Ислам дини » Намаз » Руку жана саждага байланыштуу суроолор




Руку жана саждага байланыштуу суроолор


Суроо: Аллахтан башкага сажда кылуу күфүр эмеспи? Эгер күфүр болсо эмне үчүн Аллах периштелерге Хазрети Адамга сажда кылууну буюрган? Мусулмандар эмне үчүн Каабага сажда кылышат?

ЖООП: Ибадат ниети менен Аллахтан башкага сажда кылуу күфүр. Сый-урмат үчүн кылынса күфүр болбойт, арам болот. Анткени, Адам алейхиссаламдан Ибрахим алейхиссаламга чейин саламдашуу бири-бирине сажда кылуу менен болчу. Кийин анын ордуна мойнунан кучактоо менен болду. Мухаммед алейхиссаламдын доорунда кол менен мусафаха кылуу (кол алышып учурашуу) сүннөт болуп калды.

Каабага карата сажда кылынат. Кааба үчүн сажда кылынбайт. Кааба үчүн сажда кылган адам капыр болот. Кааба – кыбыла, кыбыла багытында Аллахка сажда кылынат. Биз кылган саждалар Кааба үчүн эмес Аллах үчүн, кыбыласы Кааба. Аллаху таала да Адам алейхиссаламдын багытында өзүнө сажда кылынуусун буюрду. Бирок, Иблис муну да кабыл кылган жок. Ошондой эле Адам алейхиссаламга урмат үчүн да сажда кылуусун буюра алмак. Жогоруда айтылгандай, Адам алейхиссаламдын доорунда саламдашуу сажда кылуу менен болчу. Бул мааниде да болсо Иблис Адам алейхиссаламга урмат көрсөтүүнү кабыл алган жок. Негизи ал Аллаху тааланын буйругуна каршы чыкты. Каршы чыгуу эмне үчүн күфүр болсун деп айтылышы ыктымал. Иблис Аллаху тааланын бул буйругун жактырган жок, "Оттон жаратылган бир макулук топурактан жаратылганга кантип урмат көрсөтмөк эле? Бул буйрук жаңылыш”, - деди. Аллаху тааланын буйругун жактырбаганы үчүн капырлардан болду. 

Жалгыз окугандар үчүн

Суроо: Намазда рукуда 5, 7, 9 же 11 жолу "Субхана раббиял-азым” деп айтсак, саждада да ошончо жолу "Субхана раббиял-аъла” деп айтышыбыз керекпи?

ЖООП: Эгер рукуда 7 жолу тасбих айтылган болсо саждада да ошончо жолу айтуу шарт эмес, 3 же 11 жолу айтууга болот.

Суроо: Зарылдыкка байланыштуу бешимди "аср-ы аввал”да, асрды болсо "аср-ы сани”де окусак куптанды да "иша-и сани”де окушубуз керекпи?

ЖООП: Жок, асрды аср-ы саниде окуганда куптанды иша-и саниде окуу керек эмес. Ал эми, жамаат менен окулбай жатса, дайыма асрды аср-ы саниде, куптанды да иша-и саниде окуган жакшы. Мына ушундайча Имам Азам хазреттеринин өкүмүнө да амал кылынган болот.

Рукуда жана саждада тасбих

Суроо: Рукуда жана саждада үч жолу тасбих айтканчалык туруу важибби?

ЖООП: Бир жолу айтканчалык туруу важиб. Үч жолу айтканчалык туруу сүннөт. Үч жолу айтканчалык туруу важиб деген аалымдар да болгон.

Эки сажда тең парз

Суроо: Сажданын биринин парз, экинчисинин сүннөт экенин айткандар бар. Эки сажда тең парз эмеспи?

ЖООП: Эки сажда тең парз. (Радд-ул-мухтар)

Сажда кылууга мүмкүнчүлүк болбосо

Суроо: Камера тар болуп сажда кыла албаган түрмөгө кесилген адам намазды кантип окуйт?

ЖООП: Камера тар болуп сажда кылууга мүмкүнчүлүк жок болсо отуруп ийилүү аркылуу окуйт. (Маракыл-фалах)

Көз айнек менен намаз

Суроо: Намазда көз айнекти чечүү керекпи?

ЖООП: Саждага чекени коюу парз. Мурун менен бирге коюу важиб. Эгер көз айнек мурундун жерге тийүүсүнө тоскоол болсо, анда макрух болот. Көз айнек тагынган адам чекеси менен мурду жерге жакшылап тийсин деп башын басууга аракет кылса көз айнеги сынып кетиши мүмкүн. Эгер андай маселе жок болсо көз айнек менен да окуса болот.

Манжалардын учутарын кыбыла тарапка каратуу

Суроо: Саждада буттарды жерге коюу жана буттардын манжаларын кыбылага каратуу парзбы?

ЖООП: Саждада эки бутту же жок дегенде ар биринин бирден манжасын жерге коюу парз, важиб же бир кавл боюнча сүннөт. Башкача айтканда, эки бут жерге коюлбаса намаз сахих болбойт же макрух болот. Буттун манжаларын бүгүп, учтарын кыбылага каратуу да парз эмес, сүннөт. Парз дегендердин жаңылгандыгы "Радд-ул-мухтар” китебинде жазылган. Саждада чеке, мурун жана буттар жерден кыска убакытка көтөрүлсө зыяны жок. (Саадат-и Абадиййа)

Рукуну унуткан адам

Суроо: Руку кылууну унутуп, саждага барган адам сажда кылгандан кийин рукуну унутуп калганын эстесе эмне кылат?

ЖООП: Ордунан туруп руку кылат, андан кийин саждага барат. Мурунку саждаларга каралбайт. Тагыраагы, алар мындан ары жараксыз болот. Анткени, намазда тартип (ирет) парз. Башкача айтканда, парздарды ирети менен аткаруу парз. Руку парызын кечиктиргени үчүн намаздын аягында сажда-и сахв да кылат.

Тасбихтерди тек санда айтуу

Суроо: Имам Раббани хазреттери: "Руку жана саждаларда тасбих жок дегенде үч жолу айтылат. Көбү жети же он бир”, - деген. Бул жерден беш жана тогуз жолу айтуунун жаиз эместиги түшүнүлөбү?

ЖООП: Жок. Бул сөздүн астында эле: "Кубаттуу бир адамдын кыйынчылыгы жок кезде жалгыз окуп жатканда тасбихтерди эң аз санда айтуусу канчалык уяла турган абал! Жок дегенде беш жолу айтуу керек”, - деген. Таспихти беш, жети, тогуз же он бир жолу да айтуу жаиз, мустахаб, жакшы. Тек санга амал кылып айтуу керек.

Имам Раббани хазреттери Мавлана Салихке бакчадан бир нече гвоздика алып келүүнү буюрду. Алты гвоздика алып келгенин көргөндө: "Биздин эң төмөн шакиртибиз жок дегенде "Аллаху таала бир тек, тек санга амал кылганды жакшы көрөт” деген хадиси шарифти билет. Тек санга амал кылуу мустахаб. Мустахаб деген эмне? Мустахаб - Аллаху таала жакшы көргөн нерсе. Эгер дүнүйө жана акыретти Аллаху таала жакшы көргөн бир нерсе үчүн беришсе эч нерсе бербеген болушат”, - деди.

Раббана лакал хамд

Суроо: "Раббана лакал хамд”дын ордуна "Раббана ва лакал хамд” деп айтуу жаизби?

ЖООП: Жаиз болгону менен "Раббана лакал хамд” деп айтуу ылайыктуураак.

Бийик жерге сажда кылуу

Суроо: Дени сак адамдын бийик жерге сажда кылуусу жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. Дени сак адамдын 25 см бийик жерге сажда кылуусу макрух. Эгер мындан да жогору жерге сажда кылынса, намаз фасид болот, башкача айтканда, бузулат. (Ислам Ахлагы)

Расулуллах хазреттери (саллаллаху алейхи васаллам) аз бийик бир нерсенин үстүнө да сажда кылган эмес. Аз бийик жерге да сажда кылуунун жаиз эместиги [макрух экендиги] "Жами-ур-румуз” жана "Табйин” хашиясында жазылган. (Саадат-и Абадиййа)

Саждага ийиле албаган оорулуу жерден 25 см жетпеген бийик нерсенин үстүнө сажда кыла алат, андан бийикке сажда кыла албайт.

Эгер чекесинде жара бар болсо

Суроо: Чекесинде же мурдунда жара бар адам кантип сажда кылат?

ЖООП: Чекесинде жара бар адам бир гана мурду менен, ал эми мурдунда жара бар адам чекеси менен гана сажда кылат. Чекесинде да, мурдунда да жара бар болуп жерге сажда кыла албаган адам өйдө тура алса дагы отуруп баш ийкеп окуйт. Башкача айтканда, рукуга бираз ийилет. Сажда үчүн рукуга караганда көбүрөөк ийилет. (Саадат-и Абадиййа)

Суроо: Бир адам намаз окуп жатканда сажда кылганды унутуп калганын эстесе, ал намазды бузуп кайра окуйбу же эмне кылат?

Жооп: Намаз окуп жатып сажданы унутуп калган адам унутуп калганын рукуда же саждада эстесе, рукудан дароо, саждадан болсо отургандан кийин ал сажданы кылат, руку жана сажданы кайра кылат. Андан кийин сажда-и сахв кылат. Ушул эстеген жана акыркы отурушта эстеген сажданы акыркы отуруштун арасында же аягында кылат, кайра отуруп тахыййатты окуйт жана сажда-и сахв кылат. Эгер кайра отурбаса намазы бузулат.

Сажда кылып жатканда алгач эки тизе жерге коюлат

Суроо: Намаз окуп жатканда саждада эмнелерге көңүл буруу керек жана эмнелердин үстүнө сажда кылууга болот?

Жооп: Маселеге байланыштуу Ибни Абидинде мындай деп айтылат:

"Сажда кылып жатканда адегенде эки тизе, андан кийин эки кол, андан кийин мурун, андан кийин чеке жерге коюлат. Баш бармактары кулактарынын деңгээлинде болот. Шафии мазхабында колдор ийиндин деңгээлинде коюлат. Буттардын жок дегенде бирден манжасын жерге коюу парз. Жер катуу болуп, баш анын ичине кирип кетпеши, көмүлбөшү керек. Жерге салынган килем, чий, буудай жана арпа ушундай. Жерде турган стол, диван же араба да жер дегенди билдирет. Жаныбардын үстү жана жаныбардын үстүндөгү ыңырчак жана ушуга окшош буюмдар жер болуп эсептелбейт. Селкинчек жана дарактарга, тиректерге байланып абада керилип турган кездеме, килем жана чий да жер болуп эсептелбейт. Күрүч, таруу, зыгыр уругу сыяктуу тайгак нерселердин үстүнө сажда сахих болбойт. Эгер булар каптын ичинде болсо анда сахих болот. Сажда кылынган жер тизелер коюлган жерден жыйырма беш сантиметр бийик болгондо намаз сахих болгону менен макрух болот. Саждада чыканактар денеден, курсак да сандардан ачык кармалат. Буттардын манжаларынын учтары кыбылага каршы кармалат. Рукуда эйилип жатканда согончок сөөктөрүн бириктирүү сүннөт болгондой эле, саждада да кошулган абалда кармалат.”

Саждада эске алынуучу нерселер

Суроо: Намаз окуп жатканда саждада эмнелерге көңүл бурушубуз керек, сажданы кандай кылуу керек?

Жооп: Саждада колдун манжалары бири-бирине тийип турган абалда, кыбыланы карап, кулактардын деңгээлинде, баш эки колдун ортосунда болушу керек. Чеке таза жерге, башкача айтканда, таш, топурак, тактай, жайманын үстүнө коюу парз болуп, мурунду да бирге коюу важиб деп айтылды. Кечиримдүү себепсиз мурунду гана коюу жаиз эмес. Чекени гана коюу макрух. Саждада жок дегенде үч жолу "Субхана раббиял-аъла” деп айтылат. Эки бутту же жок дегенде ар биринин бирден манжаларын жерге коюу парз же важиб. Сүннөт деп да айтылган. Тактап айтканда, эки бут жерге коюлбаса, намаз сахих болбойт же макрух болот. Саждада чеке, мурун жана буттар жерден кыска убакытка көтөрүлсө зыяны жок. Саждада буттардын манжаларын бүгүп, учтарын кыбыла тарапка каратуу сүннөт. Эркектер колдорду жана сандарды курсактан бөлөк кармашат. Колдорду жана тизелерди жерге коюу сүннөт. Согончокторду кыямда бири-биринен төрт манжа кеңдигинде, рукуда, кавмада жана саждада бири-бирине тийип турган абалда кармоо сүннөт.

Суроо: Эркектер намазда рукуга ийилгенде рукуда кандай турушу керек?

Жооп: Рукуда эркектер манжаларын ачып тизелеринин үстүнө коюшат. Белин жана башын болсо түз кармашат. Рукуда буттар жана колдор болсо тик кармалат.

Суроо: Намаз окуп жатканда саждада эки бутту тең көтөрүү намазды бузабы?

Жооп: Эки бутту же жок дегенде ар биринин бирден манжаларын жерге коюу парз же важиб. Сүннөт деп да айтылган. Тактап айтканда, эки бут жерге коюлбаса намаз сахих болбойт же макрух болот. Саждада чеке, мурун жана буттар жерден кыска убакытка көтөрүлсө зыяны жок. Саждада буттардын манжаларын бүгүп, учтарын кыбыла тарапка каратуу сүннөт. Парз же важиб дегендердин жаңылышкандыктары "Радд-ул-мухтар”да жазылган.

Суроо: Намазда саждага жатканда сажда кылынган жер катуу болушу керекпи?

Жооп: Чекени селденин ороочторуна, такыянын чекесине, чекени жаап турган чачтарга, кийимдин жеңинин оозуна, этегинин же колдордун үстүнө коюу сахих болгону менен кечиримдүү себепсиз танзихан макрух болот. Аялдардын да чекеси намаз учурунда ачык болушу керек. Жердин катуулугун сезе тургандай, башкача айтканда, башын бастырганда чекеси көмүлбөй тургандай бастырып, килем, чий, буудай, арпа, тактай керебет, диван жана жерде турган арабанын үстүнө сажда кылуу сахих болот. Эки дарактын ортосуна керилген селкинчекке же капка салынбаган күрүч менен тарууга сажда сахих болбойт.

Сажда кыла турган жер жок болсо

Суроо: Кээде, мисалы, Жума жана Айт намаздарында мечитте эл көп болуп, жерге сажда кылууга мүмкүн болбой калса мындай учурларда намаз окуган адам кантип сажда кылат?

Жооп: Маселеге байланыштуу фикх жана илмихал  китептеринде мындай деп айтылат:

"Саждага ийиле албаган оорулуу жана мечитте башка орун таба албаган соо адам жерден жыйырма беш сантиметрден бийигирээк нерсенин үстүнө сажда кылбайт. Бир гана орун таба албаган адам алдында ошол эле намазды окуп жерге сажда кылгандын жонуна сажда кыла алат. Бирок, тизелери жерде болушу керек. Бул дени соо адамдын эл тарагандан кийин окуусу же эл көп болбогон мечитке барып ошол жерде окуусу мустахаб. Мечитте эл көп болбогон учурда жыйырма беш сантиметрден ашпаган бийик нерсеге сажда кылуунун жаиз экендиги да билдирилгени менен макрух болот. Анткени, Расулуллах алейхиссалам аз бийик нерсенин үстүнө дагы сажда кылбагандыгы Ибни Абидинде билдирилген, аз бийикке дагы жаиз эместиги "Жамиур-румуз”да жана Шелбинин "Табйин” хашиясында жазылган.

Ушул себептен үзүрү болгондордун дагы аз бийик нерсеге да сажда кылбоолору керек. Ал эми бийик нерсеге сажда кылуу керек, жерге сажда кылбоо керек деп айтуу ибадатты өзгөртүү болот. Ибадатты өзгөртүүнү каалаган адам капыр болот. Капырлар, Расулуллах алейхиссаламдын душмандары мечиттерди чиркөөгө окшоштурууну каалашууда. Чиркөөлөрдө болгондой эле отургучта отуруп, сажда катары башын столго коюуга, мечиттерге музыкалык аспаптарды, музыканы алып кирүүгө аракет кылушууда. Алгач сажда кылына турган жерлерди кичине көтөрүүгө жана ибадаттарды үн күчөткүч менен кылууга көндүрүшүүдө.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш