Ислам дини » Намаз » Сүннөт намаз деген эмне?




Сүннөт намаз деген эмне?


Суроо: Жамаатка жетише алуу үчүн кээде асырдын сүннөтүн эки рекет кылып окуу жаиз деп айтылды. Ошондой эле шамдын сүннөтү эки болуп турганда үч рекет каза окуу, дагы куптан намаздын акыркы сүннөтүнүн ордуна үч рекет витир окуса жаизби? Үч рекеттик нафил намаз жок болгондуктан сүннөттү таштаган болуп калбайбызбы? Там Илмихалда бул тууралуу маалымат барбы?

 ЖООП: Парздын сыртында кандайдыр бир намаз окуу менен сүннөт да окулган болот, рекеттердин саны маанилүү эмес. Башкача айтканда, асырдын алгачкы төрт рекетинин ордуна шамдын үч рекет казасын же багымдат намазынын эки рекет казасын да окууга болот. Казасы жок адам да муну кылуу менен сүннөттү таштаган болбойт.

Бул маселеде С. Абадиййа китебиндеги каза намазы жөнүндө айтылган бөлүктөрүнүн айрымдары төмөнкүчө: 

1- "Улуу аалым Ибни Нужаймдан: "Эгерде бирөөнүн казага калган намаздары болсо, багымдат, бешим, асыр, шам жана куптан намаздарынын сүннөттөрүн ушул намаздардын казасына ниет кылып окуса, ал киши сүннөттөрдү таштаган болобу?” – деп суралды. Жообунда: "Сүннөттөрдү таштаган болбойт. Анткени, ошол убакта парздан башка [нафил болобу, каза болобу] каалаган бир намаз окулса сүннөт да орундалган болот”, - деди. "Навадир” китебинде айтылат: "Сүннөттүн ордуна каза окуу менен сүннөт да орундалган болот.” Каза намазы карызы барлар ар бир намаз убагында ошол убакыттын парзынан башка намазды окуп, сүннөттү орундаган болот.” 

2- "Эшбах” китебинде жазылат: "Беш убак намаздын биринчи жана акыркы сүннөттөрүн, башкача айтканда, муаккад сүннөттөрүн окуп жатканда сүннөт деп ниет кылуу шарт эмес. Раватиб сүннөттөрү нафил ниети менен же бир гана намазга деп ниет кылуу менен сахих (туура) болот. Башкача айтканда, ошол убакыттын сүннөтү болот. Айрыкча сүннөт деп ниет кылуунун кажети жок. Мисалы, таң ата электе тахажжуд ниети менен эки рекет окулганда, таң ата баштаганы кийин түшүнүлсө, бул намаз багымдаттын сүннөтүнүн ордуна өтөт. Таравих намазында да таравихке деп ниет кылуунун шарт эместигинин кабары ишенимдүү. Бул сыяктуу казага калган бешим намазы жок болгон адам Жума намазынан кийин окуй турган төрт рекетте "Убагында жетишип окубай калган акыркы бешимди окууга” деп ниет кылса, кийин Жума намазынын сахих болгону түшүнүлсө, ишенимдүү жана сахих кабарга ылайык бул төрт рекет Жуманын сүннөтү болот.”

 "Нафилдерди жана ратиба сүннөттөрдү бир гана намаз окууга же сүннөттөн башка бир намазга ниет кылынып окулса, сахих болот.” Белгилүү болуп жаткандай, намаздын убагынын ичинде ошол убактын парзынан башка окулган ар бир намаз [мисалы, каза намазы] ошол убактын сүннөтү да болот.

 Ибни Абидин намазга ниетти түшүндүрүп жатып: "Терең аалымдардын айтымында бир гана намазга ниет кылуу менен окулган сүннөт сахих болот. Анткени, беш убак намаздын сүннөтү деп Пайгамбарыбыз алейхиссалам окуган намазга айтылат. Бул намаздар кийин сүннөт деп аталган. Расулуллах беш убак намаздын сүннөттөрүн окуп жатканда бир гана "Аллах ыраазылыгы үчүн намаз окууга” дечү. "Сүннөттү окууга” деп ниет кылчу эмес. Ар убактын ичинде ушинтип окулган ар бир намаз сүннөт деп аталган намаз болот.”

 "Беш маал намаздын сүннөттөрү жана таравих намаздары негизи нафил намаздар. Буларды окуп жатканда бир гана намазга деп ниет кылынса жетиштүү болот.”

 "Мечитке киргенде эки рекет намаз окуу сүннөт. Бул "Тахиййат-ул-масжид” намазы деп аталат. Мечитке киргенде сүннөт же каалаган бир намаз окула турган болсо, тахиййат-ул-мсжид да окулган болот. Окулчу намаздарга тахиййат-ул-масжид деп айрыкча ниет кылуунун да кажети жок.

 3- Абдулхаким мырза хазреттери айтты:

 Сүннөт намазы деп парздан башка окулган намазга айтылат. Парздан мурунку же парздан кийинки сүннөттүн ордуна каза окуган адам бул каза намазы менен сүннөт намазынын аныктамасына туура келгендиктен, сүннөттү да окуган болот. (Ислам Ахлагы)

 Жыйынтык:

 Бешимдин алгачкы сүннөтүнүн ордуна асырдын же шамдын же куптандын же багымдат намазынын казасы окулса сүннөт да окулган болот. Анда эмне үчүн бешим намазынын алгачкы төрт рекет сүннөтүнүн ордуна ошол эле бешимдин казага калган парзына ниет кылуудабыз деп суралууда. Ушинтип окулганда эсептөө оңой болот. Эгер бир адам ушинтип бир жыл намаз окуса, бир жылдык каза окуган болот. Эгер башаламан окуса, тактап айтканда, бешимдин сүннөтүнүн ордуна шамдын казасын окуса, асырдын сүннөтүнүн ордуна багымдаттын казасын окуса, эсеби дагы деле сахих болот, бирок, эсептөөсү кыйын болот. Бир-бирден эсеп жүргүзүү керек.

 Комат окулуп жатканда же имам намазды баштаганда эч кандай сүннөт окулбайт. Эгер жамаатка жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар болсо багымдаттын сүннөтү өзүнчө жерде окулат. Өзүнчө жер жок болсо анда окулбайт. Там Илмихалда дагы мындай дейт:

"Жамаат менен окулуп жатканда нафил намазды баштоо макрух.”

 Бешим намазынын сүннөттөрүн фарз башталган убакта жамаат арасында окуу макрух. Эки рекет окугандан кийин жетишүү мүмкүн болсо, анда эки рекет багымдат намазынын казасы болот. 

Парз баштала турган учурда жамааттын арасында бешим намазынын сүннөтүн окуу макрух болот. Эгер эки рекет окуганда жетишүү мүмкүн болсо, анда эки рекет багымдат намазынын казасын окууга болот.

Суроо: Өз убагында окулбай калган беш убактын сүннөттөрүн да парз намаздар сыяктуу казасын окуу керекпи?

ЖООП: Ханафи мазхабынын аалымдары бир ооздон айтышат:

"Сүннөт намаздар өз убагында гана окулууга буюрулган. Өз убагында окулбаган сүннөт намаздар адамга карыз болбойт. Ушул себептен улам өз убагынан кийин казаларын окууга буйрулган эмес. Багымдат намазынын сүннөтү важибге жакын болгондуктан, ошол күнү бешимге чейин парзы менен казасы окулат. Багымдат намазынын сүннөтү бешимден кийин, башка сүннөттөрдүн казасы болсо эч качан окулбайт. Эгер казасы окула турган болсо сүннөттүн сообу пайда болбойт, нафил окулган болот.”

Сүннөттөргө "намазга” деп ниет кылуу

Суроо: Беш убак намаздын сүннөттөрүн окуп жатканда бир гана "Аллахтын ыраазылыгы үчүн намазга” же "алгачкы казага калган бешимдин парзына” деп ниет кылынса ошол убактын сүннөтү да окулган болобу?

ЖООП: Маселеге байланыштуу "Эшбах” китебинде айтылат:

"Беш убак намаздын биринчи жана акыркы сүннөттөрүн, башкача айтканда, муаккад сүннөттөрүн окуп жатканда сүннөт деп ниет кылуу шарт эмес деген маселеде сахих, ишенимдүү фатва шарт эмес экенин көрсөтүүдө. Раватиб сүннөттөрү нафил ниети менен же бир гана намазга деп ниет кылуу менен сахих (туура) болот. Башкача айтканда, ошол убакыттын сүннөтү болот. Айрыкча сүннөт деп ниет кылуунун кажети жок. Имам Зайлаи да ушундай деп билдирген. Мисалы, таң ата электе тахажжуд ниети менен эки рекет окулганда, таң ата баштаганы кийин түшүнүлсө бул намаз багымдаттын сүннөтүнүн ордуна өтөт. Багымдаттын сүннөтүн айрыкча окуу зарыл болбойт. Бешимдин парзында төртүнчү рекетте отургандан кийин унутуп бешинчи рекетке туруп кетсе, алтынчы рекетти да окуп салам берет жана акыркы эки рекет нафил болот. Бул эки рекеттин акыркы сүннөт болбоосу сүннөткө деп ниет кылынбагандыктан эмес, сүннөттү өзүнчө такбир менен баштабагандыктан. Таравих намазында да таравихке деп ниет кылуунун шарт эместигинин кабары ишенимдүү. Бул сыяктуу казага калган бешим намазы жок болгон адам Жума намазынан кийин окуй турган төрт рекетте "Убагында жетишип окубай калган акыркы бешимди окууга” деп ниет кылса, кийин Жума намазынын сахих болгону түшүнүлсө ишенимдүү жана сахих кабарга ылайык бул төрт рекет Жума намазынын сүннөтү болот.

Сүннөт намаздары бир гана намаз окууга же сүннөттөн башка бир намазга ниет кылып окулганда сахих боло тургандыгы алдын ала билдирилген болчу.”

Белгилүү болуп жаткандай, намаздын убагынын ичинде ошол убактын парзынан башка окулган ар кандай намаз, мисалы, каза намазы ошол убкатын сүннөтү да болууда. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш