Ислам дини » Намаз » Өлүүнүн жуулуусу, кепенделүүсү, жаназа намазы жана көмүлүүсү




Өлүүнүн жуулуусу, кепенделүүсү, жаназа намазы жана көмүлүүсү


 Өлүм белгилери:

Өлүмдүн жакындаганынын белгиси - буттардын бошоп узаруусу, мурундун кыйшайуусу, чыкыйлардын чуңкурлашуусу. Мындай адам оң жагына каратылып жаткырылып, жүзү кыбылага каралат. Ушундай жаткыруу – сүннөт. Буттары кыбылага багытталып, чалкалатып жаткырса да жаиз. Азыр ушундай кылынууда. Бирок, башынын алдына бир нерсе коюш керек. Ушундайча жүзү кыбылага каратылган болот. Эгер бул кыйын болсо кандай жеңил болсо ошондой жаткырса болот.

Калима-и тавхид телкин кылып жатканда «Мухаммедун расулуллах» деп айтса жакшы болот.

Өлүм белгиси – катуулашуу, дененин суушу жана жыттанышы. Бул белгилерден мурда өлүм белгилүү болгондо [демдин токтоосу оозго жакын кармалган айнектин бууланбоосу менен, жүрөктүн токтогондугу тамырдын кармалуусу менен белгилүү болот.]

Жан тапшырганда:

Көздөрүн жабуу жана эки жаагын байлоо – сүннөт. Жаагы кеңири чүпөрөк менен баш үстүнө байланат. Көздөрүн жаап жатканда «Бисмиллах ва ала миллет-и расулиллах» деп айтуу жана дубасын окуу – сүннөт. Муздай электе кол манжаларын, чыканактарын, тизелерин ачып-жаап, колдорун жана буттарын түз жаткыруу – сүннөт. Ушундайча жуулуусу жана кепенге оролуусу жеңил болот.

Сууй электе кийими чечилип, кенен, жеңил бир шейшеп менен жабылат. Шейшептин бир учу башынын алдына, бир учу буттарынын алдына киргизилет. Курсагынын үстүнө, шейшептин үстүнө жана алдына бир нерсе [бычак же башка темир] коюлуп, шишип кетүүсүнө кедерги болуу керек. Жүз граммдан көп болуусу ылайык.

Жуу, кепендөө, жаназа намазын окуу жана көмүү – фарз-ы кифайа. Б.а., жетиштүү санда киши орундаса башкаларына парз болбойт. Баланын жуусу дагы жаиз. Аял табылбаса аялды эркек жууй албайт. Бирок, жаназа баштан аяк жабык абалда туугандары, эгер тууганы жок болсо башка бирөө колуна чүпөрөк ороп, колун өлүнүн үстүнө жабылган жабуунун алдына киргизип, таяммум кылдырат. Себеби, өлүнүн авраты тирүүнүн авраты сыяктуу. Кароосу арам болгон жерди кармоо дагы - арам. Эң жакшы жолу – балага үйрөтүп жуудуруу.

Ханафи мазхабында аялды кожоюну жууй албайт жана кармай албайт. Себеби, аял өлгөндө нике дароо бузулат. Кароосу жаиз. Аялды күйөөсүнүн жуусу – калган үч мазхабда жаиз. Аялдын күйөөсүн жуусу Ханафиде жаиз. Себеби, күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин нике иддет бүткөнгө чейин [төрт ай он күн] уланат. Аялды эркек, эркекти аял жууй албайт. Колуна чүпөрөк ороп таяммум кылат. Таяммум кылган эркек намахрам аялдын колдорун карай албайт. Тууганы болсо колуна чүпөрөк ороону каалабайт. Себеби махрам болгон тууганынын колдорун жана жүзүн кароосу жана кармоосу жаиз.

Адамдын бир гана башы же денесинин жартысы колго тийсе жуулбайт жана намазы окулбайт. Ошол бойдон көмүлөт. Дененин жартысынан көбү башы болбосо дагы же дененин жартысы жана башы табылса жуулат жана жаназа намазы окулат.

Өлүнү жууй турчу адамдын алгач гусул даарат алуусу мустахаб. Жунуптун жана үзүрлүү аялдын жуусу макрух. Жаназа жуулган суу «Ма-и мустамел» болот. Нажс, кир болот. Ошондуктан, жууп жаткандардын үстүлөрүнө чачырабоосу, пештемал (этекче) оролуусу керек. Жаназа жуулгандан кийин таза болот.

Өлү жуулган жерге жууган адамдан жана ага жардам бергендерден башкасы кире албайт. Жуугандар ишеничтүү адамдар болуулары керек. Жаназада көргөн саадат (жакшы) белгилерин айтышат, шакават (жаман) белигелерин айтпайт. Өлгөн адамдын кемчиликтерин жарыялабайт, эч кимге айтпайт. Велиси (камкорчусу) ичке кире алат.

Расулуллахты (саллаллаху алейхи ва саллам) Аббастын уулу Фадл менен Али (радыйаллаху анхум) жуушту. Усама (радыйаллаху анх) суу төгүп жатты. Аббас (радыйаллаху анх) кирип-чыгып жатты.

Жандууларга кыйынчылык берген нерсе өлүгө да кыйынчылык берет. Ошондуктан, өтө муздак жана өтө ысык суу менен жуулбайт. [Жыттанып кетпөөсү үчүн музканакага коюлбайт. Жыттанбоосу үчүн тез көмүү керек, жолчу келет деп күттүрбөө керек.] Замзам суусу менен жуу жаиз эмес.

Жуулушу:

Тенешир тактайы айланасында алгач «Бехур» өсүмдүгү түтөтүлүп үч жолу айлантылат. Беш жолу кылса да болот. Бехур (фимиам) – түтөтүү үчүн колдонулган өсүмдүк. Буга алоенин сыныгы ладан делген (чайыр сымал жыпар жыттуу) бактын сагызы да аралаштырылып, бир идишке отко коюплуп, тенешир тактайы андан чыккан түтүнгө кармалат.

Тенешир тактайы киндикке чейин бийик жана бираз эңкейтилген болуусу керек. Седр (кедр) багы, чавган (мыльнянка) б.а., самын өсүмдүгү менен кайнатылып, жылытылган же (Camphre, камфора) делген ак, жыттуу нерсе кошулган суу даярдалат. Суу өтө ысык болбоосу керек, туздуу болуусу керек. Салкын жана туздуу суу чирүүнү кечиктирет.

Өлүнү жууп жаткан кезде ниет кылуу сүннөт. Ниетсиз таза болгону менен парз күчүн жоготкон болбойт.

Жаназа жабылган абалда түтөтүлгөн тенешир үстүнө чалкалатып же жеңилине карап жаткырылат. Киндик менен тизе арасы жабык абалда жуулат. Себеби, аялдын аялдар үчүн аврат жери эркектин эркек үчүн аврат жери сыяктуу. Тенешир үстүндө кыбылага каратылып жаткыруу – сүннөт.

Өлгөн адам бала болсо да алгач даарат алдырылат. Бирок, оозу-мурдуна суу берилбестен чүпүрөк менен тазаланат. Оозуна суу кирип кетсе тез чирүүсүнө себеп болот. Алгач жүзү жуулат. Кийин колдору жуулуп, башы, кулактары жана кежигеси масх кылынат жана буттары жуулат.

Башы жана сакалы кызыл гүлкайыр же самын менен жуулат. Кийин сол жагына оодарылып оң жагына суу төгүлүп жуулат. Суу тенешир тактайына тийген жерлерине чейин агызылышы керек. Ушундайча үч жолу суу төгүлүп жуулат. Кийин дал ошондой түрдө оң тарабына жаткырылып сол тарабына ийинден бутка чейин суу төгүлүп жуулат. Кийин отуртулуп курсагы жеңил бастырылат. Бир нерсе чыкса жуулат, [б.а., суу төгүлүп кетирилет]. Кийин сол тарабына жаткырып оң тарабы кайрадан жуулат [б.а., ийинден бутка чейин суу төгүлөт.] Мына ушундайча сүннөткө ылайык, б.а., үч жолу жуулган болот.

Жуугандан кийин дааратты бузган нерселер чыга турган болсо кайрадан жуулбайт жана даарат алдырылбайт.

Чачтары төгүлсө кепенинин ичине салынат. Тирүү кишинин дагы тырмагы, чачтары жана тиштерин көмүү – сүннөт.

Жуулгандан кийин тенешир тактайдын үстүндө чүпөрөк менен кургатылат. Чачтары жана сакалы арасына ханут деп аталган жытуу нерселердин аралашмасы же кафури (камфара) коюлат. Заапаран (сафран) койуу - макрух. Сажда кылган мүчөлөрүнө [чекесине, мурдуна, тизелерине, кол жана бут манжаларына] камфара себилген кебез коюлат.

Оозу, мурду, кулак тешигине, көздөргө кебез койуу жаиз.

Сууга чөгүп өлгөн адам дагы үч жолуу жуулат же жуу ниети менен сууда үч жолу кыймылдатылат. Жамгырда суу болгон адам дагы жуулат.

Эркектин кепенделүүсү

Эркектин кепенинин үч бөлүк болуусу – сүннөт. Эркектерге жети метр, аялдарга сегиз метр батист (жука кездеме) алса болот. Кепендин эни 130-140 сантиметр.

1 — Изар: Баштан аякка чейин болот. Кеңдиги бир метрден ашык.

2 —Камис [антари сымал узун көйнөк]: Мунун узундугу ийинден бутка чейин болгон узундуктун эки эсеси. Бул узундук ортодон экиге катталып, катталган жерден баш өтө тургудай кылынып түз кесилет. Кол жана этек жактары кесилбейт.

3 — Лифафа: Баштан жана буттардан ашык узундукта болуп, кең болот. Баш үстүнөн жана буттун алдынан учтары уучталып чүпөрөк менен байланат.

Кепендин үчтөн көп болуусун Имам Раббани хазреттери бидат болот деген. Кепендерди табытка коё электе ар бирин өзүнчө түтүнгө кармоо жакшы болот.

Салихтердин, Олуялардын кийиминен кепен кылуу же кепен ичине, жүзүнө, көкүрөгүнө койуу пайдалуу.

Табыттын ичине алгач лифафа жайылат. Кийин үстүнө изар жайылат.Камис болсо табыттын ичине коюлат. Кийин табыттын тегерегинде үч же беш жолу бехур түтүнү (ладан же фимиам) айлантылат. Кепендердин үчөөнүн тең үстүнө ханут себилет.

Өлү кургатылгандан кийин камис табыттан алынып башынан өткөрүлүп, жартысы алдынан, жартысы аркасынан буттарына чейин узартылат. Табыттын ичине, изардын үстүнө Бисмиллах менен жаткырылат. Изардын алгач сол тарабы, кийин оң тарабы өлүнүн үстүнө жабылат. Лифафа да ушундай жабылат. Б.а., оң жээктери сол жээктеринин үстүнө жабылат.

Аялдын кепенделүүсү

Аялдын кепенинин беш бөлүк болуусу – сүннөт: Камис, изар, лифафа, химар жана көкүрөк кездемеси. Химар – баш оромол, узундугу жетимиш беш сантимчелик. Учтары жүзгө коё берилип, башка оролбойт. Көкүрөк кездемеси ийинден тизеге чейин.

Табыттын ичине алгач лифафа жайылат. Кийин үстүнө изар жайылат. Камис болсо табыттын ичине коюлат. Аялдарда изардан мурда же кийин көкүрөк кездемеси жайылат. Аялдардын камиси жабылгандан кийин чачтары экиге бөлүнүп, эки жагынан көкүрөк үстүнө камис үстүнө коюлат. Чачтардын үстүнө хымар коюлуп, үстүнө изар жабылат. Изардан мурда же кийин көкүрөк кездемеси оролот. Кийин лифафа жабылат. Лифафанын баш жана бут учтары жана ортосу [б.а., ашказан тарабынан] бир кездеме менен оролуп байланат.

Чоң уул бала чоң киши сыяктуу кепенделет. Чоң кыз бала аял сыяктуу кепенделет. Кичине бала бир, кичине кыз эки бөлүк кепенге оролот. Жансыз туулган бала, бойдон түшкөн жана адам мүчөсү [мисалы, колу] кепенделбейт, бир кездемеге оролуп көмүлөт.

Табыттын мыксыз, тактадан өткөн болуусу керек.

Кыска дуба кылынып жана акылар адал кылынгандан кийин мусаллага (жаназа окулчу жерге) алып барылып намазы окулат.

Суроо: Жаназа намазынын окуу парзбы?

ЖООП: Фарз кифая. Бир нече киши намазды окуса калгандарынан бул парз жүгү алынат. Башкача айтканда, бир момундун кайтыш болгондугун кабар алган эркектерге, эркек жок болсо аялдарга намазды окуу, жуу, кепендөө жана көмүү фарз кифая.

Суроо: Жаназа намазынын кабыл болуусу үчүн шарттар эмнелер?

ЖООП: Алты шарт бар:

1-Өлгөн адам мусулман болуусу керек.

2-Жуулган болуусу керек. Жуулбастан көмүлгөн жаназа үстүнө топурак салынбаган болсо чыгарылып жуулат, кийин намазы окулат. Жаназанын жана имам турган жер таза болуусу керек. Жамааттыкы шарт эмес. Себеби, жалгыз имамдын окуусу менен дагы парз орундалган болот.

3-Жаназа же денесинин жартысы менен башынын же башсыз жартыдан көп дененин имамдын алдында туруусу керек.

4-Жаназа жерде же жерге жакын колдорго кармалып же ташка коюлган болуусу керек. Башка бир жерде болгон же жаныбардын үстүндө же кол менен бийикте кармалган жаназанын намазы кабыл болбойт. Жаназанын башы имамдын оңуна, буттары болсо солуна келүүсү керек. Терс койуу күнөө.

5-Жаназа имамдын алдында даяр болуусу керек.

6-Жаназанын жана имамдын аврат жерлери жабык болуусу керек.

Жаназа намазынын парзы эки:

1-Төрт жолу такбир келтирүү.

2-Тик туруп окуу. Үзүрсүз отуруп же жаныбардын үстүндө окуу жаиз эмес. Жамгырдан, чыладан улам жаныбардан түшө албаса жаиз болот.

Суроо: Жаназа намазы үчүн ниет парзбы?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жаназа намазынын сүннөтү канча?

ЖООП: Жаназа намазынын сүннөтү үч:

1-Субханака окуу.

2-Салават окуу.

3-Өзүнө, өлгөн кишиге жана бардык мусулмандарга кечирим жана магфират үчүн дуба окуу.

Суроо: Жаназа намазы кантип окулат?

ЖООП: Тизме менен билдирели.

1-Биринчи «Аллах үчүн намазга, меййит (өлгөн киши) үчүн дубага» деп ниет келтирилет.

2-Такбир алынат, тагыраагы, Аллаху акбар деп эки кол байланып, «Субханака» окулат. Субханака окууда «важалла санаука» дагы кошулуп айтылат. Фатиха окулбайт.

3-Экинчи такбирден кийин ташаххудда окулган Салли Бариктер окулат.

4-Үчүнчү такбирден кийин жаназа дубасы окулат. Жаназа дубасын билбесе Раббана атина дубасын окуйт же бир гана «Аллахуммагфирлах» деп айтат же дуба ниети менен Бисмиллах айтпастан Фатиха окуйт.

5-Төртүнчү такбирден кийин дароо оңго жана солго салам берилет. Салам берип жатканда жаназага жана жамаатка ниет кылынат. Оңго салам берип жатканда оң колду түшүрөт, солго салам берип жатканда сол колду түшүрөт. Же окуп бүткөндө эки кколду тең бирдей түшүрсө да болот.

6-Намазга кеч үлгүргөн киши имам кайсы такбирди келтирип жаткан болсо бирге такбир келтирип намазды баштайт. Бул такбирге ифтитах такбири катары ниет кылат. Имам салам бергенден кийин өткөрүп жиберген такбирлерин айтып, эч нерсе окубастан салам берет. Төртүнчү такбирге да үлгүрбөй калган адам намазды өткөрүп жиберген болот.

7-Жаназа намазынын төрт такбиринен ар бири бир рекет сыяктуу. Төрт такбирдин биринчисинде гана колдор кулактарга көтөрүлөт. Түшүрүлгөндө киндик астына байланат. Кийинки үч такбирде колдор көтөрүлбөйт.

Жаназа дубасы

Суроо: Жаназада кайсы дуба окулат?

ЖООП: Жаназа үчүн төмөндөгү дуба окулат. Муну билбеген киши Раббана атина же Раббанагфирли аяттарын дуа катары окуса болот. Же дуба ниети менен бисмилласыз Фатихаи шарифа окулса да болот. Башка дуба окуу да жаиз. Бир гана Аллахуммагфир-лах делсе да болот.

Жаназа аял болсо кашанын ичинде кызыл менен белгиленгендер окулат.

Аллахуммагфир ли-хаййина ва маййитина ва шахидина ва гаибина ва закарина ва унсана ва сагирина ва кабирина. Аллахумма ман ахйайтаху (ахйайтаха) минна фа ахйихи (ахйиха) алал-ислами ва ман таваффайтаху (таваффайтаха) минна фа таваффаху (таваффах) алал-имани ва хусса хазал-маййити (хазихил-маййитата) бир-равхи вар-рахати вал-магфирати вар-рыдвани. Аллахумма ин каана (каанат) мухсинан (мухсинатан) фазид фи ихсанихи (ихсаниха) ва ин каана (каанат) мусиан (мусиатан) фа тажаваз анху (анха) ва лаккыхил (лаккыхал) амна вал-бушра вал-карамата ваз-зулфа. Аллахуммажал кабраху (кабраха), равдатан мин риядил жинани ва ла тажал кабраху (кабраха) хуфратан мин хуфарин-нирани. Раббигфирли ва ли-валидаййа ва лил-муминина вал-муминати ва ли жамиыл муслимина вал-муслимати аль-ахйа-и мин хум вал амвати би-рахматика йа архамар-рахимин.

Котормосу:

Аллахым! Тирүүлөрүбүздү, өлүүлөрүбүздү, бул жерде тургандарыбызды жана бул жерде болбогондорубузду, эркектерибизди, аялдарыбызды, кичүүлөрүбүздү, улууларыбызды кечир жана магфират кыл! Йа, Рабби, арабыздагыларды Ислам менен жашат, өлгөндөрдү ыйман менен өлтүр. Айрыкча бул өлүүнү жеңилдикке, ырахаттыкка жеткир! Аны магфират кыл жана андан ыраазы бол! Аллахым! Эгер бул өлүү жакшылардын болсо жакшылыгын арттыр. Жамандардан болсо аны кечир! Ага амандык, сүйүнчү, ихсан жана жакындык насип кыл! Аллахым! Анын кабырын Жаннат бакчаларынан бир бакча кыл! Анын кабырын Жаханнам чуңкурларынан бир чуңкур кылба! Йа, Рабби! Мени, эне-атамды, өлүү-тирүү бардык момундарды жана мусулмандарды кечир, би-рахматика йа архамар-рахимин.

 

 

 

Суроо: Жаназада алдыңкы сапта намаз окуу сооптуураакпы?

ЖООП: Жок, жаназада акыркы сапта окуу сооптуураак.

Суроо: Жаназа болгондо Аятал курсини жана такбирлерди окубастан сүннөттү таштоого болобу.

ЖООП: Жаназа себеби менен сүннөттү таштоо орундуу эмес. Жаназа намазын тездетип окуу мустахаб. Мустахабды орундоо үчүн сүннөт ташталбайт. Жамааттын көп болуусу үчүн жаназаны сааттар бою күттүрүп, кийин шаштырып Аятал курсини жана таспихтерди калтырып койуу, үзүрсүө бир сүннөттү калтыруу, алып таштоо, айрыкча ага маани бербөө өтө жаңылыш.

Суроо: Акыл балагатка толо элек бала жаназаны жууй алабы жана жаназа намазын окута алабы?

ЖООП: Баланын жаназа жуусу жаиз болгону менен намазын окутуусу жаиз эмес.

Суроо: Жаназаны жууп жатканда кыбылага карата капталдатып жаткырып жууш керекпи?

ЖООП: Жаназа киндик менен тизе арасы жабылып, чалкалатып же кандай жеңил болсо ошондой жаткырылат. Кыбыланы каратып жаткыруу сүннөт.

Суроо: Таңда өлгөн кишинин жаназа намазын жамаат көп болсун деп бешим намазынан кийинкиге калтыруу ылайыкпы?

ЖООП: Жамаат көп болсун деп жаназа намазын убакыт намаздарынан кийинкиге калтыруу макрух.

Жаназага туруу

Суроо: Жаназаны көргөн киши урмат үчүн өйдө туруусу жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. Мусаллада жаназа намазын күткөндөр жаназа жерге коюла электен мурда өйдө турушпайт. Суррат-уль фатава китебинде: «Мусаллада отургандар жаназа келгенде өйдө турбоолору керек», - делген.

Марак-ыл-фалах жана Дурр-уль Мухтарда жаназаны көргөн адамдын урмат көрсөтүү катары өйдө туруусунун жаиз эместиги жазылуу.

Расулуллах алейхиссаламдын жаназаны көргөндө тургандыгы, өткөндөн кийин отургандыгы жана «Силер дагы ушундай кылгыла!» деп буюргандыгы билдирилген болсо да бул буйрук насх кылынды, башкача айтканда, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бул буйругун өзгөрттү. (Халеби, С.Абадиййа)

Суроо: Жаназага топурак салгандардын колундагы күрөктү башка бирине бербестен жерге ыргытуусу туурабы?

ЖООП: Ката. Башка бирине берсе периштелер адашып ошол күрөк менен акыркы болуп топурак ыргыткан кишиге жазат деп жатышат. Бул өтө жаңылыш. Периштелер адашпайт, жаңылыш иш кылышпайт. Эч кимдин сообун башка бирөөнө жазышпайт. Күрөктү жерге ыргытпастан башка бирөөгө берүү орундуу болот.

Суроо: Мазардын жанында тике туруу орундуубу?

ЖООП: Жаназаны кабырына койгондо жумуш кылбагандар отуруулары керек, мусулман эместер сыяктуу тике турбоо керек.

Суроо: Жаназаны көмүп жатканда эмнелерди окуу керек?

ЖООП: Жаназа көмүлүп жатканда Кадир, Кафирун, Наср, Ихлас, Фалак, Нас жана Фатиха сүрөлөрүн окуу, өлгөн киши үчүн дуба жана истигфар айтуу мустахаб.

Суроо: Жаназа алынып баратканда бийик үн менен такбир айтууга болобу?

ЖООП: Жаназа алынып баратканда бийик үн менен такбир, тахлил, илахи окуу бидат жана күнөө. (Халеби, Маракыл-фалах, Тахтави хашиясы, Нимат-и Ислам, Шира шархы)

Суроо: Өлүү үчүн аза күтүү, кара кийим кийүү, кара парда, белги асуу, аза белгилерин, сүрөтүн көтөрүү жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. (Хазанат-ур-риваят)

Суроо: Жаназа көмүлгөндөн кийин көрүстөнгө келгендердин жаназа ээлерине тазия кылуулары бидатпы?

ЖООП: Бидат эмес.

Суроо: Жаназа ээсине туш келгенде тазия кылуу, башкача айтканда, көңүл айтуу, сабыр тилөө мустахаббы?

ЖООП: Ооба, мустахаб.

Суроо: Тазия үчүн эмнелерди айтуу керек?

ЖООП: Тазия үчүн «Аллаху таала сабыр кылууну насип кылсын, маркумдун күнөөлөрүн кечирсин» деген сыяктуу нерселер айтылат.

Суроо: Өлгөн киши үчүн канча күнгө чейин тазия кылуу ылайык болот?

ЖООП: Үч күндөн кийин тазия кылуу макрух болот. Бирок, алыста болгондор жана жакын болуп, бирок, кеч кабар алгандар үчүн макрух болбойт.

Суроо: Өлгөн адам үчүн ар кимдин үнсүз түрдүү жүздөрдү окуп, Курани карим хатим кылуулары жана ар биринин окуганынын сообун өлгөн кишинин рухуна багыштоолору же бирөөнүн калган баарынын ордуна хадия кылуусу, б.а., хатим дубасын кылуусу, окугандардын болсо аамин деп айтуулары жаизби?

ЖООП: Жаиз жана өтө пайдалуу болот.

Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир карызы бар кишинин жаназасын окууну каалабаган экен, башка бирөө карызды үстүнө алганда окуган экен. Карыз болуп өлгөн кишинин жаназасы окулбайбы?

ЖООП: Окулат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кул карызы менен өлбөөнүн маанисин көрсөтүү үчүн сиз айткандай кылган.

Суроо: Кайсы мусулмандын жаназа намазы окулбайт?

ЖООП: Мына бул төрт кишини жаназа намазы окулбайт? 1-Баагинин, башкача айтканда, акысыз түрдө халифага көтөрүлүш кылгандар уруш маалында өлтүрүлсө, 2-Мусулмандардын жолун кескен уурулар урушууда өлтүрүлсө, 3-Зулумдук менен аты чыккан коомдор урушууда өлсө, 4-Курал менен үй баскан киши ошол кезде өлтүрүлсө жаназа намазы окулбайт.

Суроо: Аялдардын жаназа намаз окуулары жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес, макрух. Үммү Атыййа радыяллаху анханын риваяты мындай:

«Биз аялдар Расулуллах тарабынан жаназаны акмалоодон тыйылдык. Жаназага кошулуу биздин үстүбүзгө парз кылынбады.» Бул хадисти Бухари хайз бөлүмүндө баяндаган.

Таберанинин риваяты боюнча Үммү Атыййа баяндайт: Расулуллах Мединага хижрат кылганда Мединанын аялдарын бир үйгө жыйнады. Кийин Хазрети Омарды бизге жиберди. Хазрети Омар: «Мен Расулуллахтын силерге жиберген элчисимин. Аялдардын жаназага чыгууларына тыюу салды», - деди.

Ибни Мунзир дагы Ибни Масуддун, Ибни Омардын, Хазрети Аишанын, Абу Умаманын алдардын жаназага катышууларын ылайык көрбөгөндүктөрүн риваят кылышкан.

Ибрахим Нахаинин, Хасан Басринин, Масруктун, Ибни Сириндин, Авзаинин, Ахмеддин, Исхактын да карахатына (жактырылбагандыгына) өкүм бергендиктерин билдиришкен.

Суфйан Саври дагы аялдардын жаназага кошулууларын бидат деген. Имам Азам Абу Ханифа да: «Аялдарга жаназага кошулуу ылайык эмес», - деген. Ибни Аббас, Касым, Салим, Зухри, Рабиа, Абуз-Зинаддан жавазды риваят кылган. Имам Малик мында кары аялдарга уруксат берген, жаштарга ылайык көргөн эмес. Имам Шафии болсо макрух, бирок, харам эмес деген. Имам Маликтен жактырылбагандыгы тууралуу да бир риваят бар.

Абу Яла билдирген хадиси шарифте Хазрети Анас мындай деген: «Расулуллах менен бир жаназага барган элек. Расулуллах (ал жерде) көргөн аялдардан сурады:

-Жаназаны көтөрөсүңөрбү?

-Жок, көтөрбөйбүз.

-Анда көмөсүңөрбү?

-Жок.

-Андай болсо эч бир соопко ээ болбой үйүңөргө кайткыла, - деп буюрду.»

Натыйжада аялдардын жаназа койууга катышуудары жаиз көрүлгөн эмес. Эгер жаназаны жерге берүү үчүн эркек табылбаган өзгөчө учурда гана бул милдетти орундоо зарыл болот. Бул абалда жаиз көрүлгөн.

Демек аялга жаназа намазы парз эмес. Эч бир эркек жок болсо ошондо гана жаназа намазын жеке өзү окутуусу жаиз болууда. Мындай мажбур абал болмоюн жаназа намазына кошулуусу карих көрүлгөн (жактырылган эмес.)

Суроо: Өлгөндөр үчүн садага, мавлид сыяктуу кайыр амалдар белгилүү күндөрү орундалуусу керекпи?

ЖООП: 1, 3, 7, 40, 52 же 53 күнү деп тамак таратуу туура эмес. 7 жана 40 күнү жасалган садага жана хатим сыяктуу хадияларды өлгөн күнү дароо багыштоо керек, өлгөн киши сооп жардамына муктаж болгондуктан муну күттүрбөстөн дароо орундоо керек. 7 же 40 күндөрүнө калтыруу сууга чөгүп бараткан бирөөнө «Бираз күтүп тур, жардамга бир канча күндөн кийин келем» деп айтууга окшойт. Мунун белгилүү күн же түндө кылынуусу керек деген бир негизи жок. Бул ката түшүнүк Христиандардан жуккан. Бул туура эмес.

Суроо: Тааныбаган бир жаназа болгондо артынан «Аллах рахмат кылсын» делеби?

ЖООП: Сөзсүз бир нерсе айтуу керек эмес. Бирок, жаназаны тааныган бирөө бар болсо маселе жок, ал эмне десе ошондой делет.

Суроо: Мечит ичине жаназаны алып кирип жаназа намазын окуу жаизби?

ЖООП: Жаназаны мечиттин ичине коюп намазын окуу харам. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Бир өлүүнүн намазын мечит ичинде окуганга сооп жок.» [Ибни Мажа]

Жаназа намазын окуп жатканда

Суроо: Мечиттин сыртында окулган жаназа намазына мечиттин ичиндегилер да уйууга болобу?

ЖООП: Жаназа сыртта, жамааттын бир бөлүгү мечитте болсо жаиз дегендер бар болгону менен мындай кылуу да харам болот. Жамаат да сыртта болуусу керек. Себеби, мечиттер беш убак намаз окуу, буга байланыштуу болгон сүннөт жана нафил намаздарды окуу үчүн, окуу, дарс үйрөнүү үчүн жасалган. Жамгыр, бороон жана оору сыяктуу үзүрлөр менен жаназа намазы мечитте окулса болот, бирок, жаназаны мечитке киргизүүгө болбойт. (Хидая)

Суроо: Жаназа намазын ал өлгөн шаарда окугандан кийин көмүлгөн шаарында да окуу жаизби?

ЖООП: Биринчи намаз парз. Дагы окулса нафил болот. Ханафиде жаназа намазын нафил кылып окуу макрух.

Суроо: Өлүк жуула электе жанында Курани карим окуу макрухпу?

ЖООП: Өлүк жуулуудан мурда жанында Курани карим окууну макрух деген аалымдар бар болсо да өлүктүн үстү жабык турганда жана жатагына тийбестен үнсүз окуу жаиз. (Радд-уль Мухтар)

Көз жаш жана тер

Суроо: Өлгөн мусулман бир адамдын тердөөсү жана көзүнөн жаш чыгуусу эмненин белгиси?

ЖООП: Жакшылыктын белгиси.

Суроо: Өлгөн мусулманга топурагы мол болсун деп айтуу жаизби?

ЖООП: Жок. Капырларга айтылат.

Суроо: Табыттын үстүндө жабылган жабууда эмне деп жазылган?

ЖООП: Табыттын үстүндөгү жабууга жазылган нерсе – аяти карима. «Ар напис [ар ким] өлүмдү татуучу» деген мааниде.

Суроо: Жаназа намазы окулбастан коюлган бир өлүүнүн намазы окулабы?

ЖООП: Көмүлгөн жаназанын намазы окулбаган болсо жыттанбаса керек деп ойлонулса кабырынын үстүндө намазы окулат. Жыттанып кеткен болсо керек деп ойлонулуп жатса намаз окулбайт. Жыттанып баштоо убакыты топурактын түрүнө, жыл мезгилине, ысык же суукка, өлүүнүн арык же толук болуусуна жараша болот. Жыттануу процесси үч күн менен бир ай аралыгында өзгөрөт.

Суроо: Жаназа намазын окуп жатканда бут кийимдерибизди чечүүбүз керекпи?

ЖООП: Асты нажис болгон бут кийим менен же нажис жерди басып жаназа намазын окууга болбойт. Бул бут кийимди чечип, таза болгон үстүн басып окуса сахих болот. (С. Абадиййа) Мындай ачыктан нажасат көрүнбөсө бут кийимди чечиш керек эмес.

Суроо: Жаназа намазын окугандардын көп болуусу жакшыбы?

ЖООП: Жаназа намазында жамааттын көп болуусу жакшы. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Кырк мусулман бир мусулмандын жаназасын окуса Аллаху таала өлүү үчүн кылган дубаларын кабыл кылат.» (Муслим)

«Бир мусулман өлсө үч сап мусулман бир жамаат намазын окуса ал адам Жаннатка кирүүгө акылуу болот.» (Тирмизи)

«Жаназа намазында жүз мусулман болгон мейитти Аллаху таала сөзсүз кечирет.» (Таберани)

«Бир мусулмандын жакшы болгондугуна төрт кошунасы күбөлүк кылса Аллаху таала «Мен силер билгенди кабыл кылдым. Анын силер билбеген жактарын да кечирдим» деп буюрат.» (Абу Яла)

«Бир мусулмандын жакшы экендигине төрт мусулман күбөлүк кылса Аллаху таала аны Жаннатка киргизет.»(Бухари)

Бир момундун жаназасында кырк мусулман болсо Аллаху таала ал кырк кишини бул мусулманга шапаатчы кылат. (Муслим)

Суроо: Жаназада окулган дубаны билбеген киши кантет?

ЖООП: Жаназа дубасынын ордуна «Раббана атина...» дубасын окуйт. Же бисмиллах айтылбастан дуба ниети менен Фатиха окуса да болот. Дуба өлгөн кишинин кечирилүүсүнө себеп болот.

Суроо: Өзүн өзү өлтүргөн адамдын жаназа намазы окулабы?

ЖООП: Өзүн өзү өлтүрүү чоң күнөө болсо да өзүн өзү өлтүргөн киши капыр болбогондуктан жаназа намазы окулат. Хадиси шарифтерде айтылган:

«Мусулман ар өлүүнүн жаназа намазын өзүн өзү өлтүрсө да окугула.» (Дайлами)

Суроо: Гаиба, б.а., узак өлкөдө өлгөн кишинин артынан бул жерде жаназа намазын окуу жаизби?

ЖООП: Ханафи жана Маликиде гаиба жаназа намазын окуу жаиз болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Нажаши үчүн окуган болсо да бул ага таандык болгон. Шафии жана Ханбалиде гаиба жаназа намазын окуу жаиз. Ханбалиде окуй алуу үчүн арадан бир ай өткөн болбоосу керек!(Халеби, М.Арбаа)

Суроо: Бир жаназа болгондо имам: «Бул кандай киши эле?» - деп сурайт. Минтип суроо жаизби? Буга жооп катары «жакшы киши эле» деп айтуунун өлгөн адамга эмне пайдасы бар?

ЖООП: Жаназа үчүн «Бул кандай киши эле?» деп суроо жаиз. «Жакшы киши эле» деп айтуу пайдалуу. Анас бин Малик хазреттери билдирет: «Бир жаназа жамандалганда Расули Акрам: «Ал жазага татыктуу болду» - деп буюрду. Башка бир жаназаны болсо макташты. Мындай деди:

«Ага болсо жакшылык важиб болду. Муну мактадыңар Жаннатка, тигини жамандадыңар Жаханнамга татыды. Силер жер бетинде Аллахтын күбөлөрүсүңөр.» (Бухари)

Силер деген сөздө максат – салихтер. Фасыктар, динсиздер Аллахтын күбөлөрү эмес. Алардын сөздөрү менен эч ким Жаннатка же Жаханнамга татыбайт. Салихтер мусулмандарга хусни зан кылышат (жакшы ойдо болушат). Салих киши зан менен эч бир мусулманды жаман дебейт. Мындай салихтердин күнөөкөр мусулмандар тууралуу күбөлүгүн Хак таала кабыл кылат. Өлүүлөрүбүздү жакшылык менен эскерүүбүз керек. Хадиси шарифте мындайча буюрулду:

«Өлүүлөрүңөрдү жакшылык менен эскергиле. Эгер Жаннаттык болсо жаман сүйлөө менен күнөөкөр болосуңар. Жаханнамдык болсо ансыз деле турган абалы өзүнө жетиштүү.» (Насаи)

«Мусулман жамаат өлүүнүн жакшылыгына күбөлүк кылса Хак таала периштелерге: Күбө болгула, бул күбөлүктү кабыл кылдым. Өлүүнүн да жамандыктарынан артка тарттым, - деп буюрат.» (И.Ахмед)

Суроо: Жаназаны көтөргөндө алгач кайсы тараптан кармоо керек.

ЖООП: Жаназаны көтөргөндө алгач алды тарапта өлүүнүн оң тарабы оң ийинге алынып он кадам көтөрүлөт. Кийин арткы оң бут тарабы оң ийинге коюлуп он кадам көтөрүлөт. Кийин жаназанын аркадан көрүнгөнүнө карай табыттын оң тарабына өтүп сол ийинде он кадам алдыда, он кадам аркада көтөрүлөт. Бардыгы болуп 40  кадам болот. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Жаназаны 40 кадам көтөргөн адамдын 40 чөң күнөөсү кечирилет.» (Асакир)

Жаназаны көтөргөндөн кийин жаназанын аркасынан, Шафииде алдынан басуу керек.

Суроо: Бир нече жаназа намазын чоогу окуу жаизби?

ЖООП: Бир канча жаназа бирге болсо ар биринин намазын өзүнчө окуу абзал. Баары үчүн бир намаз окуу да жаиз. Бул үчүн биринин багы экинчисинин бутуна келе тургудай кылып тизилет. Имам даражасы жогору болгонунун алдында туруп окуйт. Жаназалардын бир бөлүгү имамдын оңунда, бир бөлүгү болсо солунда болот. Же баарын имамдын алдында жанаша коюп, имам баарынын көкүрөк тушунда турат. Алгач эркектер, кийин аял жаназасы коюлат.

Булар үчүн ниет кылууда эркек же аял экендиктерин айтуу шарт эмес. Айтса да зыяны жок.

Суроо: Бир жаназа бир кабырдан башка бир кабырга көчүрүлүп жатканда кайрадан намазы окулабы?

ЖООП: Окулбайт. Окулса бидат болот.

Суроо: Шафииде шейиттин намазы окулбайт. Шейит Ханафи мазхабында болсо Шафиилер шейиттин намазын окушпайбы?

ЖООП: Өлүүнүн мазхабына карай эмес тирүүлөрдүн мазхабына карай амал кылынат. Шейит Шафии болсо да Ханафилер шейиттин намазын окушат. (Хуласат-ут тахкик)

Суроо: Он жыл мурда өлгөн кишинин намазын окуу бидатпы?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жаназага гүл алып барылабы?

ЖООП: Гүлдүн эч пайдасы жок. Бирок, кабырга гүл тигүү пайдалуу.

Суроо: Жаназа иштерин акча акысына орундоо жаизби?

ЖООП: Өлүүнү жуу, кепендөө, жаназа намазын окуу жана көмүү фарз кифая. Бул парздарды акча акысыз Аллах ыраазылыгы үчүн орундоо керек. Жаназаны акчасыз жуу чоң сооп. Акы суроо дагы жаиз. Бирок, акчасыз жууган жок болсо акча суроо жаиз болбойт. Жаназа көтөрүү, кабыр казуу акысы да мына ушундай.

Суроо: Мазар таш орнотуу жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Бирөөнү баш тарабына, бирөөнү бутунун учуна келтирип эки мазар ташын орнотуу шарт делүүдө. Бир мазар ташын орнотсо болбойбу?

ЖООП: Мазар ташын орнотуу шарт эмес, бир гана жаиз. Б.а., орнотсо да, орнотпосо да болот. Мазар ташы бирөө болсо да болот, экөө болсо да болот. Жада калса, кабырды коргоо үчүн тегерегин таш менен, бетон менен, темир шаты менен курчаса да жаиз.

Суроо: Таш үстүнө аяти карима, мубарак ысымдар, ыр, мактоо саптары сыяктуу нерселерди жазуу жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. Жаман бидат. Кээ бир аалымдар мазар ташына бир гана ысым жана өлгөн күнүнүн жазылуусунун жаиз болгондугун билдиришти. Буларды Ислам тамгалары менен жазуу керек.

Суроо: Кооз үй-бүлө мазарларын жасоо жаизби?

ЖООП: Аалымдардын кабырларын коргоо үчүн күмбөз жасоо жаиз. (Халеби)

Суроо: Аялдардын күмбөз, кабыр зыяраттарына баруулары жаизби?

ЖООП: Аялдардын кабыр зыяраттары жаиз болгону менен тез-тез баруулары ылайык эмес. Хайздуу кезде да баруулары жаиз. Хайздуу кезде жатка болсо да Курани карим окулбайт. Болгону дуба аяттарын дуба ниети менен окууга болот. Дуба ниети менен Фатиха окууга болот. Таспих жана зикир тартылат.

Суроо: Кабыр үстүнө суу төксө жакшы болот делүүдө. Төкпөсө эмне болот?

ЖООП: Кабыр үстүнө суу төгүү сүннөт. Төгүлбөсө сүннөткө уюлбаган болот, сообу кем болот. Башка зыяны жок.

Суроо: Көрүстөндөгү чөптөрдү жулуу ылайыкпы?

ЖООП: Көрүстөндөгү жашыл чөптөрдү, талдарды жулуу макрух. Кургап калган чөптөрдү жулуу жаиз. Кабыр үстүнө кандайдыр бир гүл тигүү өлүүгө пайдалуу, жакшы болот.

Суроо: Өлгөн кишинин сөөгү чирип, топурак болгондон кийин бул жерге талаа эгип, имарат курууга болобу?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Көрүстөндөр сел, дарыя суусунун астында калса чыгарыпбашка жерге көмүү жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес.

Суроо: Эски капырлардын көрүстөнүндө капырлардын белгилери калбаган кезде бул жерге мусулмандар көмсө болобу жана мечит салууга болобу?

ЖООП: Ооба. Мединада Масжид Набинин орду мурда капырлардын көрүстөнү эле. Казылып, сөөктөр башка жерге алып барылып, бул жерге мечит салынган.

Суроо: Европада өлгөн бир жакыныбызды капырлардын көрүстөнүнө койуунун зыяны барбы?

ЖООП: Мусулмандын кабыры Жаннат бакчасы, капырдын мазары Жаханнам чуңкуру болот. Капыр көрүстөнүнө зулумдук жаайт. Мусулман ал кабырда азап көрбөгөнү менен капырларга түшкөн зулумдуктан тынчсызданат. Ошондуктан, мусулман көрүстөнүнө койуу мүмкүнчүлүгү бар болсо ошону тандоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Өлгөндөрүңөрдү салих коомдун арасына көмгүлө. Себеби, тирүүлөр жаман кошунадан тынчсыздангандыгы сыяктуу эле өлгөндөр да жаман кошунадан тынчсызданышат.» (Абу Нуайм)

Табыт менен көмүү

Суроо: Жаназаны табыт менен көмүү жакшыраакпы?

ЖООП: Эгер топурак чирик, нымдуу болсо эркекти кабырдын ичине табыт менен койуу жаиз болот. Топурак кургак болсо эркекти табыт менен көмүү макрух болот. Өлүүнүн алдына кийиз, шырдак сыяктуу нерсе төшөө дагы макрух. Табыт менен көмгөндө табыт ичине бираз топурак салынат. Аялдарды ар качан табыт менен көмүү дагы да жакшы болот. (С. Абадиййа)

Суроо: Өлүүнү алтын, күмүш же метал тиш менен көмүү жаизби?

ЖООП: Баалуу мүлк жана кооздук буюм менен көмүү жаиз эмес.

Суроо: Беш айлык баланын кабыры чоң кишинин кабыры сыяктуу болуусу керекпи?

ЖООП: Ал да чоң адам сыяктуу. Момун, терең болуусу жакшы.

Суроо: Кабыр казсак суу чыкты. Суусуз жер жок. Бул жерге көмсөк жаизби?

ЖООП: Зарыл жагдай болгондо жаиз.

Суроо: Жер тар болгондуктан үстү үстүнө кабат мазар жасоо жаизби?

ЖООП: Зарылдык болгондо жаиз болот. Зарылдыксыз жаиз болбойт.

Суроо: Өлгөн аялды кепендөөдө аврат жерине чүпөрөк койуу жаизби?

ЖООП: Жок.

Суроо: Табараканы окуганга кабыр суроосу болбойбу?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Атамды Россияда мусулман эместердин көрүстөнүнө коюшкан экен. Түшүмдө атамды көрдүм. Өзүнүн куткарылуусун айтты. Атамдын мазарын мусулман мазарлыгына которуум жаизби?

ЖООП: Зулумдуктан кутулуусу үчүн которулса жакшы болот.

Суроо: Шам маалы мазарлык жанынан өтүп баратканда кабырдагылардын үстүнө Фатиха окулабы?

ЖООП: Ооба, ар качан окулат, зыяны жок.

Суроо: Көмүп жатканда кирпичтин ордуна бетон мрамор койуу жаизби?

ЖООП: Денеге тийбегендиги үчүн жаиз. Кабырдын ичи болуп эсептелбейт.

Суроо: Мүрт өлүм менен өлүү жаманбы? Калимаи шахадат келтирбестен өлгөн адам капыр болуп өлөбү?

ЖООП: Момундар үчүн мүрт өлүм  нимат, фажирлер (күнөөкөрлөр), ыймансыздар үчүн болсо азап. Хадиси шарифте айтылды: «Өлүм – момун үчүн белек.» [Таберани]

Күнөөкөрлөр мүрт өлбөстөн оору тартып өлүшсө күнөөлөрүнө тообо кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Капырларда болсо ыйманга келүү ыктымалы бар. Ошондуктан, капырларга жана фажирлерге мүрт өлүм жакшы эмес. Бирок, салихтер ар качан тообо кылгандыктары үчүн кокустан өлүм алар үчүн нимат болот.

Приступ, жол кырсык, бомба жарылуу сыяктуу себептер менен калимаи шахадат келтире албастан өлгөн адам уктап жатканда өлгөн мусулман ыймансыз өлгөн болбойт. Кокустан өлүп акыркы сөзүнүн калимаи шахадат болбоосу ага зыян бербейт.

Суроо: Жаназаны тез көмүү керекпи?

ЖООП: Жуулуп, кепенделип, даяр болгон жаназаны күндүз көмүү мустахаб. Эгер күндүз үлгүрбөй калган болсо түнү көмүү дагы жаиз (уруксат).

Зарыл бир абал болмоюн жыттанып кетпесин деп моргго койуунун ордуна тез көмүү керек, алыстан жолчу келет эле деп күттүрбөө керек. Жандууларга кыйынчылык берген нерсе өлгөн кишиге да кыйынчылык берет. Ошондуктан, муздак суу же ысык суу менен жуулбашы керек. Замзам менен жууган да жаиз эмес. Чачтары түшсө кепенинин ичине коюлат, себеби, адамдын ар бөлүгү кадырлуу, көмүлүүсү керек. Жуулгандан кийин танашир үстүндө чүпөрөк менен кургатылат. Өлгөн кишинин чачтарын тароо, чач, сакал, мурут жана тырмактарын кесүү Ханафиде жаиз эмес. Суу чыкпоосу үчүн оозуна, мурдуна, жана кулактарына кебез койуу жаиз. (Халеби)

Суу табылбаган кезде таяммум алдырылып намазы окулат. Кийин суу табылса жуулат, бирок, намазы кайра окулбайт. Өлүү жууй турчу кишинин алгач гусул алуусу мустахаб. Жунуп кишинин жана үзүрлүү аялдын жуусу макрух. Жаназа жуулган суу мустамал суу болот. Нажис болот. Ошондуктан, жууган кишилердин үстүнө чачырабоосу, пештамал (этекче) оронуулары керек. (Башка бир кавил боюнча жаназанын үстүндө нажасат жок болсо нажис болбойт.)

Суроо: Олуя бир заттын кийиминен бир бөлүгү кепендин ичине коюлса жакшыбы?

ЖООП: Ооба, өтө жакшы болот. Мухаммед Масум хазреттери мында деген: «Салихтердин, Олуялардын кийимдеринен кепен жасоо же кепен ичине, жүзүнө, көкүрөгүнө койуу пайдалуу.» (1/3)

Аяти карималарды, дуаларды, ыйык ысымдарды кепенге жазуу же кабырга койуу жаиз эмес.

Суроо: Зарыл болгондо аялдын жаназасын эркек жууй алабы?

ЖООП: Жок, жууй албайт. Жууй турчу аял табылбаса жаназа баштан аяк жабылуу абалда бир тууганы колуна чүпөрөк ороп жабуунун ичине салып таяммум алдырат. Себеби, өлгөн кишинин авраты тирүүнүн авраты сыяктуу. Каралуусу арам болгон жерди кармоо дагы арам. Бир жаш балага да үйрөтүп кылдырууга болот.

Суроо: Жаназаны түнү көмүү жаизби?

ЖООП: Күндүз көмүү мустахаб болсо дагы керек болгондо түнү да көмүүгө болот. (С. Абадиййа)

Суроо: Аял өлсө күйөөсү анын жүзүн да карай албайбы?

ЖООП: Жүзүн карай алат.

Жылдыгы

Суроо: Өлгөн жакыныбыздын жылдыгы же кыркында мавлит окутуу максатында ошол күндү эсептөө үчүн өлгөн күнүнөн тартабы же жерге берилген күндөн тарта эсептөө керекпи? Атам кечке жуук кайтыш болду, эртеси күнгө калды. Туугандар келет деп күтүп атып кеч кирип эртесине калды, ошентип эки күндөн кийин көмүлдү. Эсепти ушуга карата эки күн кийин кылуубуз керекпи?

ЖООП: Хадиси шарифте:«Кабырдагы өлүү деңизге түшүп кетип, жардамга деп жансоогалап кыйкырган кишиге окшойт. Чөгүп жатканда куткара турчу бирөөнү күткөнүндөй эле өлүү дагы бир дубаны күтөт», - деп айтылган. (Дайлами)

Өлгөн бир жакыныбыз «Тез мага бир жакшылык кылгыла, дуба жибергиле» деп жансоогалап жатса ага «Жок, антип жашылба, күтө тур, кырк күнүң же бир жылың толсун, сага ошондо дуба кылабыз, жакшылык, кайрымдуулук жасайбыз, Куран окутубыз, мавлит окутабыз» деп айтуу канчалык жаңылыш нерсе.

Мени зыяратка келген бир имам айтат: «Жамааттардан бири ага дал ошол суроону сураган экен. Имам болсо булардын бидат экендигин, жакшылык, кайрымдуулук кылуу үчүн, дуба кылуу үчүн бир күндү дайындоонун Христиандыктан келгендигин көпкө чейин түшүндүргөн экен. Кийин тиги кишиден түшүндүңбү деп сураптыр. Ал болсо: «Жакшы түшүндүм, бирок, мен түшүнбөгөн нерсе бул кыркты өлгөн күнүнөн эсептейбизби же топуракка киргенден тарта эсептейбизби?» - деген экен.

Өлүү үчүн кылына турчу жакшылык жана кайрымдуулукту кечиктирбөө керек, белгилүү күндөрдү күтпөө керек, мүмкүн болор заман бул жакшылыктарды орундоого аракет кылуу керек.

Жаназаны жуу

Суроо: Аял өлгөн күйөөсүнүн жаназасын жууй албайбы?

ЖООП: Аял жууй алат. Күйөөсү өлгөндө аял төрт ай, он күн мөөнөт күтөт. Бул мөөнөт ичинде анын аялы деп эсептелет. Ошондуктан, аял күйөөсүн жууй алат.

Аялды эркек, эркекти аял жууй албайт. Аял жаназаны жууй турчу аял жок болсо эркек колуна чүпөрөк ороп, колдорун карабастан жабуунун астына колун салып таяммум алдырат. Таяммум кылган эркек махрам тууганы болсо, мисалы, уулу энесине же таежесине иаяммум алдырып жаткан болсо колуна чүпөрөк ороосу керек эмес. Себеби, махрам болгон туугандын колдорун жана жүзүн кароо жана тийүү жаиз. Таяммум ансыз да жүзгө жана колдорго жасалат.

Өлүм абалы

Суроо: Өлүм алдындагы оорулуу киши кантип жаткырылат?

ЖООП: Өлүм алдындагы оорулуу оң капталы менен жаткырылып, жүзү кыбылага каратылат. Ушинтип жаткыруу сүннөт. Башынын астына бир нерсе койуу, буттары кыбылага каратып чалкалатып жаткыруу да жаиз. Ушундайча жүзү кыбылага караган болот. Бул кыйын болсо оңоюна карай жаткыруу да жаиз. Жаназа чалкалатып же кандай ыңгайлуу болсо ошондой жаткырылат. Кыбыланы каратып жаткыруу сүннөт.

Кабырдын тереңдиги

Суроо: Аялдардын кабырын эркектердин кабырынан да терең казуу керекпи?

ЖООП: Жок. Негизи аял үчүн болсун, эркек үчүн болсун кабырды терең казуу жакшы болот. Тереңдигинин адамдын көкүрөгүнө чейин, адамдык боюнчалык болуусу да жакшы. (Жами-уль-фатава)

Аял жаназанын көмүлүүсү

Суроо: Махрамы жок бир аял өлсө жаназаны күйөөсү кабырга койсо болобу? Же аялдар коюш керекпи?

ЖООП: Аялдар коё алышпайт. Калган үч мазхабдан бирин таклид кылып күйөөсү өлгөн аялын кабырга коё алат. Себеби, аялды күйөөсүнүн жуусу да калган үч мазхабда жаиз. Хазрети Али жубайы Хазрети Фатымана өзү кабырга койгон эле.

Жаназалуу үйдө тамак

Суроо: Жаназа чыккан үйгө тамак алып баруу керекпи же жаназа бар үйдө тамак бышырып элге таратуу керекпи?

ЖООП: Жаназа чыккан үйгө кошуналар же жакын жашаган туугандар бир күн, бир түндүк тамак жөнөтүүлөрү мустахаб. Жафар Таййар хазреттери шейит болгондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын үйүнө тамак жиберилүүсүн буюрду. Өлүк чыккан үйдөн тамак таратылуусу макрух жана жаман бидат. Биринчи, үчүнчү, жетинчи, кыркынчы сыяктуу күндөрү тамак бышырып, көрүстөнгө барып тамак таратуу, карыларды, хафыздарды, мавлитчилерди жыйнап окутуп тамак берүү макрух. Булардын көбү эл көрсүн үчүн, эл эмне дейт делип, атын чыгаруу үчүн жасалууда. Бул бидаттар кылынып жатканда арасына арамдар да аралашууда. Булардын кылынуусун васият (керез) кылуу дагы батыл (жаңылыш). Жетинчи же кыркынчы күнүн күтүп отурбай дуа, хатим, садага жана мавлит окутуу сыяктуу ибадаттар дароо орундалып, булардын соопторун өлгөн кишинин рухуна багыштоо керек. Мечиттерде өлгөндөр үчүн Исламиятка туура келбеген жыйналыштарды өткөрүү күнөө. Ибадат түрүндө күнөө кылуу башка жерде күнөө кылуудан да чоң күнөө.

Суроо: Тазия үчүн алыстан келген мусапырга тамак жедирүү жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жаназа бар үйгө алып келинген тамактан ачып кетпөөсү үчүн тазияга келгендерге берсе жаизби?

ЖООП: Кедейлерге берүү сооп. Өлгөн кишинин рухуна багышталат.

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш