Ислам дини » Намаз » Сүннөттөр дагы нафил




Сүннөттөр дагы нафил


Суроо: Нафил намаз деген эмне? Беш маал намаздын сүннөттөрү да нафил намазбы?

ЖООП: Нафил намаз – парз жана важибден башка намаздар. Беш маал намаздын сүннөттөрү жана башка важиб болбогон намаздар нафил. Муаккад болгон жана болбогон бардык сүннөттөр нафил. Алгач бир канча хадиси шарифтерди билдирели:

"Бешимдин парзынан мурун 4, кийин 2, шам менен куптандын парзынан кийин 2, багымдаттын парзынан мурун 2 рекет болуп, күндө 12 рекет нафил окуган адам Бейишке кирет.” [Несаи]

"Бешимдин парзынан мурун жана кийин 4 рекет нафил окууну уланткан адамга Тозок арам болот.” [Тирмизи]

 Аиша энебиз: "Расулуллах багымдат намазынын эки рекет нафилинен башка калгандарын туруктуу окучу эмес”, - деп буюрду. [Бухари]

Бардык фикх китептеринде сүннөттөрдүн да нафил экенин билдирүүдө. Бир канча мисал келтирели:

1 – Нафил – парз жана важиб болбогон ибадаттар. Бардык сүнөттөр нафил деп аталат. (Тахтави)

2 – Нафилдер реватиб жана регаиб болуп экиге бөлүнөт. Реватиб – муаккад жана муаккад эмес катары парздардан мурун же кийин окулган сүннөттөр. Регаиб – Духа, Аввабин жана Тахажжуд сыяктуу башка нафилдер. Сүннөттөргө нафил деп айтылуусу нафил сөзүнүн ар тараптуу болгондугунан. Ар бир сүннөт нафил, бирок, ар бир нафил сүннөт эмес. (Нимет-и Ислам)

3 – Нафилдерди Реватиб сүннөттөрдү бир гана намаз окууга же сүннөттөн башка бир намаз окууга ниет кылганда сахих болот. (Эшбах) Белгилүү болуп жаткандай, намаздын убактысы ичинде, ошол убакыттын парзынан башка окулган ар бир намаз, мисалы, каза намазы ошол убакыттын сүннөтү да болот. Сүннөттүн ордуна казага да ниет кылынганда, сүннөт ташталган болбойт.  

4 – Бир гана намазга ниет кылып окулган сүннөт сахих болот. Анткени, беш маал намаздын сүннөтү – бул Расулуллах окуган намаз дегендик. Бул намаздар сүннөт деп кийин аталган. Расулуллах беш маал намаздын сүннөттөрүн окуп жатканда бир гана "Аллахтын ыраазылыгы үчүн намаз окууга” деп ниет кылчу. "Сүннөттү” окууга деп ниет кылчу эмес. Ар бир убакыт ичинде ушинтип окулган ар бир намаз сүннөт деп аталган намаз болот. (Радд-ул мухтар, Уйун-ул басаир, Халеби)

5 – "Тажнис” китебинде билдирилгендей, беш маал намаздын сүннөттөрү нафил намаздар. Нафил ниети менен дагы окулат. (Радд-ул-мухтар)

6 – Беш маал намаздын сүннөттөрү жана таравих намазы нафил намаздар. Буларды окуп жатканда бир гана намазга деп ниет кылынса жетиштүү. (Дурр-ул-мухтар, Дурар)

7 – Беш маал намаздын сүннөттөрү жана башка важиб болбогон намаздар нафил. Муаккад болгон жана болбогон бардык сүннөттөр нафил. (Дурр-ул-мухтар, Радд-ул-мухтар, Халеби)

8 – Ар бир сүннөт нафил, бирок, ар нафил да сүннөт эмес. (Радд-ул-мухтар, Нимат-и Ислам)

9 – Беш маал намаздын сүннөттөрүн үзүрсүз отуруп окуу жаиз. Анткени, бул сүннөттөр нафил намаздар. (Жавхара, Хидая)

10 – Нафил намаз делгенде сүннөттөр да түшүнүлөт. Казы Имам Абу Зейд: "Нафил окуу парздагы кемчиликтерди толуктоо үчүн буйрук кылынды. Эгер бир адам парзды кемчиликсиз окуй алса, сүннөттөрдү окубагандыгы үчүн ага бир нерсе делбейт”, - деди. (Дурар)

11 – Парздан карызы бар адамдын нафил намаздары кабыл болбойт. Сүннөттөр дагы нафил. (Н. Фикхиййа)

12 – Сүннөттөрдүн ордуна каза окулганда, сүннөттүн сообу да пайда болот. (Мект. Масумиййа 2/63)

13 – Башка үч мазхабда да дал Ханафиде болгондой сүннөттөр нафил. (Мазахиб-и арбаъа)

14 – Нафилдердин баркы парзга салыштырмалуу эч нерседей эмес. Океанга салыштырмалуу бир тамчыдай да эмес. Сүннөт дагы парздын алдында океандын алдындагы бир тамчы сыяктуу. (Мект. Раббани 1/260)

15 – Регаиб жана реватиб намаздар соопто жана үстөмдүктө парзга жете албайт. Эч бир нафил менен парз карызы өтөлбөйт. Карапайым эл айткандай парзды таштап, нафил менен алектенүүнүн, мисалы, Аввабиндин парз казаларынын ордуна өтө тургандыгын айтуунун динде орду жок. (Рух-ул-баян 3/127)

16 – Хазрети Али риваят кылган хадиси шарифте: "Парз карызы бар адамдын нафил окуусу төрөт алдында баласын алдырган кош бойлуу аялга окшош. Бул аялга кош бойлуу да, эне деп да айтылбайт. Ал адам да ушундай болуп, парз намаздарын орундамайынча Аллаху таала анын нафил намаздарын кабыл албайт”, - деп айтылган. [Захира-и Фикх, Футух-ул-гайб м. 48]

 Бул хадисти чечмелеген Ханафи аалымдарынан Абдулхак Дехлеви хазреттери айтат:

"Бул хадиси шариф парз карызы бар адамдын сүннөттөрүнүн кабыл болбой турганын көрсөтүүдө. Анткени, сүннөттөр да нафил.” 

Беш маалдын сүннөттөрү да нафил 

Суроо: Кээ бир адамдар каза намазы карызы барлардын сүннөт намаздардын ордуна да каза намаз окуусуна "сүннөттөрдү таштоого болбойт” деп каршы чыгышууда. Беш маалдын сүннөттөрү да нафил эмеспи, нафилдин ордуна каза намаз окуса болбойбу?

ЖООП: Маселеге байланыштуу Меракыл-фелахта жана аны түшүндүргөн Тахтави айтат:

"Багымдат намазынын парзынан кийин күн чыкканга чейин нафил намаздарды окуу тахриман макрух. Эгер багымдат намазынын сүннөтүн мурда окубаган болсо, аны окуу да бул тыюунун ичинде. Анткени, бул убакыт парз кылуу үчүн гана бөлүнгөн. Тактап айтканда, парздан кийин күн чыкканга чейин намаз окубаган адам тынымсыз парз окуган болуп эсептелет. Бул багымдаттын сүннөтү болсо дагы, нафил окуудан жакшыраак. Бирок, бул убакта каза намаз окуу макрух эмес. Анткени, өкүм жагынан парз окуган болуп эсептелүү сүннөттөн жакшыраак. Каза намазы окуу болсо чыныгы парз окуу болуп, мындан да жакшыраак.

Намаз убактысы аз калган учурда нафил окуу тахриман макрух. Анткени, бул парз убактысын өткөрүп жиберүүгө себеп болот. Зарыл эмес намазды окуу менен зарыл болгон намазды өткөрүп жиберген болуп, бул акыл-эстүү адамдын иши эмес. Күн чыгып жатканда, тикеде болгон учурда жана батып жатканда да нафил окуу мына ушундай. Бул нафилдер беш убак намаздын сүннөттөрү болсо дагы ушундай.”

Сүннөттөрдүн нафил намазы экендиги ушул жерден да түшүнүлүүдө. Сүннөттөрдүн нафил намазы экендиги, ошондуктан үзүрсүз жаныбардын үстүндө окууга боло тургандыгы Жавхарада да ачык жазылган. Хадикада айтылат:

"Намаздын убактысы чыгайын деп калганда парздан мурунку сүннөттү окуу парздын казага калуусуна себеп болсо, ал сүннөттү окуу харам болот. Парз эмес бир нерсени кылуу үчүн парзды таштоо жаиз эмес.”

Көптөгөн Ханафи китептеринде, Дурр-ул-мухтар, Ибни Абидин, Мултака шархы болгон Дурр-ул-мунтакада жана Ниъмат-и Исламда айтылат:

"Бир хаким (казы, сот) өз милдетин аткаруу, бир окуучу дин сабагын калтырбоо үчүн багымдат намазынан башка намаздардын сүннөттөрүн таштай алат.”

Эгер хакимдин милдети фарз-и айн эместигине карабастан сүннөттөрдү таштоо үчүн үзүр деп эсептелгенден кийин, көбөйүп кеткен каза намаздарды окуу фарз-и айн жана жазасы катуу болуп турганда, буларды орундоо үзүр болбойбу?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш