Ислам дини » Намаз » Бешим жана куптандын акыркы сүннөттөрүн 4 рекет окуу




Бешим жана куптандын акыркы сүннөттөрүн 4 рекет окуу


Суроо: Бешим жана куптан намаздарынын акыркы сүннөтүн төрт рекет кылып окуунун зыяны барбы?

ЖООП: Зыяны жок. Жакшы болот.

Парз жана важиб намаздарынан башка окулган намаздар, анын ичинде сүннөт намаздар дагы нафил намаздар деп аталат. Макрух убакыттардын сыртында бардык убакытта нафил намаз окуу жаиз.

Бешим жана куптан намаздарынын парзынан кийин төрт, шам намазынан кийин алты рекет нафил намаз окуунун пазилети тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүдөй:

"Бешим намазынан мурун жана кийин 4 рекет намаз окууну улантканга Тозок харам болот.” [Тирмизи]

"Шамдан кийин 6 рекет намаз окуган адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо дагы кечирилет.” [Табарани]

"Шам намазынан кийин сүйлөбөстөн 6 рекет намаз окуган адам 12 жыл нафил ибадат кылгандай соопко ээ болот.” [Ибни Маажа]

"Бешимдин парзынан мурун окулган 4 рекет, куптандын парзынан кийин окулган 4 рекет намаз сыяктуу. Куптандан кийин окулган 4 рекет намаз Кадыр түнү окулган 4 рекет намаздын сообуна барабар.” [Табарани]

Ал эми нафил ибадаттардын сообун ала алуу үчүн парз намаздан карызы жок болушу керек. Бул карызды төлөмөйүнчө мындай нафил ибадаттардын эч бирине сооп берилбейт. "Дуррат-ул фахира” китебиндеги хадиси шарифте: "Аллаху таала казага калган намаз карызы бар адамдын нафил ибадатын кабыл албайт”, - деп айтылган. Мындан тышкары нафил ибадаттарга сооп бериле алышы үчүн арамдардан сактанып күнөөлөргө да тообо кылуу керек. (Навадир-и фикхиййа)

Суроо: Бешим жана куптан намаздарынын акыркы сүннөттөрүн төрт рекет кылып окуса болобу?

Жооп: Бешим жана куптандын парзынан кийин төрт рекет, шам намазынан кийин дагы алты рекет окуу мустахаб. Баарын бир салам же эки рекетте бирден салам менен окууга болот. Эки көрүнүштө тең алгачкы эки рекеттер акыркы сүннөттөрдүн ордуна эсептелет. Ошондой эле бул мустахаб намаздарды акыркы сүннөттөрдөн кийин өзүнчө окууга да болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш