Ислам дини » Намаз » Намаздын түрлөрү




Намаздын түрлөрү


Мусулмандарга окуулары буйрук кылынган намаздар фарз, важиб жана нафил болуп үчкө бөлүнөт. Булардан:

1- Фарз намаздар: Беш маал намаздын фарздары, Жума намазынын эки рекет фарзы  жана жаназа намазы фарз намаздарга кирет. (Жаназа намазы - фарз-ы кифайа.)

2-  Важиб намаздар: Витир намазы, Айт намаздар, адак болгон намаз жана башталып жарымында калган нафил намаздар. Казага калган бир витир намазынын казасын окуу да важиб. 

3-  Нафил намаздар: Беш маал намаздын сүннөттөрү, таравих намазы жана сооп алуу ниети менен окулган тахажжуд, тахиййат-ул масжид, ишрак, духа, аввабин, истихара, таспих намаздары сыяктуу намаздар нафил болуп эсептелет. Башкача айтканда, булар буйрук эмес. Фарз жана важиб намаздардан казасы (карызы) жок адамга нафил ибадаттардан да сооп берилет.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш