Ислам дини » Намаз » Аввабин намазы




Аввабин намазы


Суроо: Авввабин намазы кайсы намаз, кантип окулат?

ЖООП

Шам намазынан кийин окулган нафил намаз аввабин намазы деп аталат, бул намазды окуу мустахаб. Алты рекет кылып окулат.

Баарын бир салам менен же эки рекетте бир салам берип окууга болот. Эки түрдө тең алгачкы эки рекеттери шам намазынын сүннөтү ордуна эсептелет. Бул намазды сүннөттөн кийин өзүнчө кылса да болот. Эки хадиси шарифтин мааниси:

«Шам намазынан кийин алты рекет окуган адамдын күнөөлөрү деңиз көбүгүнчөлүк болсо да кечирилет.» [Табарани]

«Шам намазынан кийин арада жаман нерсе сүйлөбөстөн, алты рекет нафил намаз окуу он жылдык ибадатка тең болот.» [Тирмизи]

Аввабин намазын окуп атканда казага ниет кылынса бул чоң соопторго да жеткен, каза карызы да өтөлгөн болот. Каза карызы болгон адам казага ниет кылбастан нафил болгон аввабин намазын окуса бул соопторго жете албайт. Себеби, Хазрети Али накыл кылган бир хадиси шарифтин мааниси мындай: «Парз намаз карызы болгондун нафил окуусу төрөтү жакындаган кезде баласын түшүрүп алган аялга окшойт. Бул аялды боюнда бар деп да айта албайсың, эне деп да айта албайсың. Бул адам дагы ушундай болуп, парз намаздарын өтөмөйүнчө Аллаху таала анын нафил намаздарын кабыл кылбайт.» [Захира-и Фыкх, Футух-ул-гайб м.48]

Суроо: Аввабин намазы делген намаз барбы?

ЖООП

Шам намазынын парзынан кийин окулган алты рекет намаз Аввабин намазы деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш