Суроо: Бала туулган кезде эмне кылыш керек?
ЖООП
Жетинчи күнү ат коюп, чачын алып, чачынын
салмагынчалык алтын же күмүштү садага берүү жана мүмкүн болсо акыйка малын союу
мустахаб болуп саналат. (С. Абадиййа)
Чачын албастан дагы болжолдоп берсе болот. Алтын
жана күмүштүн ордуна кагаз акча менен берсе болот жана жетинчи күндөн кийин да
берилсе болот.
Суроо:
Динибизде уул бала көбүрөөк жактырылабы?
ЖООП
Жок, кыз бала көбүрөөк жактырылат.
Суроо:
Баламан баш тарта аламбы?
ЖООП
Ата балагатка кирген уулунан жоопкер болуудан баш
тарта алат. Балалыктан баш тартуу, четке кагуу деген нерсе жок. Амри маруф
кылууну, тообосун, зыяратка келүүсүн, белегин жана мураскор болуусун четке кага
албайт. Четке кактым, баш тарттым десе дагы өтпөйт.