Ислам дини » Намаз » Намаз убакыттары » Ижтима убактысы деген эмне




Ижтима убактысы деген эмне


Ай жердин айланасында чыгышка карай  айланып, Жер менен Күндүн ортосуна келип үчөө  тең бир түз сызыкка келет. Бул жагдайда "Ижтима-и найирайн” (Conjunction – Биригүү – Ай башы) деп айтылат. Айдын жерди караган бөлүгү күндүн нурун албагандыктан караңгы болуп,  жерден көрүнбөй калат. Айдын көрүнбөгөн ошол  убакыттары "Махак” деп аталат. Махак убактысы  28 менен 72 саат арасында өзгөрүп турат.  Ижтима убактысы ошол Махак убактысынын дал ортосун көрсөтөт жана бул убакыттар календарыбызда ар хижрий айдын соңку күнүндө берилет. Эки ижтима арасындагы убакыт 29 күн  13 саатты түзөт.  

Айдын айлануусунда ижтима убактысынан 80 (болжол менен 14 саат) кыймылдай электе, б.а.,  жер менен айды жана жер менен күндү бириктирип турган эки түз сызык арасындагы  бурч 80 (болжол менен 14 саат) тан кичине кезде  жаңы ай эч качан жана эч бир мамлекеттен  көрүнбөйт. Бурч 18 градуска жеткенде ай махак  жагдайынан кутулуп, күн батып жатканда 45  мүнөттүн ичинде батыш горизонтто жаңы ай  (хилал) көрүнөт. Бирок, 57 мүнөт параллакс  натыйжасында ай горизонтко 5 градус калганда көрүнбөйт. Бул жаңы айдын алгачкы баскычы. Бул кезде Күн кайсы мамлекетте батып жаткан болсо, жалгыз ошол узактык даражасындагы жана булардын батышындагы мамлекеттерде  айды көрүү мүмкүн болот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш