Ислам дини » Намаз » Азан үн күчөткүч (микрофон) менен айтылабы?




Азан үн күчөткүч (микрофон) менен айтылабы?


Мунараларга коюлган үн күчөткүч азанчыларды жалкоо кылып, азанды караңгы бөлмөлөрдө, отурган жеринен, сүннөткө ылайык эмес түрдө чакырууларына себеп болууда. Кылымдар бою төбөлөрү  көккө жеткен кооз мунараларыбыз, жогорудагы жаман бидаттан улам үн күчөткүч тирегине айланды. Ислам аалымдары илимдин ачылыштарын ар дайым жакшы кабыл алышкан. Мисалы: Типографиянын курулуусуна түрткү болушкан, пайдалуу китептер басып чыгарылып, билимдин жайылуусун каалашкан. Радио жана үн күчөткүчтөр аркылуу ар тарапта программалардын берилүүсү Ислам жактырган, пайдалана турган ачылыштар экендиги шексиз. Бирок, мусулмандарды азандын кубулжуган үнүнөн ажыратып, ибадаттарды үн күчөткүчтүн жагымсыз үнү менен кылуу зыяндуу болууда. Үн күчөткүчтөрдү мечиттерге жайгаштыруу керексиз ысырап. Ыймандуу көңүлдөргө илахий таасир берген момун мусулмандардын үндөрүнүн ордуна, тим эле чиркөөдөгү коңгуроодой чыңгыраган бул каражат жок кезде, мунараларда чакырылган азандар менен мечиттеги такбир үндөрү, жада калса, ыймансыздарды суктандырчу. Ар тарапта окулган азандарды угуп мечиттерге толгон жамаат, асхабы кирамдын заманындагыдай намаздарын хушу (берилүү) менен окушчу. Азандын мусулмандарды толкунданткан илахий таасири үн күчөткүчтүн металдуу добушунан улам жоголууда.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифинде: «Азан үнүн укканда азанчы менен бирге акырын окуган адамга ар бир арибине миң сооп берилет, миң күнөөсү өчүрүлөт», - деп айтты.

Азанды уккан адам Курани карим окуп жаткан болсо да уккан нерсесин акырын кайталоосу сүннөт. «Хаййа ала» сөздөрү айтылганда анын ордуна «Ла хавла ва лаа куввата илла биллах» деп айтылат. Азандан кийин салават келтирилет. Анан азан дубасы окулат. Экинчи «Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллах» деп айтканда эки баш бармагынын тырмагын өөп, эки көзгө сүртүү мустахаб. Кооматта мындай кылынбайт.

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш