Ислам дини » Намаз » Субхана Раббика аятын өзгөртүү




Субхана Раббика аятын өзгөртүү


Суроо: Дуба ниети менен "Субхана Раббика” аятын өзгөртүп, "Субхана Раббина” түрүндө окуунун зыяны барбы?

ЖООП: Бир канча китепте "Дуба кылып жатканда аятты өзгөртүп, Раббиканын ордуна Раббина деп айтуу жакшыраак болот” деп айтылса да, баалуу китептердеги өкүм төмөнкүдөй:

Бир нече китептерде (Намаз окуп жатканда аятты өзгөртүп, Раббике эмес, Раббиге айтса жакшы болмок) деп айтылганы менен, ишеничтүү китептерде өкүм төмөнкүдөй:

Тафсирчилердин баш таажы Байдави хазреттери Хазрети Алинин: "Кыямат күнү көп соопко ээ болууну каалаган адам ар бир жыйындын акырында Субхана Раббика аятын аягына чейин окусун!” – деп айтканын билдирүүдө. Башка тафсирлерде да, мисалы, Мавакиб тафсиринде да ушундай жазылган.

Кээ бир хадиси шарифтерде мындайча айтылат:

"Кыямат күнү мол соопко ээ болгусу келген адам бир жыйындан турганда Субхана Раббика аяти каримасын окусун!” [Ибни Хиббан]

"Эгер бир адам намаздын акырында үч жолу Субхана Раббика аяти каримасын окуса жетиштүү санда сооп алат.” [Табарани]

Абу Саид Худри (радыяллаху анх) Расулуллах алейхиссаламдын намазда салам бергенде үч жолу "Субхана Раббике Раббил ъиззати...” деп айтканын билдирет. (Абу Яъла) (Хатиб-и Багдади)

Дагы Хазрети Абу Саид Худри хазреттери: "Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) намазда салам бере турган кезде Субхана Раббика аяти каримасын окучу”, - деп билдирген. (Ибни Аби Шайба)

Абдуллах Ибни Аббас радыяллаху анхума: "Расулуллах намазда салам берүүдөн мурда Субхана Раббика аяти каримасын окучу”, - деп билдирген. (Табарани)

Ташаххудда аяти карималардын дуба ниети менен окуларын илим ээлери билишет. Жогорудагы хадиси шарифтер көрсөтүп тургандай, дуба ниети менен болсо дагы Пайгамбарыбыз алейхиссалам аяти кариманы өзгөртпөстөн окуган. Андай болсо Субхана Раббиканы өзгөртүп "Субхана Раббина” деп окуу Курани каримге кол узатуу, суннати саниййага кийлигишүү сыяктуу өтө жагымсыз иш болот.

Ислам аалымдары фикх китептеринде дуба катары да "Субхана Раббика” деп окуу керектигин билдиришкен. (Дурр-ул-мухтар, Меракил фалах)

Абдулгани Наблуси хазреттери мындай дейт:

"Курани каримдеги дубаларды окуп жатканда өзгөртүү Курани каримди атайылап өзгөртүү болуп саналат.” [Хадика]

"Субхана Раббика”нын мааниси

"Субхана раббика”нын мааниси – "Бардык адамдардын үстүндө, акылдар жетпеген кемалаттын, үстөмдүктөрдүн ээси болгон сен сыяктуу бир Пайгамбарды жараткан, жетилдирген Раббиң бардык кемчиликтен муназзах (аруу).” Ал эми "Субхана раббина” деп айтуу "Биз күнөөсү көп асий пенделердин жаратуучусу, жетилдирүүчүсү бардык кемчиликтерден муназзах” деген маанини билдирет. Аллаху тааланы танзих, санаа кылууда күнөөкөр пенделерди арага салуунун канчалык орунсуз экени илимдүү жана акылдуу адамга маалым экени айдан ачык. Андай болсо "Субхана раббика” мартабасы "Субхана раббина” макамынан адеп, фесахат илимдери жагынан көп эсе жогору. Башкача айтканда, "Субхана раббика” деп айтуу "Субхана раббина” деп айтууга караганда танзих менен санаага көбүрөөк ылайыктуу. Аяти каримада Аллаху таала өзүн матх жана санаа кылууда. Адам мындан да жакшыраак санаа кыла алабы? (Саадати Абадиййа)

Суроо: Там Илмихал китебинде Субхана Раббика аятын намазда жана намаздын сыртында окуунун чоң сооп экени билдирилүүдө. Бул аятты намазда, салам берүүдөн мурун, Салли барик жана Раббананы окугандан кийин окуйбузбу же дуба кылып жаткандабы? Дагы кайсы жерлерде окулат?

ЖООП: Субхана Раббика аяты көптөгөн жерлерде окулат. Бир нечесин билдирели:

1-Зам сүрө катары окулат.

2- Курани карим окулгандан кийин окулат.

3-Динге каршы болбогон жыйындан кийин окулат.

4- Намаз бүтүп дуба кылгандан кийин дагы окуу абдан сооптуу. 11 жолу Ихлас шариф, бир жолу Кулаузулар окулат жана 67 Астагфируллах деп жетимишке толукталат. Он жолу "Субханаллахи ва би-хамдихи субханаллахилазим” деп айтылат. Субхана Раббика аяты да окулат. (С. Абадиййа)

Намаздан кийин дубаны Субхана Раббика аятын окуп бүтүрүү керек. (Дурр-ул-мухтар, Дурар)

Суроо: С. Абадиййада "Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) намазда салам бергенде Субхана Раббика аяти каримасын окучу” хадиси шарифи билдирилүүдө. Муну намаздан кийин окуу орундуу болобу?

ЖООП: Жок, орундуу болбойт. Ал хадиси шарифти жазуудагы максат – Субхана Раббика аятын өзгөртүп, Раббина деп айтылбашы керектигин билдирүү. Саламдан кийин эмнелердин окулаары С. Абадиййа китебинде ачык билдирилүүдө. Сүннөт менен парздын ортосунда Аллахумма антассаламдан башка эч нерсе окулбайт. Эң соңунда болсо үч истигфар, Аят-ал-курси жана башка тасбихтер окулат. Ал жерде башка нерсени окуу, ага башка дуба же тасбих кошуу бидат болот.

Ислам Ахлагы китебинде да парзды окуп болуп эле же сүннөттөр менен парздын арасында окулаары хадиси шариф менен билдирилген дубаларды Ханафи мазхабында дубадан кийин окуу керектиги билдирилүүдө. Дагы С. Абадиййа китебинде айтылат:

"Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү же дуба, зикир кылуу сүннөткө зыян келтирбегени менен, сүннөттүн сообун азайтат. Сүннөттөн кийин бир гана Аллахумма антассалам окулат. Эгер андан көп бир нерсе окула турган болсо, сүннөт намазы сүннөт болгон ордунда окулбаган болот. Кээ бир аалымдар сүннөт сакыт болот, кайра окуу керек болот дешкен.”

Экинчи маселе болсо, бир хадиси шариф менен амал кыла албайбыз. Мазхабыбыздын өкүмү эмне болсо, ага баш ийишибиз керек. Бир нече мисал келтирели:

1-Хадиси шарифте деңизден чыккан ар бир жаныбарды жегенге болот деп билдирилүүдө. Үч мазхабда тең деңизден чыккан ар бир жаныбар желет. Бирок, Ханафий мазхабында деңиз курт-кумурскалары желбейт, балыктан башка нерсе желбейт.

2- Дагы хадиси шарифте кан алдыруунун жана денеден чыккан кандын дааратты бузбай тургандыгы билдирилген. Үч мазхабда тең чыккан кандар дааратты бузбайт, бирок, Ханафий мазхабында кан чыкканда даарат бузулат. Биз мазхабыбыздын өкүмүнө баш ийебиз, кан чыкканда дааратыбыз бузулган болот.

3-Башка бир хадиси шарифте Фатиханы окубай окулган намаздын сахих болбой тургандыгы билдирилген. Ушул себептен улам Шафиилердин имамдын артында да Фатиханы окуулары парз. Ал эми Ханафий мазхабында болсо арамга жакын макрух. Мазхабыбыздын өкүмүнө баш ийбей хадиси шарифке амал кылууга аракет кылсак, анда мазхабсыз болобуз.

"Раббика” сөзүн "раббина” деп окуу

Суроо: Субхана раббика аятын раббика эмес, раббина, башкача айтканда, көптүк түрүндө окугандар кездешүүдө. Раббина деп окуу аятты өзгөртүү болуп калбайбы?

ЖООП: Курани каримди окугандан кийин, дуба кылгандан, вааздардан кийин Субхана раббика аяти каримасын окуу сүннөт. Кээ бирлер бул аяти кариманы өзгөртүп, "Субхана раббина деп окуу жакшыраак” дешет. Табарани билдирген хадиси шарифте: "Эгер бирөө намаздын соңунда үч жолу Субхана раббика аяти каримасын окуса жетиштүү өлчөмдө сооп табат”, - деп айтылган.

Ибни Хиббан билдирген хадиси шарифте да: "Кыямат күнү чоң өлчөмдө, мол соопко ээ болгусу келген адам бир жыйындан турганда Субхана раббика аяти каримасын окусун!” – деп буюрулган.

Ушул жана ушул сыяктуу хадиси шарифтер көрсөтүп тургандай, Расулуллах алейхиссалам бул аяти кариманы окуганда, сунуштаганда Курани каримдеги формасын өзгөрткөн эмес, дайыма Субхана раббика деп окуган, Субахана раббина деп окуганы угулган эмес. Бул аяти кариманы Субхана раббина формасына айлантуу Курани каримге кол узатуу болгондой эле, сүннөткө да кол салуу, өтө жийиркеничтүү иш болот. Хадиси шарифтер, фикх китептери жана фатвалар бул аяти кариманы өзгөртпөстөн окуу керектигин билдирүүдө.

Ошондой эле Раббика "сенин, тагыраагы, Мухаммед алейхиссаламдын Рабби” дегенди билдирет. Аят "Эй, урматтуу Пайгамбарым! Сени ушул кемалга, абройго жана бул иззатка жеткирген Раббиң” деген маанини билдирет. Раббина болсо "биздин Раббибиз” деп, өзүбүздү Мухаммед алейхиссаламдын ордуна коюп, бул күндүн ордуна жылдыздарды коюу дегенди билдирет. Аллаху таала сүйүктүү Пайгамбарын бардык адамдардан жогору коюп, баарынын ордуна Аны атаган. Анын кадыр-баркын бул аяти карима аркылуу да билдирген. Бул сөздү өзгөртүү Мухаммед алейхиссаламдын кадыр-баркына тийүү, ал кадыр-баркты Андан алып, өзүбүзгө берүү болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш