Суроо: Каза намазы
бар адам жума намазынын парзын жана сүннөттөрүн окуп жатканда кантип ниет
кылат?
ЖООП
Бөлүмдөр менен билдирели:
1-Жуманын алгачкы
төрт рекет сүннөтүн окуурда «Алгачкы
казага калган бешим намазынын парзын жана жуманын сүннөтүн окууга» деп ниет
кылынат. Бешимдин парзы делгендей эле «Асырдын же куптандын парзын окууга» деп
да ниет кылууга болот. Бешимдин парзы сыяктуу окулат.
2-Жуманын эки рекет
парзы имам менен окулат. «Ниет эттим
жума намазынын парзын окууга, уюудум имамга» делет.
3-Жуманын төрт рекет
акыркы сүннөтүн окуурда «Алгачкы казага
калган бешим намазынын парзын жана жуманын акыркы сүннөтүн окууга» деп ниет
кылынат. Бешимдин парзы делгендей эле «Асырдын же куптандын парзын окууга» деп
да ниет кылууга болот. Бешимдин парзы сыяктуу окулат.
4-Зухр-и ахир намазын
окуурда «Убактысына жетишип, окуй албай
калган акыркы бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылынып, төрт рекет
намаз окулат. Бешимдин парзы сыяктуу окулат. Казасы болбогон адамдын бешимдин
сүннөтү сыяктуу окуусу, тагыраагы, үчүнчү жана төртүнчү рекеттерде замм сүрө
окуусу жакшы болот. Жума намазы сахих болсо, бул окуганы нафил болот.
Сафари болгон зухр-и ахирди эки рекет кылып окуйт.
Асырды маалында окуй албай турган болсо сафари болгон адамга жума намазы парз
болбогондугу үчүн жуманы окубайт. Малики мазхабын таклид кылып, бешим менен асырды
жам кылат. Сафари болгондугу үчүн бешимдин парзын эки рекет кылып окуйт,
аркасынан асырдын парзын да эки рекет кылып окуйт. Экөөнүн арасында сүннөт
окулбайт.
Муким кезде зухр-и ахир намазын окубастан сапарга
чыгууга ниет кылса, сапарда болсо асырды окуй албай калуу жагдайы бар болсо
бешим менен асырды Ханбали мазхабын таклид кылып жам кылат. Муким болгондугу
үчүн жам кылып жатканда бешимди да, асырды да төрт рекет кылып окуйт. Арада
сүннөт окулбайт.
5-Акыркы эки рекет
убакыттын сүннөтүн окуурда «Алгачкы
казага калган багымдат намазынын парзын жана убакыттын сүннөтүн окууга» деп
ниет кылынат.
Казасы болбогон адам жогоруда билдирилгендей ниет
кылып окуусунда зыян жок, атүгүл жакшы болот.