Ислам дини » Намаз » Сапарда эки намазды бириктирип окуу




Сапарда эки намазды бириктирип окуу


Суроо: Ханафи мазхабында сапарда эки намазды бириктирип (жам кылып) окуу жаизби?

ЖООП: Ханафи мазхабында сапарда эки намазды бириктирип окуу таптакыр жаиз эмес. Бирок, муктаждык жана зарылдык болгондо калган үч мазхабдын бирин таклид кылуу менен окулат. Сапарда бир хараж, башкача айтканда, кыйынчылык болбосо эки намазды бириктирип окуу харам.

Суроо: Автобус сапарында намаздарды калтырбоо үчүн бириктирип окууса жаиз болобу?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Сапарга чыккан адам сапарда Шафии же Маликини таклид кылып, эки намазды бириктирип окуй алабы?

ЖООП: Шафии же Маликини таклид кылып эки намазды такдим жана техир кылуу менен, башкача айтканда, бешим жана асрды бешим же аср убагында, шам жана куптанды шам же куптан убагында окуй алуу үчүн кандайдыр бир муктаждык пайда болууга тийиш.

Жолдо болобу же сапарда болобу муктаждык пайда болмоюнча такдим жана техир кылуу менен намаз окулбайт. Анткени, жеңил өкүмдөрдү чогултуп алуу телфик деп аталып, бул жаиз эмес.

Сапарда поездде жүргөн адам поездде намаздарын туруп окуй албаса поезд токтогондо такдим жана техир менен окуйт.

Суроо: Машинада, паромдо жүрүп бара жаткан бир транспорт үчүн түшө албай калуу жагдайы бар болсо шафии мазхабын таклид кылып бешим менен асрды, шам менен куптанды жам кылып, Малики мазхабын да таклид кылсак болобу? Муну жана 2 намазды ушинтип жам кылганыбыз үчүн күнөө болобу?

ЖООП: Сапарда Шафии жана Малики мазхабдарында эки намазды жам кылып окуу жаиз. Эгер сапарда эмес болсо жам кылуу жаиз болбойт. Эгер кандайдыр бир зарылдык бар болсо, ошондо (муким кезде) Ханбали мазхабын таклид кылып эки намаз жам кылынып окулат. [Малики, Шафии жана Ханбали мазхабдарын таклид кылуу тууралуу маалыматтар Мазхаб жана Мазхабсыздык темасында бар.]

Суроо: Сапар учурунда Шафии же Малики мазхабдарын таклид кылып, бешим менен асрды жам кылып окуу үчүн бешимди кечиктирдим. Аср болгондо мекениме келип муким болдум. Бешим казага калганы үчүн күнөө кылган боломбу?

ЖООП: Ибни Хажар Мекки хазреттери айтат:

"Сапардагы адам аср менен жам кылып окуу үчүн бешимди кечиктирсе бешим убагы чыккандан кийин бешимди окуй электен мурда муким болсо алгач бешим намазынын казасын окуйт. Бешимди казага калтырганы үчүн күнөө кылган болбойт. Анткени, намазды үзүр себепсиз казага калтыруу күнөө. Бул жерде сапарда болуу үзүрү себеби менен казага калтырылгандыктан күнөө болбойт.) [Фатава-и Фикхия]

Эскертүү: Эки намазды бириктирүү тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн "Эки намазды жам кылуу” макаласын караңыздар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш