Ислам дини » Намаз » Намазды бузган нерселер




Намазды бузган нерселер


1- Себепсиз жөтөлүү же какыруу.

2- Намаз окуган адамдын башка бирөө чүчкүргөндө «Йархамукаллах» деп айтуусу.

3- Жалгыз намаз окуган адам жакын жерде жамаатта имамдын жаңылганын угуп аны эскертсе же туураласа намазы бузулат. Эгер имам дагы ал адамдын тууралоосу менен окуй баштаса, имамдын да намазы бузулат.

4- Намаз окуп жатканда «Лаа илаха иллаллах» десе, эгер максаты жооп берүү болгон болсо ал адамдын намазы бузулат. Эгер максаты билдирүү гана болсо бузулбайт.

5- Аврат жерин ачуу.

6- Оору же кандайдыр бир башка кыйынчылыктан улам ыйлоо. (Жаннат же Жаханнам эсине келип, аларды ойлоп, ошондон улам ыйласа, намазы бузулбайт).

7- Кол алышуу же саламга жооп берүү.

8- Казага калган намаздарынын саны бештен ашпаган болсо жана намаз окуп жатканда эсине келсе.

9- Намаз окуп жатканда аны көргөн адамдын намаз окуп жаткандыгынан күмөн санагыдай аракет кылса намазы бузулат.

10- Намаз учурунда бир нерсе жеп-ичүү.

11- Намаз учурунда сүйлөө.

12- Имамынан башка бирөөнүн катасын тууралоо.

13- Намазда күлүү.

14- Намаз учурунда онтоо, ах, ух деш.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш