Ислам дини » Намаз » Убактысына жетишип, окуй албай калган...




Убактысына жетишип, окуй албай калган...


Суроо: Кээде убактысына жетишип, окуй албай калган алгачкы ... намазынын парзын окууга, кээде соңку ... делүүдө. Алгачкы же соңку делгенде эмне өзгөрүүдө? Ошондой эле, эмне үчүн убактысына жетишип, окуй албай калган ... намазынын парзы делүүдө? Жума күнү зухри ахир окуп жатканда да эмне үчүн мындай кылынууда? Убакыт киргенде намазды адаасы (өтөлүүсү) парз болбойбу?

ЖООП

Бир намаздын убактысы киргенде дароо адаасы парз болбойт, ал убакыт чыгып жатканда ал убакыттыкын окуй турганчалык бир убакыт калганда окулуусу парз болот. Убакыт киргенде окулуусу дароо парз болбойт, андай болсо он мүнөт, жарым саат, бир саат кийин окуу харам болот. Албетте, дароо окулса жакшы болот, бирок, окулуусу бир гана убакыттын акырында парз болууда. Бир адам убакыт киргенден кийин намаз окубастан өлсө ал убакыттын намазын окубагандыгы үчүн жоопкер болбойт, себеби, ал убакыттын намазын окуй турганчалык убакыт калганда парз болот. Бирок, бир намаздын убактысы келгенде бул намазды окууну башталган убакыт окуу парз болот. Окулганда парз өтөлгөн болот.

Ошондуктан, Жума күнү зухри ахир намазын окуп жатканда «Үстүмө адаасы (окулуусу) парз болгон» дебестен «Убактысына жетишип, окуй албай калган соңку бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылуу керек. Же «Үстүмө соңку парз болгон окубаган бешим намазын окууга» делиши керек. Экөө тең бир мааниде.

Эгер Жума намазы сахих болгон болсо, эң акыркы казага калган бешим намазынын казасы окулган болот. Жума сахих болбогон болсо, бүгүнкү бешим намазы окулган болот. Бул жерде үстүмө акыркы парз болгон деп эмес алгачкы парз болгон деп ниет кылынса алгачкы казага калган бир намаз окулган болот, бешим намазы окулбаган болот. Алгачкы жана акыркы деп ниет кылуунун мааниси мына ушул жерде. Каза намаздарында болсо алгачкы казага деп ниет кылып баштаган жакшы.

Мусулман болбогон өлкөлөрдө жамаат менен окулган бир намазда имамдын итикадынан шек саналган болсо, жамаат менен окугандан кийин кайра окуурда дагы эле ушундайча «Убактысына жетишип, окуй албай калган акыркы ... намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат. Эгер чындыгында имамдын итикады бузук болсо, бул окулган намаз адаа кылынат. Имамдын итикады туура болсо ал убакыттын акыркы казага калган намазынын казасы окулган болот.

Эмне үчүн окубаганэмес окуй албай калган деп ниет кылуу ылайыктуу дей турган болсок, окубоодо бир кемчилик бардай көрүнүүдө. Окуй албоодо болсо бир кечиримдүү себеп болуусу мүмкүн экендиги түшүнүлүүдө. Бул жерде кечирим тилөөнүн бир түрү бар. Ошондо да окубай калган дегендин да зыяны жок.

Уюлдарда багымдат жана куптан намаздарынын убактысы кирбеген кездерде да ушинтип ниет кылууга болот. Убакыт кирмейинче убактысында окуудамын делбейт, куптанды окуудамын делип, ушундайча парз деген аалымдарга уюулган болот. Бирок, калган аалымдарга карата убакыт кирбегендиги үчүн сахих болбосо, убактысына жетишип, окуй албай калган акыркы куптан намазынын парзына делүүсү ылайыктуураак болот. Ушундай ниет кылынып куптан же багымдат окулса эки кавилге тең уюулган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш