Ислам дини » Намаз » Имамга уйуунун туура болуусу үчүн он шарт бар




Имамга уйуунун туура болуусу үчүн он шарт бар


1. Намазга туруп жатканда такбир айтуудан мурда имамга уюгандыгына ниет кылуу. «Даяр болгон имамга уюудум» деп жүрөгүнөн өткөрүүсү керек.

2. Имамдын аялдарга имамдык кылууга ниет кылуусу зарыл. Эркектерге имамдык кылууга ниет кылуусу шарт эмес. Бирок, ниет кылса жамааттын сообуна жетет.

3. Жамааттын согончогу имамдын согончогунун артында болуш керек.

4. Имам менен жамаат бирдей фарз намазды окуулары керек.

5. Имам менен жамааттын ортосунда аялдардан турган сап болбош керек.

6. Имам менен жамааттын ортосунда кайык өткүдөй дарыя жана араба өтө тургудай жол болбош керек.

7. Имам менен жамааттын ортосунда бири бирин көрө тургандай, же болбосо үнүн уга тургудай терезеси жок дубал болбошу керек.

8. Имам кандайдыр бир жаныбардын үстүндө, жамаат жерде же мунун тескериси болбош керек.

9. Имам менен жамаат бири-бирине тийип турбаган эки бөлөк кемеде болбоолору керек.

10. Башка мазхабдагы имамга уюган жамааттын намазынын кабыл болуусу үчүн эки риваят бар: биринчи өкүм боюнча жамаат өзүнүн мазхабына ылайык намазды буза турган кандайдыр бир нерсенин имамда  болгондугун  билбеши керек.  Ал эми, экинчи өкүм боюнча өз мазхабына ылайык намазы туура болгон имамга башка мазхабдагылар дагы уйуса болот. Бул өкүм боюнча тишинде каптамасы же пломбасы бар имамга уйууга болот. 

Жамаат бир адамдан турса имамдын оң тарабына турат. Солунда туруусу макрух. Аркасында туруусу да макрух. Согончогу имамдын согончогунун артында жайгашса намазы кабыл болот. Эки же андан көп адамдан турган жамаат имамдын аркасына турат.

Имам менен чогуу окулган намаз жалгыз окулган намаз сыяктуу эле окулат. Бирок, тик турганда имам ичинен же тышынан окуганда да жамаат эч нерсе окубайт (Шаафи мазхабы боюнча имам менен бирге жамаат ичинен «Фатиха» окуйт). Биринчи рекетте гана «Субханака» окуйт. Имам үнүн чыгарып «Фатиханы» окуп бүткөндө жамаат акырын гана «Аамиин» дейт. Бул катуу үн менен айтылбайт. Рукудан түздөлүп жатканда имам «Самиаллаху лиман хамидах» деп айтканда, жамаат «Раббана лакал хамд» гана дейт. Андан соң ийилип жатканда «Аллаху Акбар» деп жамаат имам менен бирге саждага барат. Рукуда, саждаларда жана отурганда жалгыз окулган намаздагыдай жамаат дагы окуйт.

Витир намазы Рамазан айында жамаат менен калган учурларда жалгыз окулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш