Ислам дини » Намаз » Намаз убакыттары » Намаз убакыттары тууралуу




Намаз убакыттары тууралуу


www.islamdini.kg сайтында жарыяланып жүргөн намаз убакыттарын акыркы мусулман мамлекети болгон Османлы аалымдарынын эң жогорку мекемеси болгон «Машихати Исламийа» уюму даярдаган хижрий 1334 (м. 1916) жылкы "Илмийа салнамасы” аттуу календар менен Стамбул Университетинин курамындагы Кандилли обсерваториясынын «14» сандуу 1958 ж. жарыяланган "Авкати шаръийа” (шарият белгилеген убакыттар) китебиндеги методдор боюнча эсептедик.

Ибадаттардын убакыттарын аныктоо, белгилөө жана жарыялоо диний сабаттуулукту талап кылат. Фикх аалымдары мужтахиддерден алган билимдерин фикх китептерине жазышкан. Мурунтан билдирилген убакыттарды эсептөө жаиз, ага уруксат бар. Бирок, бул убакыттарды Ислам аалымдарынын тастыктоолору да шарт. Булардан 1926-жылдагы «Таквими зия» аттуу календарда мындай делген: «Бул календар Дин иштери башкармалыгына караштуу илимий кеңеш тарабынан изилденип, башкарманын түздөн түз колдоосу менен басылып чыккан.» Дин иштеринде Ислам аалымдары жана мусулман астрономия адистери тууралаган намаз убакыттарын пайдалануу керек. Элмалылы Хамди Языр «Сабил-ур-решад» журналынын 22-чи томунда ушул маселеде аныктама берген.

Чыныгы дин аалымдарынан жана хейет (астрономия) илиминин адистеринен куралган намаз убакытын эсептөө комиссиябыздын эң алдыңкы технологиялар менен жана астрономиялык эсептер менен тапкан намаз убакыттарынын Ислам аалымдарынын кылымдардан бери колдонуп келген «Руб-и Даира» аттуу аспап менен эсептеген убакыттары менен бирдей чыккандыгын көрдүк. Бир шаардын эң бийик жерине тийиштүү болгон тамкин убакытын өзгөртүүгө болбойт. Эгер тамкин убакыты кыскартыла турган болсо бешим жана андан кийинки намаздар убакыттарынан кийин окулган болот. Орозого да соор убакыты чыгып кеткенден кийин башталган болот. Мындай орозолор жана намаздар сахих болбойт. 1982-жылга чейин тамкин убакыты жана күндүн намаз убакытына катыштуу горизонттон бийиктик бурчтарын эч ким өзгөртпөй келген эле. Бардык аалымдар, олуялар, шейхул Исламдар, Муфтилер, бүткүл мусулмандар кылымдар бою намаздарынын бардыгын дайыма тамкин кошулган убакыттарда окушкан жана орозолорун да тамкин кошулган убакыттарда кармашкан.

Бүгүн дагы бардык мусулмандардын ушул Ижма-и муслиминден (Мусулман аалымдардын ооз биримдигинен) ажырабай намаздарын шарий убакыттарда окуулары жана орозолорун да шарий убакыттарда кармоолору керек.

1983-жылдан мурунку календарлардын (календарларда жарыяланып келген намаз убакыттарынын) ката эмес экендигин баары моюндоодо. Бул маселеде эч кандай келишпестик жок. Мисалы, Түркия Дин Иштери Башкармалыгынын 30-Март 1988-жылкы «235-497» сандуу бүткүл муфтияттарга жиберилген нускасында: «1983-жылдан мурунку календарлар менен азыркы колдонулуп жүргөн жаңы адистерибиздин арасында бир гана тамкин убакыты айырмачылыгы гана бар. Ошондуктан, 1983-жылдан мурунку календарлар ката эмес», - деп жазылган.

Сайтыбызда жарыяланган намаз убакыттары жана орозо календарларында тамкин убакыты жана намаз убакыттарына катыштуу күндүн шарий горизонттон бийиктик бурчтары эч өзгөртүлгөн эмес, намаз жана орозо убакыттары туура билдирилген. Бир шаарда бир гана тамкин убакыты болот. Бул да туш келген бир намаздын астрономиялык формулалар менен, астрономиялык горизонт боюнча табылган убакыттан (Астрономиялык эсеп менен табылган убакыттан) туура убакыт болгон, б.а., шарий убакытты табуу үчүн колдонулат. Кыскача айтканда тамкин убакыты: Астрономиялык горизонт боюнча астрономиялык формулалар менен табылган убакыттарды Ислам аалымдарынын китептеринде намаз убакыттары үчүн билдирилген асман сферасындагы белгилердин пайда болгон шарий убакыттарына алып келген мөөнөт болуп саналат.

Ар бир намаз убакыты үчүн бөлөк-бөлөк тамкиндер жок. Күндүн чыгуусу жана батуусунда колдонулуусу милдеттүү, зарыл экендиги билдирилген тамкин мөөнөтүнүн жогоруда да билдирилгени боюнча имсак, куптан жана башка бардык намаз убакыттарында да колдонулуусу милдеттүү. Тамкин убакытын этияттык деп ойлоп имсак убакытын 3-4 мүнөт кечиктирген адамдын орозосу фасид боло тургандыгы, б.а., бузула тургандыгы жана шам убакытын 3-4 мүнөт эртеге алган адамдын орозосу менен кошо шам намазынын да фасид боло тургандыгы (б.а., бузула тургандыгы) «Дурр-и йакта» китебинде жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш