Ислам дини » Намаз » Эркектин жалгыз окуган намазы




Эркектин жалгыз окуган намазы


Мисалы: Багымдат намазынын сүннөтү төмөнкүдөй окулат:

1. Адегенде кыбыланы карап турат. Буттар бири биринен төрт эли алыстыкта параллель коюлат. Колдордун баш бармактары кулактын жумшак учуна тийгизилет, алакан кыбыланы карай ачылат. «Ниет кылдым Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн бул күндүн багымдат намазынын сүннөтүн окууга, жүзүмдү караттым кыбылага» деп жүрөктөн өткөргөн соң «Аллаху Акбар» деп оң кол сол колдун үстүнө байланып киндиктин алдына коюлат.

2.   Көздөрдү сажда кылына турган жерден айырбай:

а. «Субханака» окулат.

б. Аузу Бисмиллахтан кийин «Фатиха» окулат.

в. Фатихадан кийин бисмиллах окулбастан бир замм-ы сүрө окулат. (Шаафи мазхабы боюнча Фатиха сүрөсү менен зам сүрөнүн  арасында бисмиллах окулат.)

(Мисалы: Фил сүрөсү).

3. Зам сүрөдөн кийин «Аллаху Акбар» деп рукуга ийилет. Колдор тизенин үстүнө коюлуп, бел түз кармалат жана көздөрүн буттарынан айырбастан үч жолу «Субхана Раббиал-азиим» деп айтылат. Беш же жети жолу айтса да болот.

4. «Самиаллаху лиман хамидах» деп айтып түздөлүп жатканда шымдын багелеги көтөрүлбөйт жана көздөр саждадан айрылбайт. Тик түздөлгөндө «Раббана лакал хамд» деп айтылат. (Бул тик түзөлүү кавма деп аталат).

5. Көпкө чейин турбастан «Аллаху Акбар» деп айтып саждага барат. Саждага барганда кезеги менен:

а) Оң тизе, анан сол тизе, оң кол, кийин сол кол жана мурун, кийин маңдай жерге коюлат.

б) Бут манжалары кыбыланы карай бүгүлөт.

в) Баш эки колдун ортосуна коюлат.

г) Салаалар жабылат (манжалар бириктирилет).

д) Алакандын ичи жерге тийгизилет, чыканак жерге тийбейт.

е) Бул абалда турганда эң аз үч жолу «Субхана Раббиал-ала» деп айтылат. Андан кийин:

6. «Аллаху Акбар» деп айтып, сол бут жерге төшөлөт, оң буттун манжалары кыбыланы карай бүгүлөт жана алакандар тизенин үстүнө коюлат. Мында манжалар бош ташталат.

7. Көп отурбастан «Аллаху Акбар» деп айтып, кайрадан саждага барат. (Эки сажданын аралыгында отуруу жалсе деп аталат).

8.   Саждада кайрадан эң аз үч жолу «Субхана Раббиал-ала» деп айтып «Аллаху Акбар» деп өйдө турат. Өйдө туруп жатканда, колдор менен жерге таянылбайт жана буттар нары-бери ойнотулбайт. Саждадан туруп жатканда алгач маңдай, анан мурун, кийин сол кол менен оң кол, анан сол тизе менен оң тизе көтөрүлөт.

9.  Тик турганда бисмиллахтан кийин «Фатиха», андан соң бир зам сүрө окулуп, «Аллаху Акбар» деп рукуга ийилет.

10. Экинчи рекет да биринчи рекет сыяктуу окулат. Бирок, экинчи саждадан кийин «Аллаху Акбар» деп айтканда ордунан турбастан, жогоруда айтылгандай отуруп:

 а) «Аттахиййату», «Аллахумма салли», «Аллахумма барик» жана «Раббана атина» дубаларын окуган соң, алгач оңго «Ассаламу алейкум ва рахметуллах», анан солго «Ассаламу алейкум ва рахметуллах» деп салам берилет.

б) Салам берген соң «Аллахумма антассалам ва минкас-салам табаракта йаа зал-жалали вал-икрам» деп айтылат жана эч сүйлөбөстөн багымдан намазынын фарзын окуу үчүн өйдө турат. Себеби, сүннөт менен фарздын ортосунда сүйлөшүү намазды бузбаганы менен сообун азайтат.

Намаздан кийин үч жолу «Астагфируллах» деп айткан соң «Айат-ал-Курси» жана отуз үч таспих (субханаллах), отуз үч тахмид (алхамдулиллах), отуз үч такбир (Аллаху акбар) жана бир тахлил б.а., «Лаа илаха иллаллах вахдаху лаа шарикалах, лахулмулку ва лахул хамду ва хува ала кулли шайин кадир» окулат. (Буларды ичтен окуу керек. Үндү чыгарып окуу бидат болот. )

Андан кийин дуба кылынат. Дуба кылганда эркектер колдорун көкүрөк тушуна параллель кылып көтөрөт. Колдордун чыканактары бүгүлбөйт. Алакандар ачылып, ичи көккө карайт. Себеби, намаздын кыбыласы Кааба болгондугу сыяктуу дубанын кыбыласы да асман. Дубадан кийин ар биринде бисмиллах айтуу менен он бир Ихлас жана эки Фалак жана да 67 жолу «Астагфируллах» деп айтуу мустахаб. «Субханараббика...» аяты окулуп, алакан менен жүз сүрүлөт.

Төрт рекеттик сүннөттөрдүн жана фарздардын экинчи рекетинен кийин «Аттахиййат» окулуп өйдө турат. Сүннөттөрдүн үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде «Фатихадан» кийин зам сүрө окулат. Фарздардын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде «Фатиха» гана окулуп, зам сүрө окулбайт. Шам намазынын фарзы дагы ушундай. Башкача айтканда, үчүнчү рекетинде зам сүрө окулбайт. Витир намазынын үч рекетинде тең «Фатихадан» кийин зам сүрө окулат. Анан такбир айтылып, кулак кагылат. Андан соң «Кунут» дубалар окулат. Гайри муаккад болуп эсептелген аср жана куптан намаздарынын башкы сүннөттөрү дагы башка төрт рекеттик сүннөттөр сыяктуу. Бирок, экинчи рекеттен кийинки отурууда «Аттахиййатудан» кийин Аллахумма салли менен бариктер да окулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш