Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссалам өмүрүнүн акырына чейин
намаз окуган жокпу? Намаз убакыттары, парз жана сүннөт намаздар белгилүү
эмеспи? Мазхабсыз бир киши: «Куптандын алгачкы сүннөтүнө тийиштүү бир далил
жок, муну мазхаб имамдары ойдон чыгарышкан», - дейт. Мунун оюнча мазхаб
имамдары намаз ойлоп чыккыдай дин душманы беле?
ЖООП
Бул – мазхаб имамдарыбызга карата кылынган өтө чоң
жалаа. Минтип айтуу менен ал өзүнүн мазхаб имамдарына уйбагандыгын, мазхабсыз
экендигин ачык билдирүүдө. Мазхабыбыз «Куптандын алгачкы сүннөтү бар» деген
болсо бар. Албетте, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүрүнүн
акырына чейин окуган жана кантип окугандыгын бардык Асхабы кирам көрүп
билдиришкен, мазхаб имамдары болсо бул өкүмдү негиз катары алышкан. Алгач фыкых
китептериндеги мазхабыбыздын өкүмүн карайлы:
Куртан намазынын парзынан мурда төрт, парздан
кийин эки же төрт рекет намаз окулат. Даримиде билдирилген
хадиси шарифте Хазрети Айша энебиз: «Расулуллах алейхиссалам куптандын парзынан
мурда жана кийин төрт рекет намаз окуп жатчу», - деп кабарлаган. (Аль-фыкх-у
алаль-мазахиб-иль-арбеа)
Куптандан мурда жана кийин окулган төрт рекет
намаз – гайри муаккад сүннөт. Мунун далили – Хазрети Айша энебизден риваят
кылынган мына бул хадиси шариф: «Расулуллах алейхиссалам куптандын парзынан
мурда жана кийин төрт рекет намаз окуп жатчу.» (Маракыл-Фалах)
Куптандын парзынан мурда төрт рекет намаз окуу
мустахаб. (Дурр-уль мухтар)
Имдад китебинде Ихтиярдан накыл кылынып
мындай делинген: «Куптандан мурда төрт рекет намаз окуу мустаахаб.» (Ибни
Абидин)
Куптандын парзынан мурда төрт рекет сүннөт
окулат. (Кудури)
Куптандын парзынан мурдагы төрт рекет сүннөт гайри
муаккада. (Мажмуа-и Зухдиййа)
Куптандан мурда окулган төрт рекет намаз гайри
муаккад сүннөт. (Аль-Мавсили, Аль-Ихтияр)
Куптандан мурдагы сүннөт болсо төрт рекет. Муну
эки рекет кылуу да жаиз. Бул төрт рекет сүннөт мустахаб. (Халеби)
Куптандын парзынан мурда жана кийин төрт рекет
сүннөт окуу мандуб. Канзда да ушундай. (Хиндиййа)
Асырдын алгачкы сүннөтү куптандын алгачкы
сүннөтүнөн да пазилеттүү. (Дарими билдирген хадиси шарифте) Хазрети Айша
энебизден:
«Расулуллах куптандын парзынан мурда төрт,
парзынан кийин да төрт рекет окуп жатчу», - делген. (Нимат-и Ислам)
Дагы башка хадиси шарифте мындай делген:
«Ар азан менен коомат арасында бир нафил
намаз бар.» (Бухари,
Муслим, Абу Давуд, Несаи)
Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Ар
эки азан арасында намаз бар, ар эки азан арасында намаз бар, каалаган
окусун!» - деп буюрган. Шарх-и Масабихте бул хадиси шарифтин намаз
менен коомат арасында нафил намаз окууга үндөө үчүн болгондугу билдирилген.
Азан менен коомат арасында кылынган дуба бул убакыттын кадыры себебинен
кайтарылбайт. Имам Азам хазреттери шам намазынан мурда нафил намаз окулуусуна
макрух деген. Себеби, Бурайдатуль Аслами билдирген хадиси шарифте: «Ар
азандан кийин эки рекет нафил намаз бар. Бир гана шам намазында жок», - деп
буюрулду. (Шира шархы)
Фыкых илиминде парздан башка намаздар нафил деп
аталат. Сүннөттөр да нафил намаздар. Бул хадиси шарифтин дагы куптандын
парзынан мурда окулган сүннөткө далил болгондугун Ханафи аалымдары билдиришкен.