Ислам дини » Намаз » Ифтитах такбиринин фазилаттары (артыкчылыктары)




Ифтитах такбиринин фазилаттары (артыкчылыктары)


Ифтитах такбирин имам менен бирге кылган адамдын күзүндө шамалдан жалбырактар күбүлгөндөй күнөөлөрү күбүлөт. Бир жолу Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) намаз окуп жатканда бир адам ифтитах такбирине үлгүрбөй калды. Бир кулга эркиндик берди. Андан кийин келип, Расулуллахтан (саллаллаху алейхи ва саллам) сурады: «Йа, Расулуллах! Мен бир күнү ифтитах такбирине үлгүрбөй калдым. Бир кулду азат кылдым. Ифтитах такбиринин сообун ала аламбы»? Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Абу Бакр Сыддыктан (радыяллаху анх) сурады: «Сен бул ифтитах такбири тууралуу кандай дейсиң»? Абу Бакр Сыддык (радыяллаху анх) мындай деп жооп берди: «Йа, Расулуллах! Кырк төөгө ээ болсом, кыркына тең баалуу таштар жүктөлсө, алардын бардыгын кембагалдарга таратсам да, баары бир имам менен бирге ифтитах такбирин кылуу сообуна ээ боло албайм». Андан соң Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Йа, Умар! Сен эмне дейсиң ифтитах такбири тууралуу?» дегенде, Хазрети Умар (радиаллаху анх) мындай деп жооп берет: «Йа, Расулуллах! Мекке менен Мединанын ортосу толо төөм болсо, бардыгында тең баалуу таштар артылган болсо, алардын бардыгын кембагалдарга таратсам да, баары бир имам менен бирге ифтитах такбирин кылуу сообуна ээ боло албайм» деди. Анан Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) «Йа, Осман! Сен ифтитах такбири тууралуу эмне дейсиң?» - деп сураганда, Хазрети Осман зиннурейн (радыяллаху анх) да мындай деп жооп берет: «Йа, Расулуллах! Түнүчүндө эки рекет намаз окусам, ар бир рекетинде Куран-ы азим-уш-шанды хатим кылсам да, баары бир имам менен бирге ифтитах такбирин кылуу сообуна жете албайм». Андан кийин Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) «Йа, Али! Сен ифтитах такбири тууралуу эмне дейсиң?» - деп сураганда Хазрети Али (каррамаллаху важхах) мындай деп жооп берет: «Йа, Расулуллах! Магриб (батыш) менен машриктин (чыгыш) ортосу толо капыр болсо, Раббим мага күч-кубат берип, бардыгы менен жихад кылсам да, баары бир имам менен бирге ифтитах такбирин кылуу сообуна жете албайм». Ушундан кийин Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай дейт: «Эй, менин үммөт жана сахабаларым! Жети кабат жер менен жети кабат көк кагаз болсо жана дарыялар сыя, дарактар калем, ал эми бардык периштелер жазарман болуп кыямат күнүнө чейин жазышса да, баары бир ифтитах такбирин имам менен бирге кылуунун сообун жаза алышпайт».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш