Ислам дини » Намаз » Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү




Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү


Суроо: Сүннөт менен парздын же парз менен сүннөттүн ортосунда сүйлөшүү, салам алуу же берүү, дуба кылуу, тасбих тартуу, Куран окуу бидат болобу? Багымдаттын сүннөтүн үйүндө окуп келген киши мечитте тасбихин алып, келиме-и таухид же салават-ы шарифа окуса же сүйлөшсө эмне болот?

ЖООП: Маракыл-фалахтын Тахтави хашиясынын (түшүндүрмөсүнүн) котормосу болгон Нимат-и Ислам китебинин "Нафил намаздар” бөлүмүндө мындай деп жазылган:

"Парз менен сүннөттүн же сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү сүннөттү жокко чыгарбайт. Бирок, сүннөттүн сообун азайтат. Эң туура пикирде болсо сүннөттү кайра окуу керек. Ар кандай дуба дагы сүйлөшкөн сыяктуу.”

Ушул эле маалымат Дурр-ул-мухтарда да бар: "Эң туура сөз - сүннөт кабыл болбойт, мурунку сүннөттү кайра окуу керек”. Бул сүйлөм "Дурр-ул-мухтар”дын арапча түп нускасынын 457-бетинде, кээ бир басылмаларында 711-бетинде бар. Түркчө котормосунун 3-томунун 40-41-беттеринде бар.

Ибни Абидин хазреттери Дурр-ул-мухтарда жазылган маалыматты түшүндүрүп жатып, ар кандай окуулар да бул өкүмгө жатаарын билдирген.

Демек, сүннөт менен парздын ортосунда дуба, сүрө же үч Ихлас окубоо керек. Өзгөчө муну адат кылып алуу бидат. Ибадаттарга кошумча киргизүү динди өзгөртүү болуп саналат. Хадиси шарифте: "Ибадаттарды биз сыяктуу кылбагандар бизден эмес”, - деп айтылган. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кандай ибадат кылган болсо, мазхабыбыз муну кандай билдирген болсо ошол тартипте ибадат кылынат. "Муну да кылалы, тигини да кошолу” деш - динде реформа болот. Бул эч качан жаиз эмес. Сүннөт менен парздын ортосунда бир нерсе окуу сүннөттүн сообуна кедергисин тийгизе тургандыгы Бахр-ур-раикта да жазылган.

Багымдаттын сүннөтүн үйүндө окуп келген киши мечитке келгенде сүйлөбөйт, үн чыгарып эч нерсе окубайт. Эриндерин кыймылдатпай ичинен келиме-и таухид окуса болот же тафаккур кылат. Эгер каза намазы бар болсо каза намазын окуйт. Курани карим окулуп жаткан болсо угат.

Мечитте сүннөттү окуп, парзды күтүп жатканда сырттан келген адамдын саламын алуу да сүннөт менен парздын ортосунда бир нерсе окуу жана сүйлөшүү сыяктуу сүннөттүн сообун жок кылат.

Жыйынтык:

Ибадаттарды билдирилгендей кылуу керек. Казына - билдирилгендей кылууда жашыруун. Аз же көп кылуу, казынага жете албоо – куру калуу дегендик. Анын үстүнө буйрукту өзгөртүүбүз казынадан куру калуубузга себеп болгондой эле, бидат иш кылуубузга же күфүргө түшүүбүзгө да себеп болушу мүмкүн. Максат буйрукка баш ийүү жана казынага жетүү болгондуктан, ибадаттарды билдирилгендей кылуу керек.

Мазхаб имамдарыбыздын жана Имам Раббани хазреттери сыяктуу ахли сүннөт аалымдарынын жолунда болбогон, аларды сүйүп, аларда фани (жок) болбогон адам илим жагынан билсе дагы, ибадаттарды билдирилгендей кыла албайт.

Суроо: Сүннөт менен парздын ортосунда суроо берген адамга калем менен жазып берүү сүйлөшүүнүн ордуна өтөбү?

ЖООП: Ооба. Эч нерсе менен алек болбоо керек.

Сүннөт менен парздын ортосунда

Суроо: Парз менен сүннөттүн ортосунда эч нерсе окулбайт, бирок,шыпаа ниети менен "Саадат-и Абадиййа”китебинде билдирилген: "40 күн багымдат намазынын сүннөтү менен парзынын ортосунда 41 жолу Бисмиллахтын аягындагы Мим тамгасын Фатиханын Лам тамгасы менен кошуп [башкача айтканда "Рахимилхамду деп] окугандан кийин кылынган дуба кабыл болот”, - деп айтылат. Муну окуу туурабы?

ЖООП: Ислам Ахлагы китебинде мындай деп жазылган:

Мындай дубаларды багымдат намазынын сүннөтүнөн мурда же парзынан кийин окуу жакшыраакболот. Себеби, Ибни Абидиндин Мысрда Булак басмаканасында басып чыгарылган нускасынын үч жүз элүү алтынчы жана төрт жүз элүү жетинчи беттеринде мындай деп жазылат: "Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөсө же дуба, зикир кылса, сүннөт сакыт болбойт (жокко чыкпайт). Бирок, сүннөттүн сообу азаят. Сүннөттөн кийин бир гана "Аллахумма антассалам... икрам” деп айтылат. Ашыкча бир нерсе окулса, сүннөт намазы сүннөт болгон ордунда окулбаган болот. Кээ бир аалымдар сүннөт сакыт болот (жокко чыгат), кайра окулуусу зарыл болот дешти. Парздан кийинки [соңку] сүннөттү "Аллахумма антассалам...” дегенден кийин кечиктирүү макрух болот. Муслимдин жана Тирмизинин Аишадан (радыяллаху анха) кабар бергендерине караганда, Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) парздан кийин "Аллахумма антассалам...” дегидей убакыт отуруп, дароо соңку сүннөттү баштачу эле. Хадиси шарифтерде намаздардан кийин окулуусу билдирилген "Аврад”дын (дуба жана зикирлердин) соңку сүннөттөрдөн мурда окула турганын көрсөткөн эч кандай ишарат жок. Атүгүл, булардын соңку сүннөттөрдөн кийин окулуусу түшүнүлүүдө. Себеби, сүннөт намаздар парздардын уландысы болуп саналат. Ошон үчүн соңку сүннөттөрдөн кийин окуу парздан кийин окуу деп аталат. Ошондуктан, "Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) ар бир парз намаздан кийин Тасбих, Тахмид, Такбир жана Тавхид окучу эле” деген кабардан соңку сүннөттөрдөн кийин окучу эле деген маани түшүнүлгөн. Шамс-ул-аимма Халвани парз менен сүннөттүн ортосунда кыска бир нерселер окулса зыяны болбосо да, соңку сүннөттөн кийин окуу жакшы болот деди.

Соңку сүннөттөн мурда дуба кылуу

Суроо: Мечитте кээде бешим намазынын парзынын экинчи рекетине жетишип калам. Мен намазымды бүтө электе эле имам дуба кылып баштайт. Соңку сүннөттү окубастан имам менен бирге дуба кылуум туурабы?

ЖООП: Парз менен сүннөттүн, сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү жана дуба кылуу туура эмес. Ушул себептен намазды бүтүргөндөн кийин тасбихтерди тартып, андан соң дуба кылуу керек.

Суроо: Сүннөт менен парздын ортосунда дуба окуу дагы жаиз эмес. "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” деп айтуу да буга киреби?

ЖООП: Жок, кирбейт. Парз болобу, нафил болобу, ар бир намаздан кийин "Ассаламу алайкум ва рахматуллах” деп салам бергенден кийин "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” деп айтылат. (Радд-ул-мухтар)

Намаздардан кийин

Суроо: Хадиси шарифтерде "Парз намаздардан кийин баланча дубаны окуу сооп болот” деп айтылат. Бул парзды окугандан кийин эле окулабы же дубадан кийинби?

ЖООП: Ханафи мазхабында намаз бүтүп, дуба кылынгандан кийин окулат. Себеби, парз менен сүннөттүн, сүннөт менен парздын ортосунда дуба окуу Ханафиде жаиз эмес. (Ибни Абидин)

Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү

Суроо: Мечитте сүннөттү окугандан кийин сырттан келген адамдын саламын алуу сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү өкүмүнө киреби?

ЖООП: Ооба, кирет. Мечитке киргенде сүннөттү окуп күтүп тургандар менен сүйлөшпөө керек жана аларга салам бербөө керек. Сүннөттү окуп күтүп турган адам да эч ким менен сүйлөшпөөсү, дуба окубоосу жана зикир тартпоосу керек. Тафаккур кыла алат, эгер убакыт болсо каза намазын окуй алат.

Багымдат намазынын сүннөтүн окуп, мечитке бара жатканда да жолдо дуба окуу, зикир тартуу сүйлөшкөн сыяктуу болот. Атүгүл салам бергендин саламы да алынбайт. Адамдар менен сүйлөшүп калуу ыктымалы болгондуктан, багымдат намазынын сүннөтүн үйдө эмес мечитте окуу керек.

Соңку сүннөткө туруу

Суроо: Сүннөт менен парздын жана парз менен сүннөттүн ортосунда сүйлөшүү, башка бир иш кылуу жана бир нерсе окуу макрух болгондой эле, сүйлөбөстөн, эч нерсе окубастан күтүү да макрух болобу?

ЖООП: Ооба, макрух болот. Фикх китептеринде мындай деп жазылган:

Соңку сүннөтү бар намаздарда парзды окугандан кийин "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” дегидей гана отурулат. Мындан ашыкча күтүү макрух болуп саналат. Дароо сүннөттү окууга туруу керек. (Ибни Абидин)

Парздан кийин дароо соңку сүннөткө туруу, ортодо эч нерсе окубоо Ханафи мазхабында сүннөт болуп саналат. Расулуллах парзды окугандан кийин "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” дегидей убакыт отуруп, андан ашыкча отурчу эмес, дароо соңку сүннөттү окучу эле. (Маракыл-фалах)

Расулуллах намаздан кийин салам бергенде, бир гана "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” дегидей гана убакыт отурчу эле. (Тирмизи)

Сүннөт менен парздын ортосунда

Суроо: Сүннөт менен парздын же парз менен сүннөттүн ортосунда сүйлөшүү, дуба окуу жаизби?

ЖООП: Сүннөт менен парздын, парз менен сүннөттүн ортосунда сүйлөшүлбөйт. Бул сүннөттүн сообун азайтат. Бир нерсе окуу дагы ушул сыяктуу сүннөттүн сообун азайтат. Атүгүл: "Сүннөт такыр кабыл болбойт, мурунку сүннөттү кайра окуу керек”, — деп айткан аалымдар да бар. (Дурр-ул-мухтар)

Аиша энебиз мындай деп айтат: Расулуллах парздан кийин "Аллахумма антассалам...” дегидей гана убакыт отуруп, дароо соңку сүннөттү баштачу эле. (Муслим, Тирмизи)

Сүннөт менен парздын ортосунда бир нерсе окуу

Суроо: Сүннөт менен парздын ортосунда азанчы: "Аллах ыраазылыгы үчүн Фатиха”, - десе, Аллах ыраазылыгы дегени үчүн окуу керекпи?

ЖООП: Жок, кереги жок. Азанчы антип айтса дагы сүннөт менен парздын же парз менен сүннөттүн ортосунда эч нерсе окулбайт. Ханафи фикх китептеринде мындай деп жазылат: "Парз менен сүннөттүн же сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү жана кандайдыр бир дуба окуу сүннөттүн сообун азайтат. Эң туура болгон пикирде, сүннөттү кайра окуу керек”. (Дурр-ул-мухтар, Бахр-ур-раик, Нимат-и Ислам)

Фатиханы парз менен сүннөттүн ортосунда окуу макрух болуп саналат. (Пайдалуу Маалыматтар)

Багымдаттын сүннөтүн үйүндө окуп мечитке келген киши дагы сүйлөбөйт, үн чыгарып бир нерсе окубайт, жолдо салам берген киши болсо да саламын албайт. Негизи саламды алуу парз болуп саналат.

"Аллах ыраазылыгы үчүн” деп айтылганда, эгер суралган нерсе динге ылайык келбесе, ал аткарылбайт. Мисалы: "Аллах ыраазылыгы үчүн мени менен арак ич” деген кишинин каалоосу аткарылбайт.

"Аллах үчүн” деп, бир кишиден дүнүйөлүк нерсе суроо жаиз эмес. Сураган кишиге бир нерсе берилбесе күнөө болбойт. (Хадика)

Сүннөткө каршы келе турган түрдө азанчы сүннөт менен парздын ортосунда: "Аллах ыраазылыгы үчүн Фатиха окуңуздар”, - десе дагы окуу керек эмес. Ушул сыяктуу эле имам хутбада: "Аллах ыраазылыгы үчүн дуба кылыңыздар, салават айтыңыздар, менин дубама оомин деп айтыңыздар”, - десе дагы, динге каршы келген бул буйрук аткарылбайт. Себеби, хутба окулуп жатканда сүйлөшүлбөйт жана дубага оомин деп айтылбайт.

Суроо: Бешимдин алгачкы сүннөтү менен парзынын ортосунда бизге бир нерсе айткан кишиге же телефонго жооп берсе болобу, намазыбызга бир зыяны тиеби?

Жооп: Дурр-ул-мухтарда бул темада мындай деп жазылат:

"Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү сүннөттү искат кылбайт (башкача айтканда, окулбаган болуп эсептелбейт), бирок, окулган сүннөттүн сообун азайтат. Бир нерсе окуу да ушундай. Кээ бир аалымдар: "Сүннөт кабыл болбойт, мурунку сүннөттү кайра окуу керек”, - дешти.”

Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү

Суроо: Сүннөт менен парздын, парз менен сүннөттүн ортосунда сүйлөшүүнүн окулган намазга бир зыяны болобу?

Жооп: Бул темага байланыштуу Дурр-ул-мухтарда мындай деп жазылат:

"Сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү сүннөттү искат кылбаса да (жокко чыгарбаса да), сообун азайтат. Бир нерсе окуу да ушундай. Кээ бир аалымдар: "Сүннөт кабыл болбойт, мурунку сүннөттү кайра окуу керек”, - дешти”. Маракыл-фалахта жана Тахтави шархында (түшүндүрмөсүндө) дагы мындай деп жазылган:

"Парздан кийин дароо соңку сүннөткө туруу, ортодо эч нерсе окубоо Ханафи мазхабында сүннөт болуп саналат. Пайгамбарыбыз парзды окуганда "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал-жалали вал-икрам” дегидей гана убакыт отуруп, дароо соңку сүннөттү окучу эле. Аят-ал-курсини жана тасбихтерди парз менен сүннөттүн ортосунда окучу эмес эле. Буларды соңку сүннөттөн кийин окуу парздан кийин окуунун сообун берет. Парздан мурунку сүннөттөр да ушундай болуп, парз менен сүннөт ортосунда бир нерсе окулса, намаздын сообу азаят.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш