Ислам дини » Намаз » Жума намазы




Жума намазы


Аллаху таала Жума күнүн мусулмандарга таандык кылган. Жума күнү түшкү маалда Жума намазын окуу Аллаху Тааланын буйругу.

Аллаху таала Жума сүрөсүнүн акырындагы аятта мындай дейт: «Эй, ыйман келтирүү менен сыймыктанган кулдарым! Жума күнү бешим азаны айтылган мезгилде хутба угуу жана Жума намазын окуу үчүн мечитке чуркагыла! Сооданы токтоткула! Жума намазы менен хутба силерге башка иштериңерден да пайдалуураак. Жума намазы окулгандан кийин мечиттен чыгып, дүнүйө иштериңерди кылуу үчүн таркасаңар болот.

Аллаху тааладан ырыскы күтүү менен эмгектенесиңер. Азаптан кутулуу үчүн Аллаху тааланы көп эстегиле!»

Намаздан кийин каалагандар жумушуна кайтып ишин улантат, ал эми каалагандар мечитте калып намаз окуу, Курани карим окуу, дуба кылуу менен алектенет. Жума намазынын убактысы киргенде соода кылуу күнөө.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) көптөгөн хадиси шарифтеринде мындай деп айтат: «Эгер бир мусулман Жума күнү гусул алып, Жума намазына барса, бир жумалык күнөөлөрү кечирилет жана ар бир кадамы үчүн сооп жазылат».

«Жума намазын окубагандардын жүрөгүн Аллаху таала мөөрлөйт. Гафил  болушат». (Гафил - Кабарсыз, кул экендигин ойлобостон жашаган адам.)

«Күндөрдүн эң баалуусу – Жума. Жума күнү майрам күндөрүнөн жана Ашура күнүнөн да баалуураак. Жума дүйнөдө жана Жаннатта мусулмандардын майрамы».

«Эгер бир адам себепсиз үч Жума намазын окубаса, Аллаху таала анын жүрөгүн мөөрлөйт. Жакшылык кылбай калат».

«Жума намазынан кийин бир маал бар. Так ошол учурда кылынган дуба кайтарылбайт (кабыл болот)».

«Жума намазынан кийин жети жолу «Ихлас» менен  «Муаввизетайн» сүрөлөрүн окуган адамды Аллаху таала бир жума бою бөөдө кырсык, балээ жана жамандыктардан коргойт».

«Ишемби күндөрү еврейлерге, жекшемби күндөрү насарага (христиандарга) берилгендиги сыяктуу Жума күнү да мусулмандарга берилди. Бул күнү мусулмандарга кайыр, берекет жана жакшылык бар».

Жума күнү кылынган ибадаттар үчүн башка күндөрдө кылынган ибадаттардан эң аз эки эсе көп сооп берилет. Жума күнү жасалган күнөөлөр дагы эки эсе эсептелет.

Жума күнү рухтар чогулуп, бири бири менен таанышышат. Бейиттер зыярат кылынат. Бул күнү көр азабы токтотулат. Айрым аалымдардын билдиргендери боюнча мусулмандын көр азабы токтотулуп, кайта баштатылбайт. Ал эми, капырлардыкы болсо Жума күнү жана Рамазандан тышкары бардык учурда болуп, кыяматка чейин улантылат. Жума күнү жана Жума түнү кайтыш болгон мусулмандар көр азабын тартышпайт. Тозок Жума күнү көп ысык болбойт. Адам алейхиссаллам Жума күнү жаратылган. Жума күнү Жаннаттан чыгарылган. Жаннаттагылар Жума күнү Аллаху тааланы көрүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш