Ислам дини » Намаз » Намаздын макрухтары




Намаздын макрухтары


Суроо: Намаз окууда намаздын парздарына, важиптерине, сүннөттөрүнө уюлгандыгындай эле намазда макрух болгондордон дагы сактануу керекпи?

ЖООП

Бул темада Дурр-уль-мухтар жана мунун шархы (түшүндүрмөсү) болгон Радд-уль-мухтарда мындай деп буюрууда:

«Намаздын макрухтары эки түрдүү: Бир гана макрух делген кезде тахрим макрух түшүнүлөт, бул – далилинен ой менен түшүнүлгөн тыюулар. Тыюу салынган болуусуна бир далил, сүннөт болбостон, кылынбоосу жакшы болгон нерсе танзих макрух деп аталат. Намаз ичиндеги важиптерди жана сүннөттөрдү орундабоо тахрим, ал эми муаккад болгон сүннөттөрдү орундабоо болсо танзих макрух болот. Танзих макрух халалга, такрим макрух харамга жакын. Макрух болуп окулган намаз сахих болсо да кабыл болбойт. Башкача айтканда, убада кылынган соопко жетилбейт.»

Суроо: Намазда көбүнчө кылынган макрухтар эмнелер?

ЖООП

Макрух, карих, жаман, жактырылбаган иш дегенди билдирет. Намазда муаккад сүннөттү жана важипти таштоо тахрим макрух, ал эми муаккад болбогон сүннөттү таштоо танзих макрух болот. Макрух болуп окулган намаз сахих болсо да сообу өтө аз болот.

Көп кылынган макрухтардан кээ бирлери мына булар:

1. Намазда тадили арканда таштоо.

2. Башты буруп кароо.

3. Саждада эки колду жерге төшөө. (Аялдар төшөйт.)

4. Башты бир тарапка ийүү.

5. Эснегенде оозду жаппоо.

6. Себепсиз көздү жумуу.

7. Алдыңкы сапта бош жер бар болсо да арткы сапта калуу.

8. Үстүндө жандуу сүрөтү бар кийим менен намаз окуу.

9. Жандуу сүрөт асылган бөлмөдө намаз окуу.

10. Иш кийим менен жана улуулардын жанына кийип чыга албагандай кийим менен же жаман жыттанган байпак менен намаз окуу.

11. Даарат кыстап турганда намаз окуу.

12. Такбир алып жатканда жана ташаххуддарда отурганда манжаларды ачык же жабык кармоо. [Өз абалына ташталат. Саждада манжаларды жабык, рукуда болсо ачык кармалат.]

13. Саждага баратканда шымын жогору тартуу.

14. Башы ачык окуу. [Меккеде ихрамдагы кезде намаз баш ачык окулат.]

15. Намазда салмакты бир бутка көп, бир бутка аз салуу.

16. Имам намазга турганда багымдаттын сүннөтүн мечиттин кире беришинде же тирек арасында окубай, сап арасында же башка жерде окуу. [Имам намазга бираздан кийин тура турган болсо бешим, асыр жана куптандын сүннөттөрүнө турулбайт, дароо имамга уюлат.]

17. Имам ачык, башкача айтканда, үнүн чыгарып окуп атканда Субханаканы окуу.

18. Саждага жана рукуга имамдан мурда башын коюу же көтөрүү.

19. Жылаңаяк намаз окуу. [Шафииде жылаңаяк окулат.]

20. Жеңи түрүк абалда же кыска жеңдүү көйнөк менен намаз окуу.

21. Оңго-солго ийилүү.

22. Саждада мурдун жерге тийгизбөө.

23. Саждада бир бутту көтөрүү. [Эки бут көтөрүлсө кээ бир аалымдардын өкүмүндө намаз бузулат.]

24. Кыямда окуганын рукуда, рукуда окуганын кыямда толуктоо.

25. Бир рукунда эки жолу бир жерди тырмоо. [Бир рукунда үч жолу айры тырмоо бузат.]

26. Намазда 4-5 киши уга турганчалык бийик үн менен окуу. [Өзү укпай турганчалык үнсүз окуса намаз сахих болбойт.]

27. Экинчи рекетте биринчиде окуган аятты кайта окуу же андан мурунку бир аятты окуу. [Унутуп окуу макрух болбойт.] Экинчи рекетте биринчиден үч аят узун окуу.

28. Себепсиз ташаххудда сүннөткө ылайык отурбоо. Кыямда сүннөткө ылайык буттарды төрт манжачалык ачпоо. [Шафииде бир карышчалык ачуу сүннөт.]

29. Себепсиз бир нерсеге таянып туруу.

30. Парздан кийин дароо соңку сүннөткө турбоо. Же сүйлөө же бир нерсе окуу.

31. Намаз окуган адамдын астынан өтүү же астынан өтүлө турчу жерге намазга туруу.

32. Намаздын сүннөттөрүнөн бирөөнү таштоо. Сүннөт эки бөлүктөн турат: Биринчиси – Сунан-и худа. Булар – муаккад сүннөттөр. Экинчиси – Сунан-и заваид. Булар – муаккад болбогон сүннөттөр.

Намазда муаккад сүннөттү жана важипти таштоо тахрим макрух болот. Муаккад болбогон сүннөттү таштоо танзих макрух болот. Мустахабды таштоо макрух болбойт.

Танзих макрух халалга, тахрими макрух харамга жакын. Макрух болуп окулган намаз сахих болсо да сообу өтө аз болот. (Имад-уль-ислам)

          Баш, колдор жана буттар ачык абалда намаз окуу

Суроо: Эркектердин баш, кол жана буттары ачык абалда намаз окуулары макрухпу?

ЖООП

Ооба, макрух. Макрух болгон намаз сахих болсо да сообу болбойт. Бир эркек намазда башын жабууга маани бербегендиги үчүн ачык калса макрух болот. Намазга маани бербегендиги үчүн ачса ыйманы кетет. Өзүн Аллаху таалага карата төмөн көрсөтүү үчүн башы ачык окуу зыян бербесе да башты жабуу абзал. Ысыктан салкындоо жана ырахаттык үчүн ачуу дагы макрух. (Радд-уль-мухтар)

Маанилүү кишилердин алдына чыккан адамдын татына, таза кийим кийүүсү керек. Аллаху тааланын хузуруна турган кезде буга өтө маани берүү керек, улуулардын астына чыга албай турчу кийим менен намаз окубоо керек! Курани каримде: «Ар намаз окууда кооз[таза, жагымдуу] кийимдериңерди кийгиле», - деп буюрулууда. (Араф 31)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам башы ачык намаз окучу эмес. Сарык менен окуунун маанисин билдирип мындай деп буюрду:

«Сарык менен окулган намаз сарыкчыз окулган жетимиш рекет намаздан абзал.» [Абу Нуайм]

Намазда башты эч болбоду дегенде кандайдыр бир түстөгү такыя менен жабуу керек!

«Нимат-и Ислам» китебинде намаздын макрухтарынын он бешинчисинин шилтемесинде: «Башы ачык намаз окуу макрух», - деп буюрулган. 57-де болсо макрух экендиги дагы билдирилген. Намаздын макрухтарынын он биринчисинде болсо колдору ачык намаз окуунун макрух экендиги билдирилүүдө. 

Намаз окуп жатканда түшүп кеткен баш кийимди бир кол менен алып кийип, башы жабык окуусу ошол бойдон окуусунан да жакшы. (Гурар ва Дурар)

Ибни Абидин хазреттери намаздын макрухтарынын акырында мындай деп буюрууда: «Намазды налын же маасы менен окуу жылаңаяк окуудан абзал. Ушундайча яхудилерге уюлбаган болот. Хадиси шарифте: «Яхудилерге окушобоо үчүн намаздарды налын,[бир түр бут кийим] менен окугула»,- деп буюрулду. Расулуллах жана Асхабы кирам көчөдө кийген налын менен окушчу. Налындары таза эле жана Масжид Наби кум төшөлүү эле. Кирдүү налын менен кирилчү эмес.» (Радд-уль-мухтар)

Буттарды кандайдыр бир нерсе менен жаап окууну билдирген үч хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Яхудилер намаз окуп жатканда налын же маасы менен буттарын жабышпайт. Силер аларга каршылык үчүн налын же маасы кийгиле!» [Муслим, Абу Давуд, Хаким, Табарани]

«Мушриктерге каршылык кылгыла, намаз окуп жатканда маасыңарды кийгиле.» [Хаким]

«Налыны жок адам маасыларын кийсин.» [Бухари, Муллим, Абу Давуд, Тирмизи, И.Ахмед]

Таза болбогон маасы, налын жана башка менен мечитке кирилчү эмес. Азыр болсо байпак кийилип бул сүннөт орундалат.

Асхабы кирам камис деп аталган буттарга чейин узун болгон көйнөк менен, башкача айтканда, антари менен намаз окугандыктары үчүн буттары жабылар эле. Буттар жабык окулган намаздын көп сооп болгондугу Халаби, Барика жана Хадика китептеринде да жазылуу.

Мусулман эместер чиркөөлөрдө башы ачык, буттары жылаңач сыйынышат, ошолор сыяктуу заманга ылайык ибадат кылуу керек деп башы ачык, буттар жылаңаяк окуу, отургучта же бийик жерге сажда кылуу жаиз эмес.

Аялдардын буттарынын ачык болуусунда эки кавил бар. Биринчи кавилге карата макрух, экинчи кавил боюнча намаз бузулат. Аялдар байпак менен же узун этек же антари кийип намаз окуулары керек! (М.Арбаа)

Такыянын пешенени жабуусу

Суроо: Сажда кылып жатканда аялдардын жоолугу, эркектердин чачы же такыясы пешенесине келсе зыяны жокпу?

ЖООП

Ооба, танзих макрух болот. Пешене ачык бойдон саждага тийүүсү керек.

Суроо: Намазда кыраатты бүтүрбөстөн колдорду төмөнгө таштоо ылайыкпы?

ЖООП

Ылайык эмес, сүннөткө каршы, кыраат бүткөнгө чейин колдордун байлануу бойдон калуусу сүннөт.

Суроо: Манжаларды бири-бирине киргизүү жаизби?

ЖООП

Намазда тахрим, сыртта танзих макрух.

Суроо: Көрүстөндө мечиттер бар. Кабырга карата намаз окулабы?

ЖООП

Астында парда, дубал сыяктуу нерсе болбосо кабырга карата намаз окуу макрух. (Марифатнама)

Мечиттин кыбыласы менен кабыр арасында парда, дубал болсо же кабыр жан тарапта болсо намаз макрух болбойт. (Хиндиййа)

Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Кабырга карата намаз окубагыла!» [Насаи]

Суроо: Чертилчү аспап, ТВ, ичкилик бар жерге рахмат периштелери киреби?

ЖООП

Кумар, чертилчү аспап (музыкалык аспап), ТВ, жандуу сүрөт, крест сүрөтү, ит, жунуп, ичкилик жана мас адам бар жерге рахмат периштелери кирбейт. Мындай жерлерде намаз окуу макрух болот жана кылынган дуба да кабыл эмес.

Суроо: Кумар жана чертилчү аспап, ТВ, жандуу сүрөт, крест сүрөтү, ит, жунуп, ичкилик жана мас адам бар жерге рахмат периштелери кирбесе эмнеден куру калабыз?

ЖООП

Макрух болуп окулган намаз кабыл болот. Башкача айтканда, ал адам намаз карызынан кутулса да намаз окуу менен пайда боло турчу чоң соопко жете албайт. Эгер үйдө, бөлмөдө периштелердин кирүүсүнө кедерги болгон бир нерсе бар болсо, ал киши периштелер кыла турчу дуадан куру калат.

Суроо: Уктоо бөлмөсүндө намаз окубагандыгыбыз үчүн бөлмөнүн дубалына эне-атамдын жана башка туугандарымдын сүрөттөрүн асып койдум. Мунун зыяны жокпу?

ЖООП

Эки зыяны бар. Биринчиден, адам жана жаныбар сүрөтүн белден жогору асуу харам. Өсүмдүк жана жансыз нерселердин сүрөттөрүн асуунун зыяны жок. Экинчиден, жандуу нерсенин сүрөтү бар бөлмөгө рахмат периштелери кирбейт. Сүрөттүү гезит болсо да кирбейт. Гезиттин окугандан кийин жабык бир жерге коюу керек! Жабык болсо кирет.

Намаз окулбаган жерлерге, мисалы, мончого, ашканага, уктоо бөлмөсүнө түрдүү жандуу нерселердин сүрөттөрүн же артисттердин сүрөттөрүн коюуну күнөө эмес деп ойлогондор бар. Бир зарылчылык болмоюн ар түрдүү жандуу сүрөттү белден жогору ачуу харам. Ар түрдүү сүрөттөрдү жабык альбомдо сактоо керек.

Эне-атабыздыкы же олуяныкы болсо да сүрөтүн дубалга асуу харам. Сүрөтүн дубалга аскан олуя бул кылганыбыздан улам бизди сүйбөйт. Тескерисинче, күнөө кылгандыгыбыз үчүн капа болот.

Суроо: Музыка угулган телевизор же радио бар болгон бөлмөдө намаз окуу макрухпу?

ЖООП

Ичкилик, кумар, чертилчү аспаптар бар болгон жерде намаз окуунун макрух экендиги жана бул жерге рахмат периштелеринин кирбей тургандыгы жана да бул жерде кылынган дуанын кабыл болбой тургандыгы «Таргиб-ус-салат» жана «Нисабул-ахбар» китептеринде жазылуу. Чертилчү аспаптардан чыккан үндөрдү чыгарган (музыка угулган) жана жандуу сүрөттөрдү көрсөткөн нерселер чертилчү аспап сыяктуу. Ошондуктан, телевизор жабык болсо да ал жерде намаз окуу макрух болот. Бир бөлмөдө чертилчү аспаптын бир түрү бар болсо аны эч ким чертпестен жөн гана турган болсо да, ал жерде намаз окуу макрух. Дубалдагы сүрөткө табынбаса да жандуу сүрөт бар үйдө намаз окуу макрух болот. Компьютерде күнөө кылынса ал да буга кирет, музыка ойнотулса ал да буга кирет.

Намаздын сыртында макрух болгон нерселер

1. Дааратканада жана башка бардык жерде заара, истинжа кылып жатканда кыбылага маңдайын же аркасын каратуу.

2. Күн менен Айды карап заара ушатуу.

3. Кичине балдарды кыбылага каратып тозуу. Баланы кыбылага каратып тозгон адам үчүн макрух болот. Ошондуктан, чоңдор үчүн харам болгон нерселерди кичине балдарга кылдыруу аны кылдырган адам үчүн харам болот.

4. Кыбылага каратып себепсиз эки бутун же бир бутун узатуу.

5. Мусхапка жана диний китептерди карап бут узатуу. Китеп бийик жерде болсо макрух болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш