Имам болуу
үчүн алты шарт талап кылынат: Бул шарттардын бирине жооп бере албаган имамдын
аркасында окулган намаз кабыл болбойт.
1. Мусулман
болуу. Хазрети Абу Бакр Сыддык менен Хазрети Омардын (радыйаллаху анхума)
халифа болгондугуна ишенбеген, Миражга, кабыр азабына ишенбеген адам имам боло
албайт.
2. Балагатта
болуу.
3. Акыл-эси
ордунда болуу. Мас же акылынан тайган адам имам боло албайт.
4. Эркек
болуу. Аял киши эркектерге имамдык кыла албайт.
5. Эң кеминде
Фатиха менен бир аятты туура окуй билүү керек. Бир аят жаттабаган же жаттаса да
тажвид менен окуй албаган адам имам боло албайт.
6. Үзүрлүү
болбошу керек. Себеби, үзүрлүү адам үзүрсүз адамдарга имам боло албайт.
Имамдын Курани
каримди тажвид менен окуусу зарыл. Кырааты жакшы дегендик тажвид менен окуу
дегендикти билдирет. Намаздын шарттарына маани бербеген имамдардын аркасында
намаз окулбайт. «Салих жана (фажир) күнөөкөр ар адамдын
аркасында намаз окугула» деген хадиси шариф мечит имамдары үчүн эмес Жума
намазын окуткан амирлер менен валилер (башчылар) үчүн айтылган.
Имам болууга
сүннөттү, б.а., диний маалыматтарды эң мыкты даражада билген мусулман адам
татыктуу. Бул жагынан деңгээлдери бирдей адамдар болгон болсо анда алардын
Курани каримди эң мыкты окуганы имам болот. Мында дагы тең болсо такваасы
күчтүүрөөгү болот. Эгер мында да тең болсо жашынын улуулугу боюнча тандалат.
Кул, бедуин,
фасык, азиз жана никесиз төрөлгөн адамдын имам болуусу макрух. Имам намазды жамаатты
чарчатып, кыйнап жибергидей созбойт.
Аялдардын
өзүнчө жамаат менен намаз окуулары макрух.
Имамдын
жанында ага уюган бир адам бар болсо имамдын оң тарабына турат. Эки адамга имам
болсо алдыга чыгат. Эркектер намазда аялга, кичинекей балага уйуулары туура
эмес.
Имамдын
аркасына адегенде эркектер, анан балдар, алардан кийин аялдар сапка турат.
Имам аялдарга
да имам болууга ниет кылган болсо, ошол эле намазда турган аял бир эркек менен
бир сапта намазга турса эркектин намазы бузулат. Эгер имам бул аялга имамдык
кылууга ниет кылбаган болсо жанында турган эркекке анын зыяны тийбейт. Бирок,
аялдын намазы туура болбойт. Өйдө туруп намаз окуган адам отуруп окуган адамга
уюса болот. Муким (жергиликтүү) болгон адам сапарда болгон имамга уйуса болот.
Фарзды окуган адам нафил намазды окуган адамга уйуса болбойт. Ал эми нафил
окуган адам фарзды окуган адамга уйуса болот. Имамга уйуп намаз окугандан кийин
имамдын даараты жок болгондугун билген адам намазын кайрадан окуйт.
Рагаиб, Бараат
жана Кадыр намаздарын жамаат менен окуу макрух.
Жамааттын
каалоосу боюнча фарз окутуп жаткан имамдын кыраат менен таспихтерди сүннөттөн
көп окуусу тахриман макрух.
Имамга рукуда
жетише албаган адам ал рекетти имам менен бирге окуган болуп саналбайт. Имам
рукуга ийилгенде келген адам ниет кылат жана өйдө турган бойдон такбир
келтирип, намазды баштайт. Дароо рукуга ийилип, имамга уйат. Эгер ал ийилгенче
имам рукудан түздөлсө рукуга жетишпеген болот.
Имамдан мурда
рукуга ийилүү, саждага баруу же андан мурда туруу тахриман макрух. Фарз намаздарды
окуп бүткөндөн кийин сапты бузуу мустахаб.
Бир момун беш
маал намазын күн сайын жамаат менен окуса бардык Пайгамбарлар (алейхимуссалам)
менен бирге окугандай сооп алат.
Жамаат менен
окулган намаздын жогоруда саналып өткөн артыкчылыктары имамдын намазы кабыл
болгон жагдайда гана орундалат.
Эгерде кимдир
бирөө жамаатты себепсиз таштаса Жаннаттын жыпар жытынан куру калат. Жамаатты
себепсиз таштап койгон адамдар төрт китепте тең малун (лаанатталган) деп
сыпатталган.
Беш маал
намазды жамаат менен бирге окууга аракет кылуу керек. Кыямат күнү Аллаху таала
жети кат жер, жети кабат көк, Аршты, Курсини жана бардык макулуктарды таразанын
бир тарабына, ал эми шарттарына ылайык жамаат менен окулган бир маал намаздын
сообун экинчи тарабына койсо, жамаат менен окулган намаз салмактуу болот.