Ислам дини » Намаз » Сүрө же аят окуп жатканда бисмиллахты айтуу




Сүрө же аят окуп жатканда бисмиллахты айтуу


Суроо: Сүрө же аят окуп жатканда Аузу Бисмиллах окулабы?

ЖООП: Сүрө окуп жатканда Аузу жана бисмиллах окулат. Аяти карима окуп жатканда көпчүлүк аалымдардын билдиргенине алайык, бир гана Аузу окулат, Бисмиллах окулбайт. Мисалы, Аятал күрси, Аманаррасулу, Хуваллахуллази сыяктуу аяттарды окуп жатканда Бисмиллахты айтуу керек эмес. Бир гана Аузу окулат. Бисмиллах да окулса махзуру (зыяны) болбойт.

Суроо: Жалгыз намаз окуп жатканда субаханака окулгандан кийин аузу бисмиллахты окуу сүннөтпү?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жалгыз окуган адам заммы сүрөнү баштап жатканда бисмиллахты айтууга тийишпи?

ЖООП: Керек эмес. Кээ бир аалымдарга ылайык бисмиллахты айтуунун зыяны жок.

Суроо: Жалгыз намаз окуп жатканда бисмиллахты Фатиха-и шариф менен бириктирип окуунун өкүмү эмне?

ЖООП: Жаиз. Бириктиргенде ...милхамду лиллахи деп окулат.

Суроо: Эгер заммы сүрөлөр биринин артынан бири окулса ар биринин башында бисмиллахты айтуу керекпи?

ЖООП: Керек эмес.

Суроо: Субханака, Аттахыййату жана башка дубалардын араларында Бисмиллах айтылабы, Аллаху акбар делеби?

ЖООП: Бисмиллах айтылбайт, Аллаху акбар да делбейт.

Суроо: Жарыяланган китептериңизде мындай делет:

Намазда Фатихадан кийин Бисмиллахты айтуу керек эмес. Айтуу жакшы болот. (С. Абадиййа)

Фатиха менен сүрөнүн арасында Бисмиллахты айтуу жаиз же мустахаб. (С. Абадиййа)

Заммы сүрө окуп жатканда Бисмиллах окулбайт. (Эй, балам илмихалы, Намаз китеби)

Заммы сүрөдөн мурун Бисмиллах окулабы же окулбайбы?

ЖООП: Заммы сүрөдөн мурун Бисмиллахты окуу керек эмес. Эгер окулса жакшы болот, мустахаб болот. Эгер окулбаса зыяны болбойт. Шафии мазхабында болсо Бисмиллахты окуу керек. Эгер бир мазхабда кылуу керек болгон нерсе башка мазхабда тыюу салынбаган болсо, ал нерсени кылуу мустахаб болот. Мисалы, аялдарга денеси тийген адамдын Шафииде даараты бузулат. Ханафиде даараты бузулбайт. Бирок, бир ханафи чоочун аялга же жубайына тийгенде ал дааратын колдонгон болсо, жаңыдан даарат алуусунун зыяны жок. Шафииде жаңыдан даарат алуу парз болгондуктан, Ханафинин жаңыдан даарат алуусу жакшы болот, мустахаб болот. Ушу сыяктуу эле Шафии мазхабында заммы сүрө окуп жатканда бисмиллах айтылат. Ханафинин айтуусу керек эмес. Бирок, айтса жакшы болот, мустахаб болот. Маселе мына ушунда.

Суроо: Нахл сүрөсүнүн 98-аятында Куран окуп жатканда Аузу окуунун парз экендиги билдирилгенине ылайык, намаз окуп жатканда Фатихадан мурун Аузу бисмиллахты окуганды унуткан адам сахв саждасы кылууга тийишпи?

ЖООП: Курани каримде билдирилген ар буйрук парз эмес. Намаздын сыртында сүрө же аят окуп баштаганда Аузуну окуу важиб. Дагы намаздын сыртында Фатиханы окуп баштаганда Бисмиллахты окуу да важиб. Башка сүрөлөрдү баштап жатканда Бисмилллахты окуу сүннөт.

Намаздын ичинде заммы сүрө окуп баштаганда Аузу Бисмиллах окулбайт. Кээ бир аалымдарга ылайык, бисмиллахты окуу мустахаб, жакшы болот.

Намаздын ичинде Субханаканы окугандан кийин Фатихадан мурун Аузу Бисмиллахты окуу сүннөт. Эгер унутуп калса сахв саждасы керек эмес. Эгер сиз айткандай парз болгондо, анда сахв саждасы куткармак эмес. Парз ташталгандыктан ал намазды кайра окуу керек болмок.   

Тообо сүрөсүн окуп жатканда 

Суроо: Тообо сүрөсүнүн башында эмне үчүн Бисмиллах жок?

ЖООП: Бул сүрөнүн Анфал сүрөсүнүн уландысы же бөлөк сүрө экендиги билдирилген эмес болуп, Расулуллах алейхиссалам да Бимиллахты жазууну буйрук кылбагандыктан, бул сүрөнүн башына Бисмиллах коюлган эмес. (Бейдави)

Алгач бул сүрөнү окуп жатканда айтылат. Андан мурунку сүрөдөн кийин окуп жатканда бисмиллахты окуу макрух

Фатиханы окуп жатканда 

Суроо: Намаздын сыртында Фатиханы окуп жатканда Аузу Бисмиллахты окуу важибби?

ЖООП: Важиб. Бирок, Фатиха дуба ниети менен окулса, важиб болбойт. Намаздын ичинде Субханакадан кийин Фатихадан мурун Аузу Бисмиллахты окуу сүннөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш