Тилават
саждасы сыяктуу. Өзүнө ырыскы келген же кандайдыр бир кыйынчылыктан кутулган
адамдын Аллаху таала үчүн «шүгүр сажда» кылуусу мустахаб.
Саждада алгач «Алхамдулиллах» дейт. Андан соң сажда таспихин
окуйт. Намаздан кийин сажда кылуу макрух.
Намазда
тадил-и арканга баш ийбеген адамдын бардык макулуктарга зыяны тиет. Себеби, ал
адамдын күнөөсү үчүн жамгыр жаабайт, эгин чыкпайт жана мезгилсиз жаан жаап,
пайданын ордуна зыян келтирген болот деп айтылган.