Саар (таң) убактысы: Күн баткандан баштап, имсак убактысына (таң атканга) чейинки убакыттын соңку алтыдан бири "саар убактысы” деп аталат. Бул убакытта окулган намаз "тахажжуд намазы” деп аталат. Саар убактысында ибадат, тообо-истигфар жана дуба кылуу керек. Бул убакытта кылынган бардык дубалар кабыл болот.
Имсак убактысы: Чыгыш горизонтто”фажри садык” деп аталган таң атуунун алгачкы белгиси пайда болуу менен башталуучу убакыт "имсак убактысы” деп аталат. Бул убакытта Рамазан айында ооз бекитилет. Андан 15 мүнөт өткөн соң багымдат намазынын убактысы кирет.
Ишрак (шашке) убактысы: Күндүн горизонт сызыгынан 5 градус көтөрүлүшү менен башталуучу убакыт "ишрак убактысы” деп аталат. Бул убакыт күн чыккандан кийин болжол менен 50-55 мүнөттөн кийин кирет. Бул убакыт "дахваи сугра” деп дагы аталат. Күн чыга баштагандан ишрак убактысына чейин намаз окуу арамга жакын макрух болуп саналат. Ишрак убактысында окулуучу нафил намаз "ишрак намазы” (шашке намазы) деп аталат. Ишрак намазын окуунун пайдасы өтө көп. Орозо айты менен Курман айтынын биринчи күндөрүндө эки рекет айт намазы дал ошол убакытта окулат жана бул эркектерге важип болот.
Духа убактысы: Бир күндүк орозонун мөөнөтүнүн төрттөн биринен кийин башталуучу убакыт. Бул убакытта окулуучу напил намаз "Духа намазы” деп аталат. Бул намаз кеминде 2 рекет окулат. Бирок, каза намазы бар адам нафил намазын окуй албайт.
Духаи кубра убактысы: Түштөн бир саат мурунку убакыт "духаи кубра” убактысы деп аталат. Бул убакыт бир орозо күнүнүн жартысы болуп саналат. Рамазан орозосуна, нафил жана убактысы белгилүү болгон өз каалоосу менен кармалган орозолорго ниет кылуунун эң акыркы убактысы ошол убакыт болуп саналат.
Бешим: Көлөкөлөр кыскарып, кайра узарып баштаган маалда башталат. Аср (аср намазы) убактысы:
Асри аввал: Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин ижтихади боюнча аср намазынын кирген убактысы "асри аввал” деп аталат жана ар бир заттын көлөкөсү завал маалындагы узундугунан, ошол нерсенин боюнчалык узарганда башталуучу убакыт.
Асри сани: Имам Азамдын ижтихады боюнча аср убактысы ар бир заттын көлөкөсү завал маалындагы узундугунан, ошол заттан эки эсе узарганда башталуучу убакыт жана бул убакыт "асри сани” деп аталат.
Исфирари шамс убактысы: Күн горизонтко 5 градус жакындагандан баштап батканга чейинки убакыт "исфирари шамс убактысы” деп аталат. Аср намазынын убактысы бешим убактысынын бүтүшү менен башталып, күн батканга чейин уланат. Исфирари шамс убактысында намаз окуу жана асрды ошол кезге чейин кечиктирүү арамга жакын макрух болуп саналат. Бирок, ошол күндөгү аср намазы окулбаган болсо, ошол убакытта болсо да сөссүз окуу керек.
Иштибаки нужум убактысы: Күн баткандан кийин горизонт астына 10 градус түшкөн, б.а., жылдыздар көбөйгөн убакыт "иштибаки нужум убактысы” деп аталат. Шам намазын ошол убакыттан кийинки убакытка калтыруу макрух болот.
Куптан (Иша) убактысы;
Ишаи аввал: Күн баткандан кийин горизонт астына 17 градус түшкөн кезде, б.а., батыш горизонттогу кызгылтың жоголгон кезден кийин башталуучу убакыт "ишаи аввал убактысы” деп аталат. Куптан намазынын убактысы Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча ошол убакытта башталат жана имсак убактысына чейин уланат. Орто Азияда куптан намаздарын дал ошол "Ишаи аввал” убактысында окуу адат болгон.
Ишаи сани: Күн баткандан кийин горизонт астына 19 градус түшкөн соң, б.а., батыш горизонттогу кызгылтыңдан кийин агарган жарык да жоголгондон кийинки убакыт "ишаи сани убактысы” деп аталат. Куптан намазынын убактысы Имам Азамдын өкүмү боюнча ошол убакытта башталат жана имсак убактысына чейин уланат.