Ислам дини » Намаз » Сахв саждасы




Сахв саждасы


Намазда фарз болгон бир нерсени атайы же унутуп калгандыктан таштап кетсе намаз окуган адамдын намазы бузулат. Эгер бир важибди унутуп таштап кетсе намазы бузулбайт. Бирок, сахв саждасын кылуу керек. Сахв саждасын атайы кылбаган же намаздын важибдеринин бирин атайын орундатпаган адамдын ал намазды кайрадан окуусу важиб болот. Окубаса күнөөкөр болот. Намаздын ичиндеги бир сүннөт аткарылбай калса сахв сажда кылуунун кажети жок. Сахв саждасы бир фарздын кечиктирилүүсүндө же болбосо бир важиб аткарылбаганда кылынат.

Намазда бир нече сахв саждасынын зарылчылыгы туулса бир жолу аткаруу жетиштүү. Имам жаңылса имамга уюган жамааттын дагы сахв сажда кылуусу керек болот. Жамааттан бирөө жаңылса имамдан өзүнчө сахв саждасын кылбайт.

Сахв сажда кылуу үчүн «Аттахиййату» окулуп, бир тарапка салам бергенден кийин эки жолу саждага барып отуруп «Тахиййат», «Салли ва барик», «Раббана» дубалары окулуп, намаз аякталат. Бир же эки тарапка салам бергенден кийин же таптакыр салам бербестен дагы сахв сажда кылууга болот.

Сахв саждасын кылуу керек болгон жагдайлар:

Отуруу керек болгон жерде өйдө туруу, өйдө туруу керек болгон жерде отуруу. Үнүн чыгарып окуй турган жерде ичинен окуу. Ичинен окула турган жерде үн чыгарып окуу. Дуба окула турган жерде Курани каримден (сүрө же аят) окуу, Курани каримден сүрө окула турган жерде дуба окуу. Мисалы: «Фатиха» сүрөсүнүн ордуна «Аттахиййату» дубасын окуу, «Аттахиййату» окула турган жерде «Фатиха» окуу. (Бул жагдайда «Фатиха» сүрөсүн окуу фарзы аткарылбаган болот). Намазды бүтүрбөй туруп салам берүү. Фарз намаздардын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде «Фатихадан» кийин зам сүрө окуу. Алгачкы эки рекетинде «Фатихадан» кийин зам сүрө окубоо. Айт намазынын такбирлерин келтирбөө. Витир намазында «Кунут» дубасын окубоо.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш