Ислам дини » Намаз » Намаздын рукундары (ичиндеги фарздары)




Намаздын рукундары (ичиндеги фарздары)


Намаздын ичиндеги фарздары Рукун деп аталат. Алар бешөө:

1-  КЫЙАМ:Намаздын беш рукунунун биринчиси.

Кыйам тик туруу дегенди билдирет. Бутуна тура албаган оорукчан адам отуруп намаз окуйт. Отура албаган оорулуу адам чалкалап жатып, башы менен ишара кылып окуйт. Жүзү көккө эмес кыбылага карай болушу үчүн башына жаздык жаздалат. Буттарын бүгөт, кыбылага каратып узатпайт. Өйдө турганда эки бут бири биринен төрт эли арасында ачык болуш керек.

Өйдө тура албаган оорулуу, турганда башы айланган, башы, тиши, көзү же башка жери катуу ооруган, заара, жел кармай албаган, жарасы аккан, өйдө турганда душманга көрүнүүдөн, оокатын уурдатып жиберүүдөн корккон, өйдө туруп окуганда орозосу же окуусу бузула турган же аврат жери ачыла турган адамдар намазын отурган жеринен окушат. Руку үчүн бираз ийилет. Сажда үчүн башын жерге коёт. Башын жерге коё албаган адам руку үчүн кичине, ал эми сажда үчүн андан көбүрөөк ийилет. Сажда үчүн ийилүүсү руку үчүн ийилүүсүнөн көп болбосо намазы кабыл болбойт. Жерге таш же тактай коюп, анын үстүнө сажда кылса намаз кабыл болгону менен күнөөгө кирет. Башкача айтканда, тахриман макрух болот. 

2-  КЫРААТ: Сүннөттөрдүн жана витирдин ар бир рекетинде жана жалгыз окуп жатканда фарздардын эки рекетинде кыйамда Курани каримден бир аят окуу фарз. Кыска сүрө окуу сооптуураак.

Кыраат катары Фатиха сүрөсүн окуу жана сүннөттөр менен витир намазынын ар бир рекетинде жана фарздардын эки рекетинде Фатиха менен башка бир сүрө же үч аят окуу важиб. Фарздарда Фатиха менен замм-ы сүрөнү алгачкы эки рекетте окуу важиб же сүннөт. (Замм-ы сүрө - Фарз намаздын алгачкы эки рекетинде, сүннөт менен витирлердин ар бир рекетинде кыйамда Фатихадан кийин окулган бир сүрө.) Фатиханы сүрөдөн мурда окуу дагы важиб. Бул беш важибден бири унутулса, сахв саждасын кылуу керек. Кыраатта Курани каримдин котормосун окуу туура эмес.

Имамдын Жума менен Айт намаздарынан башка бардык намазда биринчи рекетте окуган сүрөсү экинчи рекетте окуй турганынан эки эсе узун болуусу сүннөт. Жалгыз окуп жатканда ар бир рекетте бирдей узундуктагы сүрө окуса болот. Имамдын белгилүү намаздардын белгилүү рекеттеринде бирдей сүрөлөрдү окууну көнүмүш адатка айлантуусу макрух. Биринчи рекетте окуган сүрөсүн экинчи рекетте кайра окуусу танзихан макрух болот. Тескерисинче окуусу андан да жаман. Экинчиде биринчи рекетте окуган сүрөнү аттап, андан кийинки сүрөнү окуусу макрух. Курани каримди мусхафтагы тартиби менен окуу ар дайым важиб.

3- РУКУ: Кыйамда кырааттан кийин такбир кылынып рукуга барылат. Рукуда эркектер манжаларын ачып, тизесинин үстүнө коюшат, бели менен башын түз кармашат. Рукуда эң аз үч жолу «Субхана раббийал азиим» деп айтылат. Үч жолу айта электе имам башын көтөрсө жамаат дагы дароо көтөрөт. Рукуда кол менен буттар бүгүлбөй түз тутулат. Аялдар манжаларын ачышпайт. Белин, бутун жана колдорун тик тутушпайт.

Рукудан түздөлүп жатканда «Самиаллаху лиман хамидах» деп айтуу имам жана жалгыз окуган адам үчүн сүннөт. Жамаат муну айтпайт. Мунун артынан дароо «Раббана лакал хамд» деп айтылат жана тик түздөлүп туруп, «Аллаху Акбар» деп саждага бараарда алгач оң, анан сол тизе, андан соң оң, анан сол кол, кийин мурун менен маңдай жерге коюлат.

4- САЖДА: Саждада колдун манжалары бириктирилип, кыбылага карап эки кулактын тушунда болот. Баш эки колдун ортосунда болушу керек. Маңдайды таза жерге б.а., таш, топурак, тактай, жабуунун үстүнө коюу фарз болуп, мурунду да чогуу коюу важиб деп айтылды. Үзүрү (кечиримдүү себеби) болбостон мурунду гана коюуга болбойт.  Жалгыз маңдайды гана коюу макрух.

Эки бутту же жок дегенде ар биринин бирден манжаларын жерге тийгизүү фарз же важиб. Башкача айтканда, эки бут жерге тийбесе намаз кабыл болбойт же макрух болот.

Саждада бут манжаларын бүгүп учтарын кыбылага буруу сүннөт.

Эркектер колдорун жана сандарын курсакка тийгизбейт. Алакан менен тизелерди жерге тийгизүү сүннөт. Согончокторду кыйамда бири биринен төрт эли алыс, рукуда, кавмада (рукудан түздөлүү) жана саждада бириктирүү сүннөт.

Саждага бараарда шымдын багелегин өйдө көтөрүү жана өйдө кайрып намазга туруу дагы макрух. Жеңин, багелегин, этегин өйдө түрүп, кайрып же кыска бойдон намаз окуу макрух. Жалкоолуктан улам же баш кийим менен намаз окуунун маанисин ойлонбостон башы ачык намаз окуу макрух. Намазга маани бербөө куфур. Кир кийим же иште кийчү кийими менен намаз окуу дагы макрух.

5- КАДА-И АХИРА (акыркы отуруш): Акыркы рекетте «Аттахиййату» ну окуганчалык отуруу фарз. Отурганда кол манжалары менен белги берилбейт. Эркектер сол бутунун бармак учтарын оңго каратып жерге коёт. Бул бутунун үстүнө отурат. Оң бутун тик тутат. Анын манжалары жерге тиет. Манжаларынын учу кыбылага карата бираз бүгүлөт. Ушундайча отуруу сүннөт.

Аялдар жамбаштарын жерге коюп отурушат. Сандары бири бирине жакын болот. Оң бутун оң тарапты карай тышка чыгарат. Сол буту бармак учтары оңго бурулуп, астында калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш