Суроо: С.Абадиййа китебинде: «Убакыттын
ичинде экендигин билип убакыттын парзы деп баштаган намазды окуп жатканда
убакыт чыкса жана чыккандыгын билбесе сахих болбойт. Бул күндүн парзы дегенде
сахих болуу менен бирге казасы окулган болмок», - деп жазылган.
Китептин намаз убакыттары бөлүмүндө болсо: «Убакыт чыга электе Ханафиде
ифтитах такбирин алганда, Маликиде жана Шафииде болсо бир рекет окуганда
намазды убагында окуган болот», - деп жазылган. Ифтитах такбирин
алгандан кийин намаз сахих болгондугуна караганда убакыт чыкканда эмне үчүн
намаз сахих болбоодо? Бул күндүн парзы менен убакыттын парзы дегендин арасында
кандай айырма бар?
ЖООП
Убакыттын парзы дегенде багымдат, бешим, асыр, шам
жана куптан убактысында кайсы убакыт парз окулса окулган ошол парз айтылып
жатат, бүгүнкү күндүн парзы делгенде ошол күн ичинде окулуусу керек болгон парз
айтылып жатат. Мисалы, бешимдин парзын бешим убагында окуу керек. Бешим
убагынан чыкканда өтөлүүсү керек болгон күндүн парзы болууда. Күндүн парзы асыр
убактысы киргенде окулса каза окулган болот. Убакыттын парзы деп айтуу менен
күндүн парзы деп айтуу ушул жагынан алып караганда өтө маанилүү. Күндүн парзы
делсе убакыт ичинде окулса ада кылынган болот (маалында окулган болот), убакыт
чыккан болсо каза окулган болот.
Биринчи түшүндүрмөдө убакыттын чыккандыгын
билбегендиги үчүн намаз сахих болбоодо. Себеби, намазын шарттарынан бири ада
болуусу үчүн убагында окугандыгын билүү болуп саналат. Экинчиси болсо убакыттын
чыккандыгын билүүдө. Башкача айтканда, Аллаху акбар дегенден
кийин убакыттын чыга тургандыгын билүүдө. Билсе убакыт чыга электе ифтитах
такбирин алгандыгы үчүн намазы сахих болууда.
Убакыттын чыгуусуна аз калгандыгын билип «Бүгүнкү
күндүн бешим намазын ада кылууга» деп ниет кылган адам убакыт чыккан болсо
бешимдин казасын окуган болот. Эгер бешим убактысы чыга элек болсо да чыкты деп
ойлоп «Бүгүнкү бешимдин казасын окууга» деп ниет кылып окуса убакыт
чыкпагандыгы билингенде бешимди убакыт ичинде окуган болот. Экөөндө тең бир
намазга ниет кылган болуп, бир гана убакыттын чыгуусунда жаңылган болууда.
Бирок, өткөн бешим намазынын казасын окууга деп
ниет кылып окуган намаз ошол күндүн бешим намазынын ордуна өтпөйт. Себеби,
бүгүнкү күндүн намазына деп ниет кылбаган. Ушундайча, ада ниети менен окулган
бешим намазы мурда окулбаган бир бешим намазынын ордуна өтпөйт.
Ушул сыяктуу эле бир адам хазыр болгон имам үчүн
Асан устазга уйууга ниет кылса имам башка бирөө болсо, мисалы, Үсөн устаз болсо
Үсөн устаз менен окуган намазы сахих болбойт. Ошондуктан, устаздын атын
айтпастан уйдум хазыр болгон имамга деши керек.
Бир адам жылдар бою бешимди убагынан мурда окуган
болсо жана баарына тең «Үстүмө парз болгон бешимди окууга» деп ниет кылса ошол
күнкү бешимди ойлобосо ар күнү бир мурдагы бешимдин казасын окуган болот.
Бирок, акыркы бешимдин казасын өзүнчө окуш керек болот. «Бүгүнкү бешим
намазына» деп ниет кылса ада десе да дебесе да ар күн ошол күнкү бешимди ада
кылган болуп убактысынан мурда болгондугу үчүн эч бири бешимдин парзы болбойт,
нафил болот. Баарынын казасын окушу керек болот. Көрүнүп тургандай намаздардын убакыттарын
билүү керек болгондой убакыттын ичинде кылгандыгын да билиш керек.
Убакыт чыкса
Суроо: Бешим намазын жамаат менен кылып жатканда асырдын
азаны окулса, б.а., асыр убактысы кирсе бешимди кылбагандар келип бул жамаатка
уюп ошол күнкү бешимди кылышса, кылган намаздары каза болобу же ада болобу?
ЖООП
Убакыт чыка электе жамаатка уйгандардыкы ада,
убакыт чыккандан кийин уйгандардыкы каза болот. Себеби, Там Илмихал китебинде
мындай делген: «Бүгүнкү бешим намазын ада кылууга» деп ниет кылган адам
убактысы чыккан болсо бешимдин казасын окуган болот. Бешим убактысы чыкты деп
ойлоп «Бүгүнкү бешимдин казасын окууга» деп ниет кылып окуса убакыт
чыкпагандыгы билингенде бешимди ада кылган болот. (С.Абадиййа)
Кийин келгендер Имам азамдын өкүмүнө уюшса бешимди
аср-ы аввалда ада кылышкан болот. Анда асырды аср-ы саниде окуш керек болот.
Убакыт чыгуудан мурда
Суроо: Бир намаз убактысы чыгуудан канчалык мурун
кылынса ошол намаз убактысында кылынган болот?
ЖООП
Багымдат намазында күн чыгуудан мурда салам берген
болуу керек. Калган убакыттарда болсо убакыт чыга электе Ханафи жана Ханбалиде
ифтитах такбири алганда, Малики жана Шафииде болсо бир рекет кылганда намазды
убактысында кылган болот. Ханафиде намаздын бардыгы убакыт ичинде толукталбаса
кичине күнөө болот. (Радд-ул-мухтар, Тахтави, М.Эрбаа)
Багымдат намазын кылып жатканда күн чыгып баштаса
бул намаз сахих болбойт. Асырды кылып жатканда күн батса бул намаз сахих болот.
Аср-ы сани
Суроо: Бешим намазы бир кечиримдүү себеп менен
убактысында окулбай калса аср-ы саниде окулабы?
ЖООП
Жок, аср-ы аввалда окулат. Аср-ы сани экинчи асыр
дегенди түшүндүрөт. Бир себеп менен бешим намазы бешим убактысында окулбай
калса аср-ы аввалда окулат. Бешим ошол убакка кечиктирилип окулган болсо ошол
күнкү асыр болсо аср-ы саниде окулат.
Асырды окуп жатканда күн батса
Суроо: Бир адам асырдын парзынын эки рекетин
окугандан кийин күн батса б.а., асыр намазынын убактысы чыкса, үчүнчү рекетте
сафари же муким киши ага уйса жаиз болобу?
ЖООП
Мукимдин уйуусу жаиз болот. Имам салам бергенде
муким болгон адам туруп дагы эки рекет окуйт. Башка бир мукимдин асыр намазы
казага калса асыр окуп жаткан бул имамга каза ниети менен уйса анда да сахих
болот. (Ибни Абидин)
Муким асыр намазынын эки рекетин окуганда күн
батса жана бул учурда сафари бир адам келип ага уйса, сафаринин ал мукимге
уйуусу сахих болбойт. (Хиндиййа)
Себеби, сафари болгон адам асырдын намазынын эки
рекет казасын окуусу парз. Сафари болгонго асырдын акыркы эки рекети нафил
болот, парз окуган адам нафил окуган адамга уйууга болбогондуктан намазы сахих
болбойт. Шафии мазхабында болсо жаиз болот.
Күн батса
Бул маселеде эки башка кавил бар:
1- Убакыт намаздын шарты болгондугу үчүн күн
баткандан кийин кайра көрүнсө шамды кайра окуусу керек. (Дурр-ул
мухтар)
2- Шам намазын окугандыгы үчүн кайра окуусу керек
эмес. Олуя заттар керемет менен аз убакытта узак жерлерге бара алышат. Бул
маселеде Шафии жана ханафи мазхабдарында фыкых маселелери да кылынган. Ибни
Хажер-и Хейтеминин фатваларында «Олуя бир зат шам намазын окугандан кийин
батышка карай кетсе жана барган жеринде күн бата элек болсо, бул жерде күн
батканда шам намазын кайрадан окуусу керек эмес экендигин айткандар көп»
делген. (Кыямат жана Акырет)
Чындап эле ушундай учак жасалса этият үчүн окуу
жакшы болот. Кээ бирөөлөр, өзгөчө атеисттер атайылап, мусулмандарды кыйын
абалда калтыруу үчүн жооп бере алышпайт деп ушундай нерселерди сурашат. Бирок,
динибизде Ислам аалымдары жооп бере албаган маселе жок.
Бешим жана шам намазы
Суроо: Маликини таклид кылган адам Имам Азам
хазреттеринин кавлине уюп бешимди аср-ы аввалда, шамды болсо иша-и аввалда окуй
алабы?
ЖООП
Муктаждык туулса окуй алат. Маликини таклид
кылбаган киши болсо муктаждык туулбаса окуй албайт. Аср-ы сани -
Имам Азам хазреттери боюнча асыр намазынын кирүү убактысы. Иша-и сани -
болсо Имам Азам хазреттери боюнча купан намазынын кирүү убактысы. Бирок, бул
эки убакытта фатва Имамейндин (Имам Мухаммед менен Имам Абу Юсуфтун) кавлине,
б.а., аср-ы аввалга жана иша-и аввалга карата.
Багымдатты кечиктирбөө керек
Суроо: Кээ бир достор бири-бирине кат жөнөтүп:
«Багымдат намазын күндүн чыгуусуна 20 мүнөт калганда окуу абзал», - деп
жатышат. Бирок, С.Абадиййа китебинде: «Багымдат намазын ар жыл
мезгилинде айлана жарык болгондо окуу мустахаб. Бул кечиктирүүлөр жамаат менен
окугандар үчүн. Үйүндө жалгыз окуган киши ар намазды убакыт кирер замат окуусу
керек», - делген. Багымдатты эмне үчүн кеч окутушууда?
ЖООП
Балким багымдат намазын жамаат менен окугандарды
айтып жатышкан чыгар. Жалгыз окуган киши ар намазды эрте убактысында окуусу
керек.
Багымдат намазынын убактысы
Суроо: Багымдат намазы эмне үчүн имсак (фаджр)
убактысынан 15-20 мүнөт кийин окулууда?
ЖООП
Багымдат намазынын убактысы төрт мазхабда тең
шарий түндүн акырында, б.а., фаджр убактысында башталат. Орозо да ушул убакытта
башталат. Фаджр убактысынын таң агылтыңы горизонт үстүндө жайылган убакытта
башталгандыгын билдирген заиф кавилдер (өкүмдөр) да болгондугу үчүн багымдат
намазын календарда жазылган фаджр убактысынан 15 мүнөт кийин окуу этияттуу
болот. (С.Абадиййа)
Багымдат намазынын жана орозонун алгачкы убактысы
фаджр-и садык убактысы менен башталат. (Ислам Ахлагы)
Көрүнүп тургандай www.islamdini.kg интернет сайтында берилген имсак
(фаджр) убактысында багымдат намазынын убактысы дагы, орозо дагы башталган
болууда. Башкача айтканда, фаджр убактысы киргенде багымдат намазын окууга
болот. Заиф болсо да башка кавилге уйган болуш үчүн кандайдыр бир кечиримдүү
себеп болбосо багымдат намазын фаджр убактысынан 15-20 мүнөт өткөрүп окуу дагы
да этияттуулук болот. Бирок, себеп бар болсо фаджр убактысы кирер замат окуунун
да зыяны жок.
Суроо: Маликини таклид кылгандар куптан намазын
кайсы убакка чейин окуулары керек?
ЖООП
Малики мазхабында куптан намазын түндүн алгачкы
үчтөн биринен кийинки убакытка калтыруу макрух. Ачыктап түшүндүрө турган
болсок, түн шам убактысында башталып, имсак убактысына чейин уланат. Бул эки
убакыт арасындагы убакытты үчкө бөлүп, чыккан убакытты шам убактысына кошсок
түндүн үчтө бири аныкталган болот. Малики мазхабын таклид кылгандар мына ушул
убакытта окуулары керек. Куптан намазын окууну бул убакыттан кийинкиге
калтырууга мажбур калган болсо имсак убактысына чейин окуп алууга болот.