Ислам дини » Намаз » Намаздын сырлары




Намаздын сырлары


Имам Раббани (куддиса сиррух) «Мектубат» китебинин 1-чи томунун 304-чү катында мындай дейт:

Аллаху таалага шүгүр кылып, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) салават келтиргенден кийин түбөлүктүү саадатка жетүүңөр үчүн дуба кылам. Аллаху таала көптөгөн аяттарында салих амалдарды кылган момундардын Жаннатка кире тургандыгын билдирүүдө. Бул салих амалдар кайсылар, жакшы иштердин бардыгыбы, же болбосо алардын ичинен бир канчасыбы? Эгер жакшы иштердин бардыгы болсо, анда булардын бардыгын эч ким орундата албайт. Бир нечеси болсо, анда кайсылар болду экен? Акыры, Аллаху таала салих амал Исламдын беш рукуну (шарты), тиреги экендигин билдирди. Исламдын бул беш тирегин толугу менен кемчиликсиз аткарган адам Тозоктон кутулаарына бекем үмүттөнүүгө болот. Себеби, алар негизинде салих иш болуп, адамды күнөөлөрдөн жана ыпылас иштерден коргойт. Курани каримде Анкабут сүрөсү, кырк бешинчи аятында: «Кемчиликсиз окулган намаз адам баласын кир, ыпылас иштерди кылуудан коргойт», - деп айтылган. Бир адамга Исламдын беш шартын орундатуу насип болгон болсо, ниматтардын шүгүрүн да кылган болот. Себеби, Аллаху таала Ниса сүрөсүнүн жүз кырк алтынчы аятында: «Ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар азап кылбайм», - деп айтууда. Ошондуктан, Исламдын беш шартын аткаруу үчүн бардык жан дил менен аракет кылуу керек.

Беш шарттын эң маанилүүсү намазда, ал - диндин тиреги. Намаздын адептеринен бир да адебин калтырбай окууга аракет кылуу керек. Намаз толук окулган болсо Исламдын негизги жана чоң фундаменти тургузулган болот. Муну тургузган адам Тозоктон куткара турчу бекем арканга жармашкан болот. Аллаху таала бардыгыбызга туура намаз окууну насип кылсын!

Намазга турганда «Аллаху Акбар» деп айтуу (Аллаху тааланын эч кандай макулуктун ибадатына муктаж эместигин, эч бир нерсеге муктаж эместигин, адамдардын окуган намаздарынын Ага пайдасы жок экендигин) билдирүүдө. Намаз ичиндеги такбирлер (Аллаху таалага жараша турган ибадат кылууга күч-кудуретибиздин жок экендигин) көргөзөт. Рукудагы таспихтерде бул маани бар болгондугу үчүн рукудан кийин такбир кылуу буюрулган эмес. Бирок, сажда таспихтерден кийин буйрук кылынды. Себеби, сажда жупунулуктун, төмөндүктүн жана кулчулук менен карапайымдыктын эң акыркы белгиси болгондуктан, муну кылганда адамга толук ибадат кылдым деген ой келет. Бул ойдон сактануу үчүн сажда кылып кайра түзөлүп жатканда такбир айтуу сүннөт болгондугу сыяктуу, сажда таспихтеринде (а’ла) деп айтуу буйрук кылынды. Намаз момундун Миражы болгондугу үчүн намаздын акырында Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) Мираж түнү айткандарын, б.а., Аттахиййатуну окуу да буйрук кылынды. Ошон үчүн намаз окуган адам намазды өзүнө

Мираж кылуусу керек. Аллаху таалага жакындыгынын эң акыркы даражасын намаздан издөө керек.

Пайгамбарыбыз (алейхи ва ала алихиссалату вассалам) мындай дейт: «Адамдын Раббисине эң жакын болгон мезгили – намаз окуп жаткандагы мезгили». Намаз окуган адам Раббиси менен сүйлөшүүдө, Ага жалбарууда жана Анын улуктугун, Андан башка бардык нерсенин эч нерсе экендигин көрсөтүүдө. Ошондуктан, намазда коркуу, үркүү пайда боло тургандыгы үчүн тынч жана ырахат болсун деп намаздын акырында эки жолу салам берүү буйрук кылынды.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифте: «Фарз намаздан кийин 33 таспих, 33 тахмид, 33 такбир жана бир тахлил» айтууну буюрган. Мунун себеби, намаздагы кемчиликтер таспих менен жабылат. Мунун өзү Аллаху таалага ылайыктуу боло турчу толук ибадаттын кылынбагандыгын билдирет. Тахмид менен намаз окуу сыймыгына жетүү Анын жардамы аркылуу боло тургандыгы билинип, бул чоң ниматка шүгүр, хамд кылынат. Такбир аркылуу Андан башка ибадатка ылайыктуу эч кимдин жок экендиги билдирилет.

Намаз шарттарына жана адептерине ылайык окулуп, кетирилген кемчиликтер да ушундайча жабылат. Намазды насип кылгандыгына шүгүр кылып, ибадатка башка эч кимдин акысы болбогондугу жүрөгүнөн таза жана калыс болуп, Калимаи таухид менен билдирилгенде, бул намаз кабыл болушу мүмкүн. Бул адам намаз окугандардан жана кутулуучулардан болот. Йа, Рабби! Пайгамбарлардын эң улугунун урматы үчүн (алейхи ва ала алихимуссалавату ваттаслимат) бизди намаз окуган жана кутулган, бактылуу масуд кулдарыңдан кыл! Аамиин.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш