Ислам дини » Намаз » Намаз окубаган адамдын жакшылыгы




Намаз окубаган адамдын жакшылыгы


Суроо: "Намаз окубаган адамдын бир дагы жакшылыгына сооп берилбейт жана арам иш кылган адамдын ибадаттары кабыл болбойт”, - деп айтылууда. Аллах жакшылыктарыбызды эмне үчүн текке кетирүүдө?   

ЖООП: Аллаху таала жакшылыктарды текке кетирбейт. Эч кимге адилетсиздик кылбайт. Намаз окубоо - эң чоң күнөөлөрдүн бири. Башкача айтканда, намаз окубоо арам. "Арам иш кылган адамдын ибадаты кабыл болбойт” дегени ошол ибадат үчүн билдирилген чоң соопторго жете албайт, тагыраагы, соопторунун бардыгын коргой албайт, анткени, күнөөлөр ошол соопторду азайтат дегенди билдирет. Болбосо, эч кандай сооп ала албайт дегенди билдирбейт. Ар бир ибадаттан сооп алынат, бирок, кылынган арам иштер соопторду алып кетет. Айталы, орозо кармаган адамга 70 сооп берилсе, ичкилик ичкен адамга болсо 70 күнөө жазылса, орозону ичкилик менен ачкан адам 70 сооп алып жатканда, ичкилик ичкендиги үчүн 70 күнөө жүктөлөт жана соопсуз калат. Эгерде орозо кармабаганда ичкиликтин күнөөсү ошол бойдон калмак.

Орозонун ичкиликтин күнөөсүнүн кечирилишине себеп болгону жетиштүү эмеспи? Күнөө кылгандардын да ибадаттарын таштап койбоолору керек. Эгер башка күнөөлөрдү дагы кылган болсо сооптору минуска кирет. Эгер намаз окубоо миң күнөө болсо, канчалык жакшылык жана ибадат кылбайлы, миң соопту таба албайбыз. Нафил ибадаттар парздардын жанында деңизде тамчы да болбогондуктан кылынбаган парздардын күнөөлөрү ошол жакшылыктарды алып кетет, адам эч кандай жакшылык кылбагандай абалда болуп калат. "Жакшылыктарына сооп берилбейт же арам иш кылган адамдын ибадаттары кабыл болбойт” дегендин мааниси - мына ушул. "Намазы казага калган адамдын нафил намаздары кабыл болбойт” дегендин мааниси да ушундай. Парзды кечиктирип, нафил менен алек болгондо, парзды кечиктирүүнүн күнөөсү нафил намазынын сообунан көп болгондуктан, нафил намаздар текке кеткен болот. Болбосо, нафил намаз окугандыгы сөзсүз сооп алат. Бирок, зыяны пайдасынан өтө көп болот. Анткени, парздын жанында нафилдер деңизде бир тамчы да эмес.

Жогорудагы маалыматтар акыйдасы туура болгон, тагыраагы, Ахли сүннөт акыйдасындагы мусулмандар үчүн. Ахли сүннөт акыйдасында болбогон адам бидатчы деп аталат. Бидатчынын ибадаттары сахих болсо дагы, акыретте дүнүйөдө кылган жакшылыктарынын, кайрымдуулуктарынын сообун ала албайт. (Жаннат Жолу Илмихали)

Ыймансыздардын жана бидатчылардын жакшылыктары четке кагылып, жамандыктары үчүн болсо жазаланышат. (Жооп Бере Албады)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш