Суроо: Пайгамбарыбыз: "Сүннөтүмдү
таштаганга шапаатым арам”, - деп айтканына ылайык, сүннөттөрдүн ордуна
каза окуу арам болуп жаткан жокпу?
ЖООП: Жок, каза
окулганда сүннөт да аткарылган болот. Муну бир нече жол менен түшүндүрөлү:
1-Сүннөттөрдүн
ордуна каза окуган адам сүннөттү таштаган болбойт. Анткени, Пайгамбарыбыз
алейхиссалам парздын жанында нафил намаз да окучу. Окугандары биз үчүн сүннөт
болгон. Беш маал намаздын сүннөттөрүн окуудан максат – ошол убакта парздан
башка бир намаз дагы окуу. Парздын жанында каза окулганда дагы эле сүннөт
окулган болууда. Бир гана парзды окуп, андан башка эч нерсе окубаса, ошондо
гана сүннөттү таштаган болот. (Навадир-и Фикхия)
2-Каза намазы
карызы бар адамдын сүннөт жана нафил окуусу акылсыздык. Төрт мазхабда тең каза
окуусу керек. Диний китептерде айтылат: "Каза намазы карызы бар болуп туруп
нафил окуу акылсыздык.” (Бей жана Шира рисаласы)
Хазрети Али риваят кылган хадиси
шарифте: "Парз карызы бар адамдын нафил окуусу төрөт алдында баласын
алдырган кош бойлуу аялга окшош. Бул аялга кош бойлуу да, эне деп да айтылбайт.
Ал адам да ушундай болуп, парз намаздарын орундамайынча Аллаху таала анын нафил
намаздарын кабыл албайт”, - деп айтылган. [Захира-и Фикх,
Футух-ул-гайб м. 48]
(Бул хадисти чечмелеген Ханафи аалымдарынан
Абдулхак Дехлеви хазреттери айтат: "Бул хадиси шариф парз карызы бар адамдын
сүннөттөрүнүн да кабыл болбой турганын көрсөтүүдө. Анткени, сүннөттөр да
нафил.”)
Сеййид Абдулкадир Гейлани
хазреттери айтат: "Парз намазы карызы бар адамдын нафили кабыл
болбойт” хадиси шарифи көрсөтүп тургандай, парз карызы бар болуп туруп
нафил менен алек болуу акылсыздык. Каза карызы бар адамдын нафил окуусу аласасы
бар адамга карыз алган адамдын белек берүүсүнө окшош болуп, албетте, кабыл
болбойт. Момун бир соодагерге окшош. Парздары сармаясы (капиталы), нафилдери
болсо кирешеси. Сармая сактап калынмайынча киреше болбойт. (Футух-ул-гайб м.
48)
Хазрети Абу Бакр Хазрети Омарга
кылган осуятында мындай деди:
Мойнунда парз карызы бар адамдын
нафил ибадаттарын Аллаху таала кабыл албайт. (Китаб-ул Хараж)
3- "Сүннөтүмдү
таштаган адамга шапаат кылбайм” хадиси шарифиндеги сүннөт намаздын сүннөттөрү эмес,
башка сүннөттөр да эмес. Ислам дини дегендик. Бул жерде сүннөт – жол дегендик.
Менин сүннөтүм дегени – менин жолум дегендик. Шейх-ул-Ислам Ибни Кемал Пашазада
хазреттери "Шарх-и хадис-и арбаин” китебинде "Сүннөтүмдү
таштаган адамга шапаатым арам болду” хадиси шарифин чечмелеп, мындай
дейт: "Бул хадиси шарифтеги сүннөт – Ислам дини дегендик. Анткени, момун чоң
күнөө кылса дагы шапааттан куру калбайт. Чындыгында хадиси шарифте айтылды:
"Үммөтүмдөн чоң
күнөө кылгандарга шапаат кылам.” [Абу Давуд]
Намаздын сүннөттөрүн болобу,
башка сүннөттөрдү болобу таштоо чоң күнөө эмес. Чоң күнөөлөргө шапаат
кылынгандан кийин, сүннөттү таштаганга сөзсүз шапаат кылынат.”
"Сүннөттүн ордуна каза окуба,
шапааттан куру каласың”, - дегендердин сүннөттөрдүн көбүн орундабаганы көрүлөт.
Ал сүннөттөр тууралуу сайтыбызда төмөндөгү линктеги жазууда маалымат бар:
Унутулган
сүннөттөр жана парздар
Аларды
орундоо албетте чоң немат жана саадат. Бирок, алардын бир бөлүгүн орундабаган
мусулманга "Сен шапааттан куру каласың” деп айтуу чоң жаңылыш. Анткени,
Пайгамбарыбыз алейхиссалам чоң күнөө кылгандарга дагы шапаат кылат. (Абу
Давуд)