Ислам дини » Намаз » Жума намазынын фарздары




Жума намазынын фарздары


Жума күнү он алты рекет намаз окулат. Мунун ичинен эки рекетин окуу фарз. Бешим намазынан дагы күчтүү фарз. Жума намазынын фарз болуусунда эки түрдүү шарт бар:

1- Ада (аткарыла турган) шарттар.

2- Вужуб (керек болгон) шарттар.

Ада шарттарынан бири кем болсо намаз кабыл болбойт. Ал эми вужуб шарттары болбосо, кабыл болот.

Ада, б.а Жума намазынын кабыл болушу үчүн аткарылуусу талап кылынган жети шарт бар:

1- Намазды калаада окуу. Калаа – жамааты эң чоң мечитке батпаган жер.

2- Мамлекет башчысынан же валинин (башчынын) уруксатын алып окуу. Алар дайындаган хатиб өзүнүн ордуна башкасын өкүл коё алат.

3- Бешим намазынын маалында окуу.

4- Маал киргенде хутба окуу. (Аалымдар Жума күнү хутба окуу намазга турганда «Аллаху Акбар» деп айтуу сыяктуу дешет. Башкача айтканда, эки хутбаны тең арапча гана окуу керек. Хатип ичинен «Аузу» окуп, кийин бийик үн менен хамд, санаа, калимаи шахадат жана салату салам окуйт. Андан соң соопко, азапка себеп боло турган нерселерди эскертип, анан аят окуйт.  Отуруп турат.  Экинчи хутбаны окуп, вааздын ордуна мусулмандарга дуба кылат. Төрт халифанын атын атоосу мустахаб. Хутбага дүнүйөгө тийиштүү сөздөрдү аралаштыруу харам. Хутбаны расмий кеп түрүндө окуп, конференция сыяктантып жибербөө керек. Хутбаны кыска окуу – сүннөт, узун окуу – макрух).

5- Хутбаны намаздан мурун окуу.

6- Жума намазын жамаат менен бирге окуу.

7- Мечиттин эшигин бардык адамдарга ачуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш