Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Хажамат [хижама, кан алдыруу]




Хажамат [хижама, кан алдыруу]


Суроо: Кан алдыруунун жакшы экендиги айтылып жүрөт. Ар кимдин ар качан кан алдыруусу жакшыбы?

ЖООП

Кан алдыруу бирөөнө пайдалуу, бирөөнө зыяндуу болушу мүмкүн. Бул жагынан алып караганда ар ким ар качан кан алдыруусу туура эмес. Доктурдун сунушуна ылайык, өзгөчө жайында ысык өлкөлөрдө тургандардын, кан басымы көтөрүлгөндөрдүн кан алдыруусу жакшы болуусу мүмкүн.

Хадиси шарифте: «Кандын көбөйүүсү [кан басымынын көтөрүлүүсүАллаху тааланын өлүмгө себеп кылган оорулардан бири», - делген. (Беззар)

Ошондуктан, зарыл болгондо доктурдун кеңешин алып алдыруу пайдалуу!

Хадиси шарифте айтылган:

«Хажамат [кан алдыруу- эң жакшы эмдөө усулдарынын бири.» [Хаким]

«Күн ысыгы көтөрүлгөндө хажамат болгула! Себеби, кан басымы көтөрүлүп ооруга же өлүмгө себеп болот.» [Хаким]

«Хажамат бир канча ооруларга шыпаа. Хажамат кылдыргыла!» [Дайлами]

«Мираж түнү учурашкан ар бир периштелер тобу үммөтүмө хажаматты сунуш кылышты.» [Хаким]

«Хазрети Жабраил хажаматты ушунчалык сунуштады, аны сөзсүз зарылдуу экен деп ойлодум.» [Дайлами]

«Шыпаа берген үч нерседен бири хажамат.» [Бухари]

«Хажамат акылды көбөйтөт, эс тутумду кубаттандырат.» [Хаким]

«Баштан хажамат болуу лепра, жиндилик, ала оорусу, уйкусуроо, көз караруусу, баш жана тиш оорусуна шыпаа.» [Таберани]

«Моюндан хажамат болуу 72 ооруга даба.» [Таберани]

«Хажамат кандай жакшы адат.» [Дайлами]

«Хажамат Пайгамбарлардын адаттарынан.» [Тирмизи]

Хажамат күндөрү

Хажамат кээ бир күн жана кээ бир абалдарда пайдалуу же зыяндуу болушу мүмкүн. Хадиси шарифтерде айтылган:

«Жекшемби күнү хажамат болуу шыпаа.» [Дайлами]

«Ач карынга хажамат болуу даба, ток карынга болсо дарт.» [Дайлами]

«Араби айдын 17, 19 же 21 күнү хажамат болуу бир канча дартка шыпаа.» [Хаким]

«Айдын 17’сине туура келген Шейшенби күнү хажамат болуу бир жылдык ооруга шыпаа. [Беззар]

«Дүйшөмбү же Шейшемби күнү хажамат болгула!» [Ибни Маже]

«Шаршемби же Ишемби күнү хажамат болуп ооруга чалдыккан өзүнөн башканы күнөөлөбөсүн!» [Абу Давуд]

«Баштын чуңкурунан хажамат болуу унутчаактыкка себеп болот.» [Дайлами]

Кан алдыруунун пайдаларын үйрөнгөн адам доктурдун текшерүүсүнөн өтпөстөн тез-тез кан алдыра турган болсо зыяндуу болушу мүмкүн. Зарыл болгон өлчөмдө кан алдыруу керек! 

Хажаматтан кийин баняга кирбеш керек, коркунуч туудурушу мүмкүн. Туздуу тамак жакшы. Сүт жана айран ичпеши керек, сууну да аз ичиши керек! Шаршемби жана Ишемби күндөрү кан алдыруу макрух.

Хадис аалымдарынан бири Ишембиде кан алдырды. Ала оорусуна чалдыкты. Доктурлар эч чарасын таба алышпады. Ал зат Аллаху таалага жалбарды, ыйлады, саждага барып Раббине сыйынды. Саждада турганда уктады. Расулуллахты түшүндө көрүп дартын арыз кылды. Пайгамбарыбыз: «Бул тууралуу хадисимди укпадыңбы?» - деди. Уктум, бирок, бекемдигинде күмөндөндүм, мевду [ойдон чыгарылганболушу мүмкүн дедим. «Менден билдирилген жана хадис делген биз сөздө эмне үчүн этияттуу болбодуң?» - деп, мубарек колу менен жараларын сыйпады. Ал зат ойгонгондо оорусунан эч бир из калбагандыгын көрдү. Ошондон кийин хадиси шарифтерди мевду деп ойлоодо этияттуу кыймылдады. (Шира)

Суроо: Анализ үчүн кан берип жатканда хажаматка ниет кылуу жаизби? 

ЖООП

Ооба. Ниет кылганда сүннөт сообу алынат. 

Суроо: Текшерилүү үчүн кайсы күнү кан берүү ылайыктуу?

ЖООП

Хажамат болуу башка, текшерилүү үчүн кан алдыруу башка. Жекшемби, Дүйшөмбү, жана Шейшемби күндөрү хажамат болуу жакшы. Шаршемби жана Ишемби күндөрү макрух.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш