Намаз - Аллаху
тааланын буйругу. Аллаху таала Курани каримде жүздөн ашуун жерде: «Намаз
окугула!» - деп буюрууда. Акыл-эстүү жана балагатка жеткен ар бир
мусулмандын күн сайын беш маал намаз окуусу Ыйык Курани каримде жана хадиси
шарифтерде буюрулган.
Рум сүрөсү
17-18-аяттарында: «Шамда жана таңкымаалда Аллахты эстеп атын
айткыла (таспих кылгыла). Жерде жана көктө болгон бардык
нерселердин иш-аракеттери, аср жана бешим маалында кылынган шүгүрлөр Аллаху
таала үчүн», - деп айтылган. Бакара сүрөсүнүн 239-аятында «Намаздарды
жана аср намазын коргогула!» [Башкача айтканда, намаздарды үзгүлтүксүз
окугула!] деп буйрук кылынды. Аяттарда айтылган теспе тартуу менен шүгүр кылып
мактоо намаз маанисинде колдонулгандыгы тафсир китептеринде билдирилген. Худ
сүрөсү, 114-аятта мындай деп берилет: «Күндүздүн эки тарабында [бешим
жана аср маалдарында] жана түнгө жакын үч маалда [шам, куптан
жана таңкы убактарда] талап кылынгандай намаз оку! Чынында, бул
хасанат [беш маал намаздын сооптору, кичине] күнөөлөрдү жок
кылат. Бул ибарат (ошол нерседен сабак алуу менен) менен
ойлонгондор үчүн бир насыйкат».
Пайгамбарыбыз
Мухаммед алейхиссалам мындай дейт: «Аллаху таала кулдарына күндө беш
жолу намаз окууну фарз кылды. Жакшы даарат алып, бул беш намазды убактысы менен
окуган жана руку менен саждаларын туура орундаткандардын күнөөлөрүн Аллаху
таала кечирет».
Беш маал намаз
кырк рекет болот. Булардын ичинен он жети рекети фарз. Үч рекет важиб. Ал эми
жыйырма рекети сүннөт. Булар төмөндөгүдөй:
1. Багымдат
намазы: Төрт рекеттен турат. Алгач эки рекет сүннөтү, андан соң эки
рекет фарзы окулат. Бул сүннөт абдан күчтүү. Аны важиб деп эсептеген аалымдар
да бар.
2. Бешим
намазы: Он рекеттен турат. Биринчи төрт рекет алгачкы сүннөт, анан
төрт рекет фарзы, фарздан кийин эки рекет акыркы сүннөт окулат.
3. Аср
намазы: Сегиз рекеттен турат. Алгач төрт рекет сүннөт, анан төрт рекет
фарзы окулат.
4. Шам
намазы: Беш рекеттен турат. Алгач үч рекет фарзы, анан эки рекет
сүннөтү окулат.
5. Куптан
намазы: Он үч рекет. Биринчи төрт рекет алгачкы сүннөтү, анан төрт
рекет фарзы, андан соң эки рекет соңку сүннөтү, ал эми андан кийин үч
рекет витир намазы окулат.
Аср менен
куптандын алгачкы сүннөттөрү (гайримуаккада) болот. Булардын
экинчи рекеттеринде отурганда «Аттахиййату» дан кийин «Аллахумма
салли», анан «Аллахумма барик» дубалары акырына чейин
окулат. Өйдө турганда үчүнчү рекетте Бисмиллах (Бисмиллахиррахманиррахим)
айтылбастан «Субханака» окулат. Бирок, бешим намазынын алгачкы
сүннөтү «муаккада» болуп эсептелет. Башкача айтканда, катуу
буйрук кылынган, сообу көп. Буларда биринчи отурушта фарздагыдай эле
«Аттахиййату» гана окулуп, анан үчүнчү рекет үчүн дароо өйдө турулат. Өйдө
турганда алгач Бисмиллах айтылып «Фатиха» окулат.
Бешим менен
куптан намаздарынын фарздарынан кийин төрт рекет, шам намазынын фарзынан кийин
алты рекет кошумча окуу мустахаб, сообу көп. Бардыгын бир салам менен же эки
рекетте бирден салам берүү аркылуу окуса болот. Эки түрүндө да алгачкы эки
рекеттери соңку сүннөт ордуна эсептелет. Бул мустахаб намаздарды соңку
сүннөттөн кийин өзүнчө окуса да болот.
Биринчи рекет
намазга турганда, ал эми башка рекеттер өйдө турганда башталат жана кайрадан
өйдө турганга чейин уланат. Соңку рекет салам бергенге чейин уланат. Жуп
рекеттерде экинчи саждадан кийин отурулат.
Ар бир рекетте
намаздын фарздары, важибдери, сүннөттөрү, муфсиддери жана макрухтары бар.
Кийинки беттерде буларды ХАНАФИ мазхабына карата билдиребиз.