Суроо: Эки намазды
кандай учурларда кошуп окуу жаиз болот?
ЖООП: Кээде эки намазды бириктирип, бир убакта окуу зарыл болуп калышы мүмкүн.
Операциядагы дарыгер, төрөт маалында акушер же сууга чөгүп жаткан адамды
куткаруу, ошол саатта экзаменде болуу же оору сыяктуу бир себептен улам намаз
окуу мүмкүн болбосо, эки намазды жам кылуу, башкача айтканда, бириктирип бир
убакта окуу кээ бир мазхабдарда жаиз. Асырды бешим убагында бешим менен бирге
же куптанды шам убагында шам менен бирге окуу такдим кылып (эртелетип) жам
кылуу деп аталат. Бешимди асыр убагында асыр менен бирге же шамды
куптан убагында куптан менен бирге окуу техир кылып (кечиктирип) жам
кылуу деп аталат. Багымдат намазын жам кылууга болбойт.
Ханафи мазхабында:
Ажылар
Арафатта хутба окуган имамдын артында бешим менен асырды бешим убагында такдим
кылып окушат. Чатырларда жамаат менен же жалгыз окуганда жам кылынбайт.
Муздалифада болсо шам менен куптан куптан убагында техир кылынып окулат.
Муздалифадагы жам үчүн жамаат менен окуу шарт эмес, жалгыз да жам кыла алат.
Башка жерде жана башка убактарда эки намазды жам кыла алышпайт. Бирок,
муктаждык жана зарылдык болгондо башка бир мазхабды таклид кылып
окуйт.
Малики мазхабында:
Арафатта
бешим жана асырды, Муздалифада болсо шам менен куптанды имамдын артында окуп
жатканда жам кылуу сүннөт. Сапарда жам жаиз, бирок, деңиз сапарында жам жаиз
эмес. Эгер жам үчүн муктаждык пайда болсо калган эки мазхабдын бирин таклид
кылууга болот.
Муким
кезде да маанилүү ооруда, карылыкта жам кылууга болот. Мындан тышкары, мечитте
жамаат менен окуп жатканда караңгылык менен бирге катуу жамгыр жаап, ылай
болгондо такдим менен жам кылуу жаиз болот. Бирок, үйдө бул жаиз болбойт.
Жам кылганда витир намазы өз убагында окулат.
Маликиде
эки намазды бириктиргенде бешимди асырдан мурун, шамды куптандан мурун окуу,
биринчи намазга турганда жам кылууга ниет кылуу, эки парзды удаама удаа окуу
керек. Эки парздын ортосунда даарат алуунун жана коомат айтуунун зыяны жок.
Сүннөт окуу макрух. Пломба тиши бар ханафи ооруганда ханбали мазхабын эмес,
малики мазхабын таклид кылып жам кыла алат.
Шафии мазхабында:
Мубах
болгон сапарда, Арафат жана Муздалифада бешим асыр менен, шам куптан менен жам
кылынат. Нөшөрлөп жааган жамгырда мечитте гана жамаат менен жамды такдим кылуу
жаиз, жамды техир кылуу жаиз эмес. Башка бир кавл боюнча да жалгыз окуган да
жам кыла алат. Бул кавл боюнча оору учурунда да жам кылуу жаиз. Кандайдыр бир
коркунучтан улам жам кылуу жаиз болгондой эле, маанилүү муктаждык абалында
муким учурда да жам жаиз. Имам Навави жана Ибни Мунзир дагы ушундай деген.
Шафииде жам кылып жатканда бешимди асырдан, шамды куптандан мурун окуу, биринчи
намазга турганда жам кылууга ниет кылуу, экөөнү удаама удаа окуу керек. Эки
парздын ортосунда сүннөт окулса жам жаиз болбойт. Бирок, даарат алуунун жана
комат айтуунун зыяны жок.
Ханбалий мазхабында:
Арафат
жана Муздалифада, мубах болгон сапарда, ооруда, бала эмизүүдө, истихаза, заара
жана жел кармай албоо сыяктуу дааратты бузган кечиримдүү себептерде, даарат
жана таяммум алууда кыйынчылыкка кабылгандарда, көзү азиз, жер астында иштеген
намаздын убактысын биле албаган, өмүрүнө, мал-мүлкүнө жана намысына коркунуч
пайда болгон, оокатына зыян келиши мүмкүн болгон адам да эки намазды бириктирип
окуй алат. Суук, кыш, жамгыр, ылай, бороон учурунда куптанды шам менен үйдө да
жам кылуу жаиз, бешим менен асыр жаиз эмес. Жам кылып жатканда бешимди асырдан,
шамды куптандан мурун окуу, биринчи намазга турганда жам кылууга ниет кылуу,
экөөнү удаама удаа окуу керек. Даарат алуунун жана комат окуунун зыяны жок.
Эгер сүннөт окуса жам сахих болбойт. Оозунда пломба тиши бар ханафи ооруп
жатканда жам үчүн ханбали мазхабын эмес, малики мазхабын таклид кылууга тийиш.
Анткени, маликиде тақлид кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Маликиде тақлид кылуу
мүмкүнчүлүгү жок болгондо ханбали мазхабы таклид кылынат.
Муким кезде эки намазды жам кылуу
Суроо: Муким
кезде кандай учурларда эки намазды жам кылууга болот?
ЖООП: Эгер кандайдыр бир хараж, башкача айтканда,
кыйынчылык, машакат болсо бешим менен асырды же шам менен куптанды ханбали
мазхабын таклид кылуу менен жам кылууга болот. Анткени, "Саадат-и Абадиййа”
китебинде: "Намаз окуу үчүн жумушунан чыга албагандардын ханбали
мазхабын таклид кылуу менен эки намазды жам кылуусу жаиз”, - деп
айтылган. Намаз окуганы үчүн оокатына зыян тийбесе да, анкетасына жазылуу
мүмкүн болсо же башка зыяндары болсо муким кезде эки намазды жам кылуу жаиз
болот. Жаиз болгон учурлардан кээ бир мисалдарды келтирели:
1-Акушер төрөттө
болуп, намазы казага кала турган болсо,
2-Операциядагы
дарыгердин намазы казага кала турган болсо,
3-Студент сынакта болуп, намазы казага кала турган
болсо,
4-Оорулуу же кары
адам даарат алууда жана намаз окууда кыйналса,
5-Учакта даарат
алып, намаз окуу кыйын болсо,
6-Даарат жана
намаз үчүн жер жок болсо,
7-Даарат менен
таяммум алууга кыйынчылык болсо,
8-Күзөтчүнүн намаз
окууга мүмкүнчүлүгү жок болсо,
9-Тоодо, чет
жерде, кышында калып, убакыттарды түшүнүү кыйын болсо,
10-Жамгыр, бороон
сыяктуу себептен улам намаз окуй албаса,
11-Намазды
дааратканада да окууга мүмкүн болбосо,
12-Мечити жок
мейманкана, ресторан, аэропорттордо, эл аралык жыйындарда намаз казага кала
турган болсо,
13-Жаңы мусулман
болгон адамдын намаз окуп жатканы көрүнсө, бир зыянга учуроо ыктымалы болсо,
14-Кызматкер
жыйындан чыгып кеткенде жумушуна, оокатына зыян тийе турган болсо,
15-Шаарлар аралык
сапарда автобус токтобой калса, жанында оорулуу болсо же экинчи автобуска
акчасы жок болсо,
16-Чоң шаар болгон жол көйгөйү бар жерде жеке
унаасында шаарда бара жатканда жол тыгынына туш болуп, намаз казага кала турган
болсо,
17-Сууга чөгө
турган адамды куткарып жатканда намаздын убагы чыгып кете турган болсо,
18-Душман же
анархисттин зыян келтирүү ыктымалы болсо,
19-Дааратты бузган кечиримдүү себеби бар адамдын,
мисалы, ич өткөк же заарасын кармай албагандын, чыйканынан, жарасынан кан
аккандын, геморройунан кан, фистуласынан, киндигинен аккан нерсеси бар адамдын,
жел кармай албагандын, ооз толтура кускандын жана ушулар сыяктуу дааратты
бузган кандайдыр бир кечиримдүү себеби бар адамдын эки намазды жам кылуусу жаиз
болот.
20-Мусулман эместер
да катышкан ооз ачарда намаз окуу фитнага себеп болсо, эки намазды жам кылуу
жаиз болот.
Суроо: Сапарда же
муким кезде кандайдыр бир муктаждыктан улам шам убагында шам менен куптан жам
кылынганда витирди да жам кылуу жаизби? Ошондой эле "Ислам Ахлагы” китебинде: "Малики
мазхабын таклид кылган адамдын хараж пайда болгонда витир намазын таштоосу жаиз
болот”, - деп айтылган. Хараж зарылдык дегенди билдиреби?
ЖООП: Хараж бул зарылдык дегендик эмес. Кандайдыр бир
кыйынчылык, оорчулук бар дегендик. Кандайдыр бир хараж болмоюнча эки намазды
жам кылууга болбойт. Эгер кыйынчылык бар болсо, сапарда калган үч мазхабдын
бирин таклид кылуу менен, шам менен куптанды жам кылуу мүмкүн болгондой эле,
муким кезде да ханбали мазхабын таклид кылып жам кылууга болот. Бирок, витир жам
кылынбайт, имсак убагына чейин окулат. Эгер ушул убакка чейин да окуу мүмкүн
болбосо бир кечиримдүү себеп менен казага калгандыгы үчүн күнөө болбойт.
Имамейнге ылайык жана башка үч мазхабда витир сүннөт. Хараж болгон учурда
калган үч мазхабдын бири таклид кылынса витирди казага калтыруу, атүгүл, таштоо
да жаиз болот. Сапарда же муким учурда хараж пайда болсо Имамейндин кавлына да
амал кылып, витирди казага калтырса болот же таштаса болот. Бирок, булар хараж
жок болсо кылынбайт.
Суроо: Сапардагы
бир адам жамаат менен шамды окугандан кийин дароо артынан куптанды такдим кылып
окуй алабы?
ЖООП: Ооба.
Суроо: Мусапыр
сапарда шафии же малики мазхабын таклид кылып эки намазды жам кыла алабы?
ЖООП: Ооба, кыла
алат. Бирок, кандайдыр бир муктаждык болушу керек. Муктаждыксыз жам кылууга
болбойт.
Сапарга поезд
менен чыккан бир адам поездде туруп намаздарын окуй албаса, поезд токтогондо
такдим жана техир кылып окуйт.
Жолдо болобу жана сапарда болобу, муктаждык пайда болмоюнча такдим жана
техир кылып намаз окулбайт. Себеби, жеңил өкүмдөрдү чогултуу талфик деп аталып,
жаиз болбойт.
Суроо: Бешим менен асырды жам кылуу үчүн бешим убагы
чыккандан кийин жам кылууга ниет кылса болобу?
ЖООП: Бешим чыга
электе жам кылууга ниет кылынат.
Суроо: Сапарда
намазды жам кылганда ошол мазхабдын шарттарын аткаруу шартпы?
ЖООП: Маазхабды
таклид кылганда шарттарын аткаруу шарт.
Суроо: Сапардагы
адам намазды жам кылуу үчүн качан ниет кылат?
ЖООП: Окуй
турган кезде кылынат. Жолго чыга электе жам кылынбайт.
Суроо: Асыр убагында муким боло турганын билген
адамдын бешим менен асырды жам кылып асыр убагында окуусу жаизби?
ЖООП: Зарылдыксыз кечиктирүү күнөө.
Суроо: Сапарда
асырда намаз окууга мүмкүнчүлүк болбойт деп, малики мазхабын таклид кылып,
бешим менен асырды бешим убагында жам кылгандан кийин асырда намаз окууга
убакыт тапсак, асрды кайра окушубуз керекпи?
ЖООП: Намаз
окулган, кайра окуунун кереги жок. Бирок, этияттыкты сактаган жакшы болот.
Балким жам кылууну керек кылган себеп жок болушу мүмкүн же эки намазды жам
кылганда керектүү шарттар сакталбай калган болушу мүмкүн. Мына ушундай
себептерден улам жам сахих болбой калган болушу мүмкүн. Бул жагынан "Убагына
жетишип, бирок, окуй албаган акыркы асыр намазынын парзын окууга” деп
бир намазды окуу жакшы болот. Эгер аср сахих болгон болсо бул окуган намазыбыз
казанын ордуна өтөт. Эгерде аср сахих болбогон болсо анын ордуна өтөт.
Суроо: Бешим кечиктирилгенден асрдын макрух убактысы
кирген болсо, ошондо да аср менен жам кылып окууга болобу?
ЖООП: Албетте,
окууга болот.