Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аялдардын салам берүүсү




Аялдардын салам берүүсү


Аялдардын салам берүүсү

Суроо: Биз тааныбаган аялдар телефондо же дүкөнүбүзгө киргенде салам беришет. Булардын саламын алуу күнөө эмеспи?

ЖООП

Күнөө эмес. Салам – амандык, тынчтык, саламат, ден-соолук, кутулуш сыяктуу маанилерди билдирет. Салам берүү, б.а., "Саламун алейкум” деп айтуу "Мен мусулманмын, менден сага зыян келбейт, саламатта бол, Мусулман болуп өл” деген маанилерди дагы билдирген жакшы дуба болуп саналат.

Бир аял бир эркекке "Аллах ыраазы болсун” деп айталса же тескерисинче бир эркек бир аялга "Аллах ыраазы болсун” деп айталса эмне үчүн салам бере албасын?

Намахрам адамга салам бергенде же Аллах ыраазы болсун деп дуба кылганда каршы тараптагы адамга "Бул адам мага дуба кылып жатат, мени жакшы көрөт” деген ой келиши мүмкүн. Эгер каршы тараптагы адам карама-каршы жыныстагы адам болуп фитна жагдайы болсо (ниетти буза турчу абал болсо) мындай дуба кылууга болбойт. Намахрам аялга салам берүү жана дуба кылуу сыяктуу зарылчылык болбостон сүйлөшүү дагы жаиз эмес. Эгер зарылчылык болуп сүйлөшүп жаткан болсо анда салам берүү жана Аллах ыраазы болсун деп айтууга да болот. "Намахрам адам менен бардык нерсени сүйлөшө бер, бирок, салам берилбейт, дуба кылынбайт” деп айтуу туура эмес.

Кутмандуу күнүңүз, таңыңыз, кечиңиз менен, ж.б., сөздөр дагы салам берүү сыяктуу. Буларды да намахрам адамга айтууга болбойт. Зарылчылык болгон кезде буларды айтууга болот жана салам берүүгө да болот.

Межелленин 39-бабындагы "Мезгилдин өзгөрүүсү менен өкүмдөр өзгөрөт” деген эреженин түшүндүрмөсү мындай: Мезгилдин өзгөрүүсү менен үрп-адат, салтка тийиштүү өкүмдөр өзгөрүшү мүмкүн. Насска, далилге таянган өкүмдөр мезгилге жараша өзгөрбөйт. (Дурер-ул-хуккам)

Намаз, орозо, зекет сыяктуу өкүмдөр өзгөрбөйт, бирок, салтка тийиштүү өкүмдөр өзгөрө алат. Мисалы, көчөдө тааныбаган адамга салам берсеңиз "бул адам мени кайдан тааныйт, эмнеге салам берди” дегендей сизге таң калып карайт. Саламды жаюу динибиздин буйругу болсо да мындай абалда ар кимге салам берүүгө болбойт. Динибизде бидатчыларга, ачыктан ачык күнөө кылган фасыктарга салам берилбейт. Бирок, азыркы күндө булар тааныган адамдар болсо көрүшкөн кезде салам берилет. Салам бербесеңиз же саламын албасаңыз "Бул киши эмне үчүн салам бербеди, саламымды эмне үчүн албады” деп ойлонот. Ал эми мурунку замандарда бир адамга салам бербеген кезде ал адам өзү бир күнөөнү кылгандыгы үчүн мусулмандар салам бербей жатышкандыгын түшүнчү. Азыркы күндө мындай кылуу фитнага себеп болушу мүмкүн. Керек болгон кезде капырга да салам берүүгө болот.

Кээ бир өкүмдөр Дарулхарб деп аталган мусулман эмес өлкөлөрдө башкача болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” мындай өлкөлөрдө алардан пайыз алуунун жаиз экендигин билдирген. Соода-сатыкка байланыштуу фасид болгон өкүмдөр дагы жаиз.

Хазрети Умар күнөө кылган ырчы аялга камчы уруп жатканда аялдын башы ачылган кезде: "Харам иш кылууну адат кылып алгандыктан урмат калбады, керек болгон өлчөмдө чачтарын кароо күнөө болбойт”, - деген. Абу Бакр Балхи хазреттери дагы дарыя жээгинде бара жатканда баштары жана колдору ачык аялдарды көрөт. "Булардын урмат-сыйы калбагандыктан керек болгончолук кароо күнөө эмес”, - деп айткан. Иш үчүн кажет болгондо мындай аялдарга салам берүү жана саламдарын алуу жаиз.

Иштөөгө мажбур болгон муктаж, эч кими жок аялдар ишинде керек болгон өлчөмдө буттарын жана колдорун ача алат. Эркектердин буларды иш үчүн көрүүлөрү, кумарланбастан кароолору, берген саламдарын алуулары жана салам берүүлөрү жаиз болот.

Жогоруда түшүндүрүлгөн себептер менен кээ бир тыюу салынган нерселер мубах абалга келет. Мисалы, ишканабызга келген же алардын ишканасына барган кезде сүйлөшүү зарыл болгон аялдарга салам берүү жана саламдарын алуу күнөө болбойт. Жада калса, аял кош келдиңиз деп колун узатса кол алышса дагы жаиз. Ал эми керегинен сырткары бир аял менен кол алышуу харам. Бул тууралуу бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй:

"Башына шиш менен урулуу намахрам аялды кармоодон дагы жеңил.” [Байхаки]

"Намахрам аялды шахват менен кароо көздүн зинасы, аны кармоо колдун зинасы.” [Р.Насыхин]

"Ыпластык ичиндеги доңузга сүртүнүү намахрам аялды кармоодон жакшы.” [Таберани]

"Намахрам аял менен кол алышкан адамдын колдору байланып, Жаханнамга ыргытылат.” [Р.Насыхин]

Динибиз берген уруксаттардан керек болгон өлчөмдө пайдалануу керек, фитнага себеп болбоо керек. Фитна болбосо диндин буйругу кандай болсо ошого уюш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш