Ислам дини » Намаз » Руку жана саждада буттарды бириктирүү




Руку жана саждада буттарды бириктирүү



Суроо: Руку жана саждада буттарды бириктирүү сүннөтпү?

ЖООП: Ооба. Тилекке каршы бүгүн бул сүннөт унутулган. Анын сыңарындай, башка каптама масх тартуу да унутулган. Баштын төрттөн бирине гана масх тартылууда, парзы гана аткарылууда, сүннөт аткарылбоодо.

Суроо: Рукуда согончок сөөктөрүн бириктирүүгө аракет кылганда абдан кыйын болууда. Рукуда жана саждада согончокторду бириктирүү жетиштүүбү же сөзсүз согончок сөөктөрүн да бириктирүү керекпи?

ЖООП: Шарт эмес. Согончокторду гана бириктирүү сүннөттүн ордуна өтөт. Там Илмихалда айтылат:

"Халеби-и кебир”де үч жүз он бешинчи бетте жана "Дурр-ул-мухтар”да айтылат: "Рукудагы сүннөттөрдүн бири – согончок сөөктөрүн бири-бирине тийгизүү.” Ушул себептен, рукуга ийилип жатканда сол буттун согончогу оң буттун капталына келтирилет. Саждадан кыямга туруп жатканда ачылат.

Акыркы сүйлөмдө: "Ошондуктан, рукуга эңкейип жатканда сол буттун согончогу оң буттун капталына келтирилет”, - деп айтылат.

Согончокторду гана бириктирүү жетиштүү. Биз муну Илмихалдын авторунан кат жүзүндө сураган болчубуз. "Согончокторду бириктирүү жетиштүү”, – деп жооп берген болчу. Жаннат Жолу Илмихалы китебинде намаздын мустахабдары аталып жатканда "Рукуда буттарды бириктирүү” сөзү өткөн.

ХалебиДурр-ул-мухтар жана Радд-ул-мухтарда "каабейнди [эки каабды] бириктирүү” сүйлөмүндөгү кааб сөзү буттун ички тарабындагы чыгып турган сөөк. Бул согончок сөөгү деп да аталат. Согончоктордун бириктирилүүсү жетиштүү. Бул эки сөөктү күч менен бириктирүүгө аракет кылуунун кереги жок, эки согончок жанаша келгенде сүннөт аткарылган болот. Бул маселени апыртуу туура эмес. Намазда тынч туруу негиз. Согончок сөөктөрүн бириктирүүгө аракет кылып, өзүн кыйноо орундуу эмес. Бириктиргенге да, бириктирбегенге да эч нерсе дебеш керек.

Аялдар рукуда буттарын бириктирбейт. Бул эркектерге таандык.

Качан буттар ачылат?

Суроо: Саадат-и Абадиййада: "Рукуга эңкейип жатканда сол буттун согончогу оң буттун капталына келтирилет. Саждадан кыямга туруп жатканда буттар ачылат”, - деп айтылууда. Кээ бирөөлөр саждадан өйдө тургандан кийин ачышат. Туруп жатканда ачылат дегени эмне?

ЖООП: "Туруп жатканда ачылат” дегени "Саждадан тура турган кезде ачылат” дегендик. Буттар бири-биринен ажыратылган абалда турулган болот. Эгер муну унутуп калса, өйдө туганда ачат.

Буттарды бириктирүү

Суроо: Эркектердин рукуда буттарын бириктирүүнүн сүннөт экендиги Саадат-и Абадиййадан башка кайсы китепте бар?

ЖООП: Ханафиде сүннөт экендиги Халеби жана Радд-ул-мухтар сыяктуу баалуу китептерде билдирилген. Белгилүү Мызраклы Илмихалда да жазылган. Ушундай эле кезинде окуучулар үчүн Османий тилинде жазылган "Анадолу Баланын Китеби: Малумат-и Диниййа” китебинде да: "Рукуда буттар бириктирилет”, - деп айтылган. Убакыттын өтүшү менен булар унутулган жана ошондуктан бүгүнкү күндө түркчө деп аталган латын тамгалары менен жазылган китептерде жок. Болбосо, андан мурун мындай маалыматтар китептерде жазылчу. Унутулуган бул сүннөттү ихйа кылуу (кайра жандандыруу) абдан сооптуу болот.

Суроо: Намазда тик турганда буттардын ортосу ачык жана рукуга ийилгенде бириктирилген абалда болобу?

Жооп: Намаз окуп жатканда согончокторду кыямда турганда бири-биринен төрт манжа кеңдигинде алыс, рукуда, кавмада жана саждада бириктирилген абалда кармоо сүннөт. Халеби-и кебирде жана Дурр-ул-мухтарда мындайча айтылат:

"Рукудагы сүннөттөрдүн бири – согончок сөөктөрүн бири-бирине тийгизүү.”

Ушул себептен рукуга ийилип жатканда сол буттун согончогу оң буттун жанына келтирилет. Саждадан кыямга туруп жатканда болсо ачылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш