Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кайтыш болгон эне-атанын акысы кантип орундалат?




Кайтыш болгон эне-атанын акысы кантип орундалат?


Суроо: Кайтыш болгон эне-атанын акылары кантип орундалат?

Жооп

Төмөндөгүлөрдү аткарууга аракет кылуу керек.

Намаздардан кийин дуба кылып, сообун алардын рухтарына багыштоо керек. Хадиси шарифтерде мындай деп билдирилди:

"Эне-атасына күнөөкөр болуп калган адам алар кайтыш болгондон кийин алар үчүн дуба кылса Аллаху таала аны эне-атасына баш ийгендерден кылып жазат.” [Ибни Абиддунйа]

Сообун аларга деп орозо кармоо керек. Сообун аларга деп ажылык кылуу керек. Аалымдардын көпчүлүгү эне-ата үчүн ажылык кылуу жаиз деп билдирген.

Хадиси шарифтерде:

"Кайтыш болгон эне-атанын атынан ажылык кылган адамга өзү үчүн дагы жана эне-атасы үчүн дагы ажылык сообу жазылат. Эне-атасынын рухуна сүйүнчүлөнөт.” [Дара Кутни]

Сообу аларга тийсин деп садага берүү керек. Хадиси шарифтерде мындайча билдирилген:

"Садага берип жатканда сообун эмне үчүн мусулман эне-атаңардын рухуна багыштабайсыңар? Багыштасаңар берген садагаңардын сообу алардын рухуна бериле тургандыгы сыяктуу эч кемитилбестен ошол сооптон силерге дагы жазылат.” [Табарани]

Кабырларын зыярат кылып, Курани карим окуу керек. Хадиси шарифтерде мындайча билдирилген:

"Эне-атасынын же биринин кабырын ыклас менен жана кечирим үмүт кылып зыярат кылган адам кабыл болгон ажылык сообун алат. Муну адат кылып алган адамдын кабырын дагы периштелер зыярат кылышат.” [Хаким]

Кабырларын Жума күндөрү зыярат кылуу керек. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Эне-атасынын кабырын Жума күндөрү зыярат кылган адамдын күнөөлөрү кечирилет, акыларын өтөгөн болот” [Тирмизи]

Зыярат кылганда дуба жана Курани карим окуу менен алек болуу зарыл. Орунсуз нерселерди сүйлөбөө керек.

Көзү тирүү кезинде таарынган болсо баласы салих болгондо ыраазы болушат. Алар үйрөткөн жакшы нерселерге ылайык амал кылган сайын сообу аларга да барып турат.

Эгер алардан жаман нерселерди үйрөнүп ошол нерсени кылган сайын аларга да күнөө жана азап жазылат. Ошондуктан, алардан жаман жолду үйрөнүп алган болсо муну ташташ керек, бул жаман амалдары менен аларга да кабырда азап тарттырбоо керек.

Суроо: Атам баддуба (жаман дуба, каргыш) кылды. Ал кайтыш болгондон бери иштерим терс кетип жатат. Мындан кутулуунун чарасы барбы?

Жооп

Тообо истигфарды улантып, кайтыш болгон атаңыз үчүн кайырлуу иштерди кылышыңыз керек. Мисалы, бир кедейге бут кийим алып бердиңиз, сообун атаңызга жана Пайгамбарбыз алейхиссаламга жана бардык мусулмандарга багыштасаңыз сообу эч кемитилбестен баарына тийет. Атаңыз соопту алганда кубанат жана иштериңиз дагы оңолот. Ушул сыяктуу кайрымдуулук, жакшылыктарды кылууга аракет кылыңыз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш