Ислам дини » Намаз » Субха намазы




Субха намазы


Даарат алгандан кийин окулган 2 рекет намаз субха намазы деп аталат. Макрух убакыттардан сырткары бардык убакыттарда окулат. Даарат алгандан же гусул алгандан кийин дароо субха окугусу келген адам казасы бар болсо каза намазын окууга дагы, субха намазын окууга дагы ниет кылса, казасын да өтөгөн болот, субха сообуна да жеткен болот.

Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулду:

«Жакшылап даарат алып, васвасасыз эки рекет намаз окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.» [Бухари]

«Жаннатта Билалга бул макамга кантип келгендигин сурадым. «Ар даарат алгандан кийин эки рекет намаз окучумун», - деп жооп берди. [Бухари]

Субха намазынан кийин кылынган дуба кабыл болот. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Аллаху таала мындай деп буюрду: Даараты бузулганда даарат албаган адам мага жапа кылган болот. Даарат алган болуп, эки рекет намаз окубаган адам дагы мага жапа кылган болот. Эки рекет намаз окуп, менден бир муктаждыгын сурабаса анда да мага жама кылган болот. Даарат алып, эки рекет намаз окугандан кийин дуба кылган адамдын дубасын кабыл кылбасам, мен дагы ага жапа кылган болот. Бирок, мен жапа кылбайм.» [Шира]

Эки ишке бир ниет

Суроо: Бир адам даарат алганда дароо кандайдыр бир намаз окуса, мисалы, каза окуса, ниет кылбаса дагы даараттан кийин окулган субха намазынын ордуна өтөбү?

ЖООП

Ооба, өтөт. Бир адам мечитке киргенде парз, важиб, сүннөт же нафил намаз окуса тахыййат-ул масжидге эч ниет кылбаса да тахыййат-ул масжид намазы окулган болот. Бир кедей Курман айт күндөрүндө нафил ниети менен таваф кылса да парз ордуна өтөт. Йавм-и шайта, тагыраагы Шабан айынын акыркы күнү нафил орозого ниет кылып, кийин ал күндүн Рамазандан экендиги түшүнүлсө, ал адамдын кармаган орозосу Рамазан орозосу болот. Соор убактысы эки рекет рахажжуд намазына ниет кылып, кийин фажрдын туулгандыгы, тагыраагы, таң болгондугу түшүнүлсө бул эки рекет багымдат намазынын сүннөтүнүн ордуна өтөт. «Муаййан күнү [мисалы, Зилхижжа айынын алтынчы Бейшемби күнү] орозо кармайм» деп адак кылган адам ал күнү нафил орозо кармаса назири, тагыраагы, кылган адакынын ордуна өтөт. (Радд-ул мухтар)

Суроо: Даарат алгандан 1-2 саат кийин Субха, тагыраагы, даарат үчүн шүгүр намазы окулса жаиз болобу?

ЖООП

Жаиз болсо да кечиктирбестен окуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш