Ислам дини » Намаз » Намазды кандай кечиримдүү себеп менен казага калтырууга болот?




Намазды кандай кечиримдүү себеп менен казага калтырууга болот?


Суроо: Намазды кандай кечиримдүү себеп менен казага калтырууга болот жана казасы бар адам нафил окуй алабы? 

ЖООП: Бир намазды жам кылып (бириктирип) окууга да мүмкүн болбосо, анда төмөнкү кечиримдүү себептер менен гана казага калтырууга болот: 

Эгер согушта душмандын каршысында отуруп жана кыбыладан башка тарапка бурулуп да намаз окуй албаса, сапарда жүргөн кезде, сел, жырткыч айбан, каракчы, анархист сыяктуу бир коркунуч болсо намазды отуруп же жаныбардын үстүндө има (ишарат, баш ийкөө) менен да окууга мүмкүн болбосо, энесинин же баласынын өлүп калуу коркунучу болгондо акушердин же шашылыш операцияларда доктурдун катышуусу учурунда казага калтыруу же уйку, унутуп калуу сыяктуу кечиримдүү бир себеп менен намазды фавт кылуу [убактысын өткөрүп жиберүү] күнөө болбойт. (Дурр-ул Мухтар) 

Жогорудагыдай кечиримдүү бир себепсиз намазды казага калтыруу арам, чоң күнөө. 

Бардык фикх китептеринде фаита, башкача айтканда, убактысы өткөрүлүп жиберилген намаз делүүдө. Анткени, мусулман намаздарын таштабайт. Жогоруда аталган кечиримдүү бир себеп менен гана убактысын өткөрүп жибериши мүмкүн. Ошондуктан, убактысы өткөрүлүп жиберилген намаздын саны аз болот. Бүгүнкү күндө ташталган намаздын саны көп. Кандайдыр бир кечиримдүү себеп менен убактысы өткөрүлүп жиберилген намаз менен кечиримдүү себепсиз, атайылап ташталган намаздын өкүмү бирдей эмес. Намаздарды жогоруда айтылган кечиримдүү бир себеп менен фавт кылып казага таштоо күнөө болбогондуктан, алардын казаларын сүннөттөрдү жана башка нафилдерди окуй турганчалык убакыт кечиктирүү да күнөө болбойт. Уктап калуу, унутуу сыяктуу кечиримдүү бир себеп менен окулбаган, тагыраагы, фавт кылынган [убактысы өткөрүлүп жиберилген] намаздардын өкүмү төмөнкүдөй: 

Фавт болгон намаздардын казасын окуу нафил окуудан жакшыраак болгону менен, беш убак намаздын сүннөттөрүн жана хадиси шарифте макталган ДухаТасбихТахиййат-ул-масжид сыяктуу белгилүү кээ бир намаздарды окуу мындай эмес. Убакыттын сүннөттөрү менен бул нафилдерди окуу каза окуудан абзел (жакшыраак). (Радд-ул Мухтар, Халаби, Хиндиййа) 

Ташталган намаздын өкүмү болсо төмөнкүдөй: 

Улуу аалым Ибни Нужаймдан: "Каза намазы бар адам сүннөттөрдү окуп жатканда казага ниет кылып окуса, сүннөттөрдү таштаган болобу?” – деп суралды. Жообунда: "Сүннөттөрдү таштаган болбойт. Анткени, ошол убакта парздан башка [нафил болобу, каза болобу] каалаган бир намаз окулганда, сүннөт да орундалган болот”, - деди. [Навадир-и фикхиййа фи мазхаб-ил-аиммат-ил Ханафиййа 36-бет] 

Беш убак намаздын сүннөтү деп Расулуллах окуган намазга айтылат. Бул намаздарга кийинчерээк сүннөт деген ат берилген. Расулуллах беш убак намаздын сүннөттөрүн окуп жатканда бир гана "Аллахтын ыраазылыгы үчүн намаз окууга) деп айтчу. "Сүннөттү окууга” деп ниет кылчу эмес. Ар убакта ушунтип окулган ар бир намаз сүннөт деп аталган намаз болот. (Радд-ул Мухтар, Уюн-ул басаир, Халеби)

 Хадиси шарифтерде айтылат:

 "Каза намазы бар адамдын нафил намазы кабыл болбойт.” [Дуррат-ул-фахира]

 "Жихаддын эң чоңу – парздарды орундоо.” [Табарани]

 "Баары нафил менен алек болуп турганда сен парздарды орунда.” [Мифтах-ун-нажат]

 "Хак таала: "Мага парз ибадат менен жакындалгандай эч нерсе менен жакындалбайт”, - деп буюрду.” [Бухари]

 "Парз карызы бар адамдын нафил окуусу төрөт алдындагы турган кош бойлуу аялга окшош. Төрөт жакындаганда бойдон алдырат. Эми бул аял кош бойлуу же эне деп да аталбайт. Ал адам да парз намаздарын орундамайынча Аллаху таала нафил намаздарын кабыл албайт.” [Футух-ул-гайб] Ханафи аалымдарынан Абдулхак Дехлеви: "Бул хадис парз карызы бар адамдын сүннөттөрүнүн да кабыл болбой турганын көрсөтүүдө”, - дейт.

 Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери да мындай дейт: "Парз карызы бар кезде нафил менен алек болуу акылсыздык. Анткени, сүннөттөрү кабыл болбойт. Каза карызы бар адамдын сүннөт окуусу аласасы бар адамга карыздар адамдын белек алып баруусуна окшош болуп, албетте, ал кабыл болбойт. Момун соодагер сыяктуу. Парздар - капиталы, нафилдер болсо - кирешеси. Капиталды сактап калмайынча киреше болбойт. (Футух-ул-гайб, 48-пункт)

 Хамза мырзанын "Бейъ ва Ширъа” рисаласынын түшүндүрмөсүндө: "Сапарга чыгып жатканда эки рекет намаз окуу керек! Каза намазы бар адам каза окууга тийиш. Анткени, каза карызы бар кезде нафил окуу акылсыздык”, - деп айтат. (6-бет) Китептерге баш ийип акылсыздыктан сактануу керек.

 Имам Раббани хазреттери айтат:

 "Парзга салыштырмалуу нафилдердин эч кандай баалуулугу жок. Сүннөттөрдүн парздарга салыштырмалуу баалуулугу болсо, деңизге салыштырмалуу бир тамчы суудай да эмес.” [29-пункт, 260]

 Төрт мазхабдын фикх маалыматтарын мыкты билген Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери айтат:

 "Көп жылдык каза карызы бар адам сүннөттөрдү окуп жатканда каза намазына ниет кылып окууга тийиш. Ушундай ниет кылып окуу төрт мазхабда тең зарыл.”

 Аллаху таала "Мага парз менен жакындалат”, Расулу да "Каза карызы бар адамдын нафили кабыл болбойт” деп жатса, аалымдар да "Казасы бар адамдын сүннөт менен нафил кылуусу акылсыздык”, "Сүннөттөр парздын жанында деңиздеги тамчыдай да эмес” деп жатса, кадайдыр бир кечиримдүү себеп менен убактысы өткөрүлүп жиберилген намаз менен атайылап окулбаган намазды бирдей деп эсептеген жахилдер Аллаху тааланын буйругу болгон парзды таштатып, Духа, Тахиййат-ул-масжид, Тасбих, Тахажжуд намаздары сыяктуу нафилдерди окутууга аракет кылышууда. Эгер бир адам өмүрүндө бул нафилдерди бир да окубаса акыретте жазага тартылбайт. Бирок, парзды таштоонун жазасы өтө чоң.

 Душмандын каршысында бир парз намазын окуу мүмкүн боло туруп таштоо жети жүз чоң күнөөгө тете. (Жамиъ-ул-фатава)

 Бул фатва да көрсөтүп тургандай, нафилдер менен элдерди алек кылып, парздарды кечиктиргендер же парздарды окутпагандар чоң убалда.

 Суроо: Багымдат намазын өз убагында окуй албай өткөрүп жиберген адам анын казасын бешимден кийинкиге калтырса күнөө кылган болобу?

 ЖООП: Ооба, күнөө кылган болот. Кечиктирүүнүн күнөөсү да өтө чоң.

Унутуп калуу кечиримдүү себеп

 Суроо: Көп жолу унутуп же уктап калып намазды казага калтыруудамын. Унутуп калуу кечиримдүү себеп болобу? 

ЖООП: Унутуу же уктап калуу – кечиримдүү себеп. Бирок, бул тез-тез болуп турса, чара көрүлбөгөндүктөн күнөө болот. Бир нече мисал келтирели:

 1-Эгер түндө өтө кеч жатса, анын үстүнө коңгуроо саат коюлбаса же башка чара көрүлбөсө, намаздын казага калуусу нормалдуу эмес.

 2-Эгер бир адам жумуштан чыгып жатканда намаздын убагы келсе, үйгө барганда окуйм деп ойлосо, көбүнчө үйгө да өз убагында бара албаса, намаз жолдо баратып казага калса же үйгө өз убагында келсе да жумушта окуганы үчүн үйдө окууну унутуп калса, кандай болгондо да унутуу кечиримдүү себеп деп намаздын казага калуусуна маани бербесе кылгандары кечиримдүү болбойт.

 3-Даарат алып жатканда сүннөткө баш ийүү үчүн кыбылага бурулган адам тынымсыз унутуп, буттарын кыбыла тарапка узатса, буттарын кыбыла тарапка узатпоо үчүн кыбыланы карап даарат албаш керек. Анткени, макрух кылбоо үчүн сүннөт ташталат. Тактап айтканда, мүмкүн болсо, аркасы кыбыла тарапка болсо да, буттарын кыбыла тарапка узатпоо үчүн дааратты кыбыланы карап албаш керек.

Карызы бар адамдын эт жегени сыяктуубу?

 Суроо: Бүгүнкү күндө бир молдо: "Каза карызы бар адамдын нафил окубоосу касапчыга карызы бар адамдын эт жебеши сыяктуу жаңылыш. Карызы бар адам да эт жейт, казасы бар адам да нафил окуйт”, - деп жатат. Бул жаңылыш эмеспи?

 ЖООП: Бул орунсуз сөз хадиси шарифтерге жана фикх өкүмдөрүнө каршы келет. Нафилди эт сыяктуу эң кымбат азыкка окшотуу парздын кадыр-баркын түшүрүү болуп, бул өтө коркунучтуу. Анткени, намазды фавт кылуу менен аны таштоо бөлөк-бөлөк нерселер. Фавт – кандайдыр бир кечиримдүү себеп менен намаздын убактысын өткөрүп жиберүү жана күнөө да эмес. Фавт кылынган намаздар фаита деп аталат. Мисалы, уктап же унутуп калып намаздын убактысын өткөрүп жиберүү ушундай. Ал эми таштоо болсо – атайылап окубоо, чоң күнөө. Экөөнү бирдей деп ойлоо жахилдик. "Жамиъ-ул-фатава”да: "Душмандын каршысында бир парз намазды атайылап таштоо 700 чоң күнөөгө барабар”, - деп буюрулган. 

Намазды өз убагында окууга тоскоол болгон кечиримдүү себептер

 Суроо: Динибизде намазды өз убагында окууга тоскоол болгон кечиримдүү себептер барбы? Эгер бар болсо, алар эмнелер?

 ЖООП: Парз жана важиб бир намазды казага калтыра алуу эки кечиримдүү себеп бар: Бири – душмандын каршысында болуу. Экинчиси – сапардагы адамдын уурудан, жырткыч айбандан, селден, бороондон коркуусу. Булар отуруп жана кайсы бир тарапты карап же жаныбардын үстүндө има менен да окуй албаган учурда намазды казага калтыра алат. Ушул эки себеп менен, уйку жана унутуу себеби менен намазды өз убагында окуй албоо күнөө эмес. "Дур-ул-мухтар”да кыш айларында куптанды убактысынын үчтөн бирине чейин кечиктирүүнүн мустахаб экени билдирилген соң:

 "Убакыт киргенден кийин уктап, убактысын өткөрүп жиберүү арам болбогону менен, тахриман макрух. Бирөөгө эскертип же саатты коюп, коңгуроосунун чалуусу менен ойгонууну камсыз кылганда жана убагы кире электе жатып уктоо макрух эмес”, - деп айтылат.

 Үч арам убакыттан тышкары бош убакыттарда окуу шарты менен фавт болгон, казага калган намазды бала-чакасынын ырыскысын иштеп таба турганчалык кечиктирүү жаиз болот. Эгер андан да көбүрөөк кечиктире турган болсо күнөө кыла баштайт. Чындыгында, Расулуллах (алейхиссалам) Хендек согушунун катуулугунан улам окуй албай калган төрт намазды ошол эле түнү сахабалар жарадар жана абдан чарчаган болсо да жамаат менен окуду.

 Суроо: Сууга чөгүп жаткан адамды куткаруу үчүн намазды өз убагында кечиктирсебашкача айтканда, казага калтырса жаиз болобу?

 ЖООП: Бул маселеде Кара Челебизаденин Эшбах шархында:

 "Сууга чөгүп бараткандарды жана ушул сыяктууларды куткаруу үчүн намазды убактысынан кийин окуу сахих”, - деп айтылат. Ал эми кечиримдүү себеп бүтсө дароо казасын окуу парз болот.

 Суроо: Намаз убагында уйку келсе бираз уктап алып, анан ойгонуп намаз окуйм деп уктоонун зыяны барбы?

ЖООП: Бул маселеде фикх китептеринде мындай деп айтылат:

 "Убакыт киргенден кийин уктап намаздын убактысын өткөрүп жиберүү арам болбосо да, тахриман макрух. Бирөөгө эскертип же саатты коюу менен ойгонууну камсыз кылгандан кийин жана убакыт кире электе жатып уктоо макрух болбойт.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш