Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аялдардын жасануулары жаизби?




Аялдардын жасануулары жаизби?


Суроо: Аял кишинин көчөгө макияж жана такма кирпик кийип чыгуусу, атыр себинүүсү, түстүү боек колдонуусу, колуна хына сүртүүсү күнөө эмеспи?

ЖООП

Албетте, күнөө болот. Аялдын күйөөсүнөн башка бирөө үчүн жасануусу жаиз болбойт. Атыр себинүүсү дагы жаиз болбойт. Буга байланыштуу бир нече хадиси шарифти келтирели:

"Аял көчөгө чыкканда атыр жыт сүрбөсүн!” [Муслим]

"Бир аял өзүнө тарта турчу атыр сүрүнсө жана эркектер аны карашса үйүнө кайтып келгенге чейин Аллаху тааланын каарында болот.” [Таберани]

"Бир аял атыр сүрүнүп сыртка чыгып, атыр жытын сездириш үчүн бирөөлөрдүн жанынан өтсө аны караган кишиге да, өзүнө дагы зина [көз зинасы] күнөөсү жазылат.” [Несаи]

"Бир аял атыр жыттарды сүрүнүп, көздү суктанткан кооз кийимдерди кийип, бирөөлөрдүн жанынан өтсө зина [көз зинасы] болот.” [Ибни Хиббан]

"Ар бир көз зина кылышы мүмкүн. Атыр себинип көчөгө чыккан аял дагы ошондой.” [Тирмизи]

"Атыр сүргөн аял көчөгө чыгарда жунуптуктан жуунган сыяктуу жуунсун!” [Несаи]

"Бир аял атыр жыты менен намаз окуу үчүн мечитке келсе жунуптуктан гусул алгандай гусул алмайынча намазы кабыл болбойт.” [Несаи]

"Атыр жыт менен мечитке баруунун өзү жаиз болбогон болсо, башка жерлерге барып чоочун эркектерге көрүнүү күнөөсүнүн даражасын жана тарта турчу азапты ушул жерден түшүнүү керек.” (Ислам Ахлахы)

Аял күйөөсүнө болсо дагы сулуу көрүнүү үчүн жаратылышындагы келбетин көбөйтүүсү же кемитүүсү жаиз эмес. (Барика)

Эки хадиси шариф:

"Каштарын каш алгыч же башка бир аспап менен алган, жүзүн сулуу кылыш үчүн бетин чийип, Аллах жараткан келбетин өзгөрткөн лаанатталган.” [Бухари]

"Кийме чач кийген жана кийгизген, каштарын ичкерткен жана ичкерттирген, денесин чеккен жана чектирген лаанатталган.» [Бухари, Муслим]

Бир аял: «Йа, Расулаллах, үйлөнгөн кызымын оорудан улам чачтары түштү. Перук чач кийгизүүм туурабы?» - деп сураганда Расулуллах алейхиссалам: «Хак таала перук чач кийгенди жана кийгизгенди лаанаттаган», - деп буюрду. (Муслим)

Көрүнүп тургандай аялдардын ар түркүн жыт менен жана башкалар көрө тургандай кооздук, тагынуулар менен сыртка чыгуулары күнөө болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш