Ислам дини » Намаз » Фитнага себеп болбоо керек




Фитнага себеп болбоо керек


Суроо: Фитна болсо да, башкалар жинденсе да намазды алардын көзүнчө амр-и маруф ниети менен окуу керек эмеспи? Же фитнага себеп болбоо үчүн ибадатты жашыруу керекпи?

ЖООП: Фитнага себеп болбоо жана зыяндарынан коргонуу үчүн дин душмандарынан ибадатты жашыруу керек.  Мындай адамдардын жанында ашкере ибадат кылуу амри маруф болбойт, фитна болот. Фитна чыгаруу арам. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Ушундай бир мезгил келет, азыр араңарда мунафыктар жашырынгандай, ибадат кылгансып көрүнгөндөй эле, ошол кезде да момундар жашынат, ибадаттарын жашыруун кылышат.” [Ибни Сүнни] 

Суроо: Коркунуч пайда болгондо намазды отуруп же има (баш ийкөө) менен окуу жаизби?

ЖООП: Душмандардан же жырткыч айбандардан коркуп же ооруп өйдө тура албаган же баткак болуп кургак жер таппай калган адам намазын има менен окуйт. Аларды кийин кайтарып окуунун кереги жок. (Халеби) 

Суроо: Намаз окуганыбыз билинбесин деп көз менен окуубуз жаизби?

ЖООП: Ханафиде окулбайт. Өйдө тура албаган адам отуруп окуйт. Отуруп окуй албаган адам жатып башын ийкеп окуйт. Жатып башы менен да окуй албаган адам көзү менен окуй албайт жана намазын казага калтырат. Бул жагдайы менен намазды казага калтырганы үчүн күнөөгө кирбейт. Анткени, окууга мүмкүнчүлүгү жок.

Кандайдыр бир зарылчылык болсо, башка бир да мүмкүнчүлүк табылбаса, анда Шафии мазхабын таклид кылып окулса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш