Суроо: Сапарда казага калган намазды муким кезде
канча рекет кылып окуу керек?
ЖООП: Сапарда казага калган бешим, аср жана
куптандын парздары муким кезде дагы 2 рекет кылып каза окулат. Багымдат, шам
жана витир өзгөрүүсүз окулат.
Суроо: Сапарда казага калган витирдин казасы дагы
важиппи?
ЖООП: Ооба, важиб.
Суроо: Сапардагы каза намаздардын саны билинбесе
баары 4 рекет окулабы?
ЖООП: Атайылап болбогондуктан төрт кылып окуу жаиз.
Суроо: "Сапарда казага калган алгачкы бешим
намазына” деп ниет кылып, эки рекет намаз окуу жаизби?
ЖООП: Ооба.
Суроо: Муким кезде казага калган парздар сапарда да
төрт рекет окулабы?
ЖООП: Ооба. Багымдат, шам жана витир өзгөрүүсүз
окулат.