООП

Башынан же имамдын калган жеринен окуусу жаиз.

Имамдын катасын айтуу

Суроо: Сырттан бирөө имамдын катасын айтса, имам дагы катасын оңдосо жаиз болобу?

ЖООП

Жаиз болбойт.

Намаз окулуп жатканда иштөө

Суроо: Бөлмөдө жамаат менен намаз окулуп жатканда иштесем жаиз болобу?

ЖООП

Намазын окуп алган адам үчүн жаиз.

Намазды кайра окуу

Суроо: Өзүм тааныган салих досторум жамаат болуп асыр намазын окуп жатышкан экен. Мен дагы аларга уйуп окудум. Анан саатымды карасам намаздын убактысы жаңы эле кирген экен. Кайра окудум. Эгер саатымды карабаганымда бул намаз же андан мурда саатымды карабастан арага хусни зан кылып окуган намаздарым эмне болду? Кээде унутуп дааратсыз окутушса же өзүм жакшы деп билген тааныш адамдын кийин ыймансыз экендиги белгилүү болуп калса бардык ушул намаздарыбызды казасын окушубуз керекпи?

ЖООП

Казасын окуу керек эмес. Бул маселеде бир канча мисал төмөндөгүчө:

1 – Динибиз захирди (сыртты) карап өкүм берет. Адамдын дааратсыз экенин эмнеге билбедиң же ыймансыз экенин эмнеге түшүнгөн жоксуң деп сурабайт.    

2 – Имам унутуп дааратсыз окутса, намаздан кийин эстесе, бирок, жамаатка айтпаса, даарат алып намазын окуса, жамаатка айтпаганы үчүн күнөө кылган болбойт. Эгер жамаатка менин дааратым жок эле деп айткан болсо, уккандардын кайра окуусу керек болот. Укпагандар жоопкер болбойт.

3 – Васваса ккылуудан сактануу керек. Ибадатта занн-ы галип жетиштүү болот. Мисалы, гусул алып мончодон чыкса, бирок, кээ бир жерлерине суу тийбей калган болсо, суу тийбей калганын билбесе гусулу сахих болот. Ушул сыяктуу бир адам курамында чочко майы болгон бир нерсе жесе, бирок, чочко майы бар экенин билбесе, билбегендиги үчүн ага күнөө болбойт.

4 – Изилдештирип кыбыла тарап экен деп терс жакты караса дагы намазы сахих болот.    

5 – Айт айын карай турган болсо, асман булуттуу болгондуктан көрүлбөсө, бирок, чындыгында эртеси күнү айт болсо, ошол киши айды көрбөгөндүгү үчүн эртеси күнү (айт күнү) орозо кармаса, күнөө да болбойт, кармаган орозосу да рамазандын айынан эсептелет.  

Рукуга ийилүү

Суроо: Жамаатка имам рукуда болгон кезде кошулган масбук жалгыз такбир айтып рукуга ийилеби же такбир айткандан кийин дагы бир жолу "Аллаху акбар” деп рукуга ийилеби?

ЖООП: Убакыт жетиштүү болсо ийилип жатканда дагы такбир айтат, болбосо бир гана ифтитах такбири жетиштүү.

Намаз окуган адам

Суроо: Парз намазды окуган адам намаз окубаган башка бир адамга имам болуп намаз окута алабы?

ЖООП: Окута албайт. Шафии мазхабында окута алат.

Алгачкы отуруш

Суроо: Имамга кийинки рекеттерде уйган кезде алгачкы отурушта бир гана аттахыяту окулабы?

ЖООП: Ооба.

Парздан кийин сүннөт

Суроо: Бешим намазынын парзы окулуп жатканда имамга уйган адам алгачкы сүннөттү парздан кийин окушу керекпи же акыркы сүннөттөн кийин окушу керекпи? Куптан намазында дагы ушундайбы?

ЖООПАлгачкы сүннөттү биринчи окуйт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш